Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:00

Апта: Импичмент чакырыгы, санааркаткан экономика


Өмүрбек Текебаев менен Алмазбек Атамбаев.

Өмүрбек Текебаев менен Алмазбек Атамбаев.

Узап бараткан жумада “Ата Мекен” фракциясынын лидери президентке импичмент жарыялоо үчүн даярдык башталганын билдирди. Жогорку Кеңеште эмдиги жылдын бюджети талкууланды. Анкара-Брюссель ортосундагы олку-солкулук кайда алып барат?

Импичмент канчалык реалдуу?

Узап бараткан жуманын башында “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев президент Алмазбек Атамбаевге импичмент жарыялоо максатында материал топтоого киришкенин жарыялады. Импичмент жарыялоого негиз болуп бере турган жагдай тууралуу Өмүрбек Текебаев буларды айтты:

- Президент өзүнө ыйгарылган арбитрдик, калыстык милдетинен тайып, бир саясий күчкө жан тартып, эң негизгиси өзү жана айланасындагылар конституциялык компетенциясынын чегинен чыгып, мамлекеттик иштерге аралаша баштады деп айтып келгем. Ошондуктан мен бүгүн, жарандык коомго, депутаттарга кайрылып, президентке импичмент жарыялоо үчүн документтерди топтоо башталды деп билдиргим келет.

Өмүрбек Текебаевге чейин президент Конституциянын чегинен чыгууда, ага карата Жогорку Кеңеш чара көрүш керек деген билдирүүнү парламент трибунасынан “Кыргызстан” фракциясынын мурунку лидери Канат Исаев жасаган. Ал президент Алмазбек Атамбаев КСДП саясий кеңешинин мүчөлөрүн мамлекеттик кызматтарга дайындаганын, шайлоо жараянын каржылаганын билдирүү менен ага аралашканын моюнга алды деген жүйөнү келтирген эле.

Исаев президенттин кадр саясатын сынга алды

Жогорку Кеңештеги “Кыргызстан” фракциясынын депутаты Канатбек Исаев президент Алмазбек Атамбаевди кадр саясатына байланыштуу Баш мыйзамды бузуп жатат деп айыптады.

Мунун өзү парламентте бери дегенде эки депутат импичмент жарыялоого даяр дегенди билдирет. Импичмент жарыялоонун жол-жобосу Конституциянын 67-беренесинде жазылган. Ага ылайык, президенттин кылмыш жасаганы боюнча Жогорку Кеңештин айыптоосу Башкы прокурордун корутундусу менен бекемделиши керек. Айыптоо болсо депутаттардын 1/3 тарабынан коюлуп, жөнөкөй көпчүлүк добуш менен кабыл алынат. Президентти кызматтан четтетүү болсо депутаттардын 2/3 добушу менен айып коюлгандан кийин үч айдан кечикпей кабыл алынууга тийиш.

Ошентип, импичмент жараянын баштоо үчүн 120 депутаттын 1/3 болгон 40 депутаттын макулдугу керек. Ошондуктан мынча сандагы депутаттын импичмент жараянын колдоосу кыйын деген пикирлер арбын. Бирок өлкөдө кырдаалдын курчушу же татаалдашы андай жараяндын ылдамдашына жол ачышы ыктымал дегендер да жок эмес.

“Ата Мекендин” лидери импичмент жараянын ишке ашыруу кыйындыгын түшүнөт. Бирок, анын саясий натыйжасына чоң маани берип жаткандай. Бул кырдаалга “арстан алганына эмес, чалганына кубанат” деген лакап туура келчүдөй. Текебаевдин импичменти ар кандай жаңжалдардан жабыркаган президент үчүн дагы бир саясий сокку. Ошондуктан импичмент жараянынын саясий өңүтү көбүрөөк дегенге болот.

Президент тараптан Өмүрбек Текебаевдин импичмент жараянына жооп болду. Мамлекет башчысынын маалымат кызматы Текебаевдин демилгесине олуттуу маани берүүнүн эч кандай зарылдыгы жоктугун көрсөтүү максатында аны Кубанычбек Апас жана Нурлан Мотуевдердин билдирүүлөрү менен теңеди.

КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов импичмент үчүн эч кандай негиз жок деген пикирде:

- Бүгүн президент Конституциянын гаранты. Ал эми президентке импичмент жарыялоого бүгүнкү күнү эч кандай себеп жок. Эч кандай кылмыш болобу же болбосо президент тарабынан Конституциянын бир дагы беренесин бузууга шек кеткен жок. Ошондуктан аны мен каралоо деп эсептеймин.

КСДП фракциясынын лидери президент Алмазбек Атамбаев журт башы экенин, ал жалпы эл тарабынан шайланганын кошумчалады.

Өмүрбек Текебаевге да бийлик тараптан “белек” даярдалууда. КСДПнын мүчөсү Анвар Артыков жетектеген депутаттык комиссия мародерчулук, банк уячаларын тоноо жана башка чуулгандуу иштер боюнча иштеп жатканы маалым. Комиссия иштин көптүгүнө байланыштуу иликтөөгө кошумча убакыт сурап, ал канааттандырылды. “Ата Мекендин” лидери бул жагынан “балта көтөрүлгөнчө дөңгөч эс алат” болуп турган кезде өзүнүн мурунку партиялашы Ташполот Балтабаев тарабынан сокку алды.

Экс-депутат, медицина илимдеринин доктору Ташполот Балтабаев президенттик аппарат тарабынан көзөмөлдөнөт делген "Вечерний Бишкек" гезитиндеги маегинде Өмүрбек Текебаев "бийликке келгенден кийин саясаттан бизнес жасоого өтүп, 2015-жылы партия тизмесиндеги орундарды акчага сатканын" айтып чыкты. Талапкерлер берген акчасына жараша партиялык тизмедеги орундарды алаары акыркы кездердеги шайлоодогу көпчүлүк партиялардагы көнүмүш көрүнүшкө айланган.

Жарымы жалган, жарымы чын...

Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге шайлоо өнөктүгү жүрүүдө. Талапкерлер жана партиялар “асмандан ай алып берүүгө” убадаларды аянбай беришет.

Ал эми Жогорку Кеңеште калктын калың катмарынын турмушуна түз тиешеси бар келерки жылдын бюджет долбоору каралууда. 25-ноябрда парламенттин бюджет жана финансы комитетинде бюджет боюнча угууларда келерки жылдын бюджетинин параметрлери боюнча маалымат берилди. Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков жана каржы министри Адылбек Касымалиевдин маалыматы боюнча, келерки жылдын бюджетинин кирешеси 127 млрд сомго жакын, чыгашасы 150 млрд сомдон ашуун деп белгиленди. Тартыштык болсо 23 млрд сомдон ашып, ал ИДПнын 4,7% түзөт.​

Республиканын быйылкы жылкы бюджети да дээрлик 23 млрд сом тартыштык менен кабыл алынган. Анда киреше 124 млрд сом, чыгаша 147 млрд сом деп белгиленген болчу. Бирок тартыштык өлчөмү белгиленгенден көп болуп, өкмөт бюджеттин чыгашаларын секвестирлөөгө аргасыз болгон.

Негизи эле Кыргызстанда бюджет түзүү жана экономиканы прогноздоодо алешемдиктерге көп жол берилери белгилүү. Маселен, быйылкы жылдын бюджети кабыл алынып жатканда өкмөт экономика 5,2% өсөт деп болжогон. Бирок ички дүң продукциянын өсүшү жыл башынан бери тескери болуп келди. Акыркы айларда ИДП өсө баштаганы Улуттук статистикалык комитеттин маалыматында айтылат. Ал маалыматка ылайык, он айдын ичинде республиканын ИДПсы 2,7% өскөн. Демек, өткөн жылы бюджет кабыл алынып жатканда белгиленген 5,2% өсүшкө жетүү мүмкүн эмес. Дагы бир жагдай, өкмөт өнөр жайы быйыл 9%дан ашуун өсүш берет деп болжогон, бирок он айдын жыйынтыгы боюнча бул тармак минус көрсөткүчүндө турат. Жеңил өнөр жай, курулуш тармактары боюнча да ушундай эле көрүнүш.

Өкмөт экономикадагы тескери көрүнүштү көбүнчө дүйнөлүк кризис менен байланыштырат. Бирок бул жаңылыштык экенин дүйнөлүк экономиканын өсүшү быйыл 3,2% болуп жатканын билдирген Эл аралык валюта корунун маалыматы эле тастыктайт. Экономикалык кризис Орусия, Казакстан жана Беларус сыяктуу Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигиндеги өнөктөрүндө жүрүүдө.

Ынтымагы ыдыраган улуу дөөлөттөр

Дүйнөлүк саясатта узап бараткан жумада орчун окуялар Кошмо Штаттар, Түркия, Европа жана Орусиянын саясий жүрүштөрүнө байланыштуу болду.

Дональд Трамп.

Дональд Трамп.

Кошмо Штаттардын шайланган президенти Дональд Трамп президенттик кызматка киришкенден кийин аткара турган иштерине токтолуп, АКШ быйыл февраль айында кол коюлган Транс-Тынч океан өнөктөштүгү келишиминен чыгарын билдирди. Жапониянын өкмөт башчысы Синдзо Абэ Кошмо Штаттардын келишимден чыгуусу менен өнөктөштүктүн мааниси жоголорун айтты. Демек, дүйнөлүк ИДПнын 40% жакынын түзгөн өлкөлөрдүн Транс-Тынч океан өнөктөштүгүнүн келечеги туңгуюк. Бул келишим аркылуу уюмга кирген өлкөлөр эркин соода жүргүзүүнү көздөп жатышкан. Дональд Трамп бул келишим Кошмо Штаттардын кызыкчылыгына каршы келет деп, бардык өлкөлөр менен эки тараптуу соода келишимин түзүүнү жактоодо. Ал бардык маселелерде Американын кызыкчылыгы алдыда болуш керек деген принципти карманат:

- Менин максатым бир эле принципке негизделет - ал Американы биринчи орунга коюу. Темир өндүрүшү болобу, автомобиль жасообу же саламаттык сактоо тармагыбы, келечектин өндүрүшү жана инновация мына ушул жерде, биздин Ата Мекенибиз Америкада болуш керек. Америкалык эмгекчилер үчүн жумуш орундарын түзүп, байлыгын арттырыш керек.

Келишпестик жана кайым айтышуулар Европа Биримдиги менен Түркиянын ортосунда узап бараткан жумада жаңы баскычка чыкты. Европарламент Түркияны Европа Биримдигине мүчөлүккө кабыл алуу боюнча сүйлөшүүнү токтотууга добуш берди. Европа депутаттары 15-июлдагы төңкөрүш аракетинен кийин Түркияда кабыл алынган чараларды өтө эле катаал деп, Түркиянын өлүм жазасын кайра киргизүү аракетин сынга алган. Анкара менен Брюсселдин ортосундагы карама-каршылык күрт маселесинде да курчуп турат.

Европарламенттин Түркия боюнча чечими сөзсүз эле аткарылыш керек деш туура эмес. Бирок бул добуш берүү ансыз да аксап келе жаткан Түркия менен Европа Биримдигинин ортосундагы сүйлөшүүнү тоңдурууга өбөлгө түзбөй койбойт.

Германия канцлери Ангела Меркел Түркия менен диалогду сактоо зарылдыгын белгиледи:

- Түркиянын терроризмге каршы күрөш жарыялоосу сөз эркиндигин чектөөнү, миңдеген кишилерди камакка алууну актабайт. Биз мындай нерселерди ачык жана так сынга алып, ошол эле учурда Түркия менен диалогду колдошубуз керек.

Ангела Меркел.

Ангела Меркел.

​Европарламенттин добуш берүүсүнө Түркиядан кескин жооп болду. Президент Режеп Тайып Эрдоган Түркия чек араларды ачып качкындардын Европага карай агылуусуна жолтоо кылбашы мүмкүн экенин эскертти. Эки тарап быйыл жыл башында мигранттар боюнча келишимге жетишкен. Түркия мигранттарды өз чегинде кармап, айрымдарын кайра кабыл алууга макул болгон. Европа өз кезегинде Анкарага финансылык жардам берип, Түркия жарандарына визасыз режим ачууга милдеттенме алган. Булардын баары эми бузулуу алдында турат же бузулду десе болот.

Европа Биримдиги менен мына ушундай карама-каршылыктарга байланыштуу түрк президенти Түркияга альтернатива бар экенин, өлкө Шанхай кызматташтык уюмуна кире аларын билдирди. Түркиянын бул ниетине ШКУнун эң таасирдүү мүчөлөрүнүн бири Кытайдан оң жооп болду.

Батыш менен Орусиянын карама-каршылыгы болсо коопсуздук багытында болууда. Москванын Калининград аймагына С-400, "Искандер" ракеталарын жайгаштыруусу жөнүндөгү маалыматтар НАТОнун сынын жаратты. НАТО бул чечим Европадагы коопсуздукка бүлгүн саларын эскертти. Москва өз кезегинде мындай чара НАТОнун Орусиянын чек арасына карай жайылуусуна каршы көрүлгөн аракет экенин айтууда.

НАТО менен Орусиянын ортосундагы мына ушундай келишпестиктер, Сирия маселеси АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамп менен орус президенти Владимир Путиндин тил табышуусуна кандай таасир этет? АКШдагы үгүт өнөктүгү учурунда бири-бирин мактап-жактаган лидерлер реалдуу саясатка келгенде кандай болот деген санаркоолор жок эмес.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG