Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:11

Кыргыз-өзбек чек арасында түзүлгөн кырдаал кыргыз бийлигин Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна кайрылууга аргасыз кылды. Сырткы агрессиядан коргоо үчүн түзүлгөн уюм республиканын кызыкчылыгын коргоп үн ката алабы?

22-мартта Москвада Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Туруктуу кеңешинин жыйыны болду. Ал Кыргызстандын талабы менен өткөрүлдү.

ЖККУнун жооптуу өкүлү Владимир Никишин Туруктуу кеңештин жыйыны болгонун 22-мартта кечке жуук ырастап, анын жыйынтыгы боюнча маалымат кийинчерээк болорун “Азаттыкка” билдирди. Ал эми Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги тараткан маалыматка караганда, Туруктуу кеңештин мүчөлөрү кыргыз-өзбек чек арасында түзүлгөн кырдаалга тынчсыздануусун билдирген. Кырдаалды талкуулоо 23-мартта да уланат.

Кыргызстан ЖККУнун жыйынын чакыруу менен бизге каршы бир чара көрсөңөр, анда жалпы ЖККУдан жооп болорун эскертүүдө.

Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна кирген мамлекеттер кол койгон келишимдин 2-беренесине ылайык, уюмга мүчө болгон мамлекеттин кайсы биринин туруктуулугуна, аймактык бүтүндүгүнө жана эгемендүүлүгүнө коркунуч келе турган болсо, анда ага карата бирдиктүү позицияны иштеп чыгуу үчүн токтоосуз кеңеш чакырылыш керек. Эгерде кол салуу болсо, анда келишимдин 4-беренесине ылайык, ЖККУ коллективдүү коргоо чараларын көрөт.

Борбор Азия боюнча эксперт Брюс Паньер Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Туруктуу кеңеши Өзбекстанга карата конкреттүү чараларды кабыл албайт деп эсептейт:​

Өзбекстан президенти Ислам Каримов

Өзбекстан президенти Ислам Каримов

- Жамааттык коопсуздук келишими уюму Өзбекстанга каршы конкреттүү чараларды көрөт деп ойлобойм. Бирок экинчи жагынан алганда Кыргызстан ЖККУга кайрылуу менен анын Борбор Азия регионундагы кырдаалга таасир эте ала турган достору бар экенин көрсөткүсү келүүдө. Өзбекстан Орто Азия регионунда эң күчтүү армияга ээ. Алар кошуналарына дайыма мына ошол күчүн көрсөтүп келет. Ошондуктан Тажикстан тараптан да арыздар көп. Кыргызстан ЖККУнун жыйынын чакыруу менен бизге каршы бир чара көрсөңөр, анда жалпы ЖККУдан жооп болорун эскертүүдө.

Брюс Паньер Өзбекстандын кадамы Кыргызстандын ички саясатын дестабилдештирүүгө багытталыш мүмкүндүгүн четке какпайт. Анын пикиринде, Кыргызстанда оппозиция бир катар акцияларды уюштуруп жаткан мезгилде Өзбекстан дал ушул Аксы районуна жакын жерде аскерлерди, техникаларды чыгаруусу мына ошондой ойлорго түрткү берет.

Кыргызстандын мурунку тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов Бишкек Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна кайрылардан мурда Өзбекстан менен эки тараптуу сүйлөшүүгө отуруш керек эле дейт:​

Аликбек Жекшенкулов

Аликбек Жекшенкулов

- Менимче, Кыргызстан бийлиги биринчи кезекте эки тараптуу сүйлөшүүлөр өткөрсө болмок. ЖККУ жыйынында болсо жалпы кайрылуу кабыл алынышы мүмкүн. Анда ынтымакка чакыруу болот. Маселелер дипломатиялык жолдор менен чечилиш керек деген чакырыктар болушу мүмкүн. Бүгүнкү күндө андан башка эч нерсе жасалбайт. Эгерде биздин чек арага кол салып, кагылышуулар болуп кетсе анда башка сөз...

Орусиялык саясат таануучу Алексей Мухин кыргыз-өзбек чек арасында түзүлгөн кырдаал өтө кылдаттыкты талап кылат деп эсептейт.

Жамааттык коопсуздук келишими уюмунда алты мамлекет бар. Алар: Кыргызстан, Орусия, Казакстан, Тажикстан, Беларус жана Армения. Өзбекстан Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна кезинде мүчө болуп, бирок андан чыгып кеткен.

Уюмда негизги ролду Орусия ойнойт. Бул мамлекеттин аскердик базасы Кыргызстандын Кант шаарына да жайгаштырылган.

18-марттан бери Жалал-Абаддын Аксы районуна чектеш аймакта кыргыз-өзбек чек арасынын тактала элек тилкесине Өзбекстандын чек арачылары кирип алган болчу. Бул тилкенин аянты 38 гектарды түзүп, анын 1 800 метри аркылуу Кербен-Ала-Бука жолу өтөт.

Кийин кыргыз тарап да жооп кылып, ал жерге аскер техникасын жана аскерлерди жайгаштырган.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG