Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:54

Өкмөт элди электрди үнөмдөөгө чакырды


Кыргызстан. Ош шаары.
Кыргызстан. Ош шаары.

Кыргыз өкмөтү кышкысын элди жана өзгөчө маанилүү объекттерди электр кубаты жок калтырбастын аргасын кылып, бир катар кескин чараларды көрүү чечимин кабыл алды.

Премьер-министр Жоомарт Оторбаев жума күнү жалпы кыргызстандыктарга кайрылуу жасап, электр кубатын үнөмдөөнү жана кышка көмүр камдап алууну суранды.

Жоомарт Оторбаевдин калкка кайрылуусунда, электр кубаты кышкысын үзгүлтүккө учурабашы үчүн өкмөт биринчи кезекте көрө турган негизги төрт чараны белгиледи. Ошентип өкмөт турак үйдү жылытууга багытталган 3 фазалуу жабдууну өчүрүү, электр жылыткычтарга тыюу салынып, сауна, көңүл ачуучу, автомобил жуучу жайларды жылытуунун башка түрлөрүнө которуу, ишканалар металл эритүү максатында электр кубатын колдонгон жабдыктарын токтотуусу зарыл деп жатат. Курулуш объекттерине болсо күзөт үчүн жарыктан башка иштерге электрди колдонууга чектөө кирмекчи.

Энергетика министри Осмонбек Артыкбаевдин ишендиргенине караганда, өкмөт мындай чараларды жалпы калкты энергия менен үзгүлтүксүз камтуу максатында көрүп жатат:

- Элдин баарында эле жарык өчпөйт. Бирок 3 фазаны, жылуулукту өчүрөбүз. Ал эми элде кадимки эле жарык болот. Кышкысын элдин муздаткычы, телевизору иштейт. 3 фазадагылар булар жалпы элдин 10 пайызын түзүп, энергиянын 50 пайызын жагып жатат. Ошону үнөмдөйбүз.

Кыргызстанда жалпы электр энергиясын керектөөчүлөрдүн саны 1 миллион 200 миң анын ичинен 3 фаза колдонгондордун саны 123 миңди түзөт. Кыш айларында жалпы калк керектеген энергиянын 48 пайызын 3 фазалуулар колдонот. Бул калыстыкка жатпайт дейт министр:

- Колунан келген адамдар 30-40 миң кВт/саат жагып, 70 тыйындан төлөйт. Калганын өкмөт төлөп калып жатпайбы. Мисалы, карапайым эл 300 кВт/саат жагат. Ага өкмөт 100 сом жардам кылат. Байлар, көп жаккандар үчүн мамлекет 15 миң сомго чейин төлөп берет. Ушул адилеттүүлүкпү?

Премьер-министр болсо өз кайрылуусунда үч фазалуу жабдык аркылуу электр энергиясын пайдалангандарга быйыл көмүр сунуштап, отундун бул түрүнө баа Монополияга каршы кызматы тарабынан көзөмөлдөнөт, ошондой эле газ менен жабдуу боюнча кошумча чаралар көрүлөт деп убада кылды.

Талдоочулар өкмөттүн бул чаралары электр кубатын пайдалануучуларга бир топ моралдык жана материалдык чыгымдарды алып келип, социалдык-экономикалык жагдай оорлошуп кетиши мүмкүн деп жатышат. Биринчи кезекте бул көмүрдүн, суюлтулган газдын баасына таасир этери анык. Мындан тышкары тейлөө тармактарына, коомдук ашканаларды иштеткендерге тоскоолдук жаратат. Менчик ашканалардын бирин иштеткен Миргүл быйыл бизнесим эмне болот деп сарсанаага батууда. Себеби, анын үч фазага ылайыкташкан кафеси көмүр же отун жагып жылытууга ыңгайлашкан эмес.

- Биздин кафе жалаң электр менен иштейт. Бардык жылытуучу мештерим ошого ыңгайлашкан. Анан мен кантип кышы бою көмүр жагам?

Ал эми энергетика боюнча көз карандысыз адис Жаныбек Оморов өкмөттүн акыркы кадамдарын экономиканы өнүктүрүүгө эмес, өлбөстүн күнүн көрүүгө багытталган саясат катары баалады:

- Ушундай абалга келдик. Эми бул туура эмес. Экономиканын өсүшү эле токтойт да. Мындай кадам бардык жагынан терс таасирин тийгизет. Энергосистеманы түп-тамыры менен эртелеп өзгөртүү керек эле. Эми бул өнүгүүнүн жолу эмес, эптеп эле күнүмдүк оокат болуп жатпайбы.

Өкмөт болсо бул чечимин электр кубатына суроо-талаптын күчөшүнөн, кургакчылыкка байланыштуу суунун тартыштыгынан келип чыккан убактылуу, аргасыз чара деп түшүндүрүүдө.

Расмий маалыматка караганда Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү жылдагыдан 3,5 млрд. куб метрге аз. Таңсыктыкты азайтуу үчүн өкмөт азыр Казакстан менен Тажикстандан кошумча 500 млн. кВт/сааттан энергия сурап жатат.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG