Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:43

Түркия диний кырдаалды жөндөөгө көмөктөшөт


Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев менен Түркия прмьери Режеп Тайип Эрдоган.

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев менен Түркия прмьери Режеп Тайип Эрдоган.

Кыргызстан - Түркия ортосунда диний жана башка тармактарда өз ара алака-катыш жанданарын президент Атамбаев Бодрум шаарында түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык саммитинен кийин билдирди.

Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаев Бодрум шаарында түрк тилдүү мамлекеттер кызматташтык саммитинен кийин журналисттерге билдирди. Дагы башка тармактарда өз ара алака - катыш жанданарын айтты. Атамбаев Алайдагы жол тосуулар боюнча да комментарий бере кетти.

Бодрумдагы саммитке беш өлкөнүн президенти катышты. Анда өз ара инвестициялык фонд түзүү сунушу айтылды.

Президент Алмазбек Атамбаев саммиттен кийин журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып Түркиядагы сапары жемиштүү болгонун кабарлады. Андагы негизги макулдашууларды айтып берди:

- Жыл сайын Кыргызстандан тиешелүү медициналык жардам ала албаган 100 жараныбызды Түркияда бекер дарылатып турууну макулдаштык. Бизде өз күчү менен ар кандай операцияларга 40 миң, 100 миң, 20-50 миң доллардан чогултуп жүрүшпөйбү. Эми Түркияга жол киресин гана төлөп барып, бекер дарылана алууга шарт түзүлдү. Өзүңөргө белгилүү болгондой азыр жол кире деле кыйла арзандап калды. Бул жүз адамга айыгып алганга үмүт берүү берүү дегенди билдирет. Андан сырткары түрк тарап Ленин атындагы музейди оңдоп-түзөө үчүн 15 миллиондон ашык доллар бермей болду. Биз оңдоонун долбоорун даярдап койгонбуз. Буюрса менин президенттик кызмат мөөнөтүм аяктаганга чейин музей жаңырып калат. Андан сырткары биз дин тармагын реформалоо маселелери боюнча чоң колдоо таптык. Өзүңөр билгендей дин тармагын реформалоону каржылоо үчүн “Ыйман” фондун түзгөнбүз. Маселе өтө татаал. Адаттагыдай эле акчабыз жок. Бизге 10 миллион доллар убада кылышты.

Түрк тилдүү мамлекеттердин башчылары.

Түрк тилдүү мамлекеттердин башчылары.



Түркиядагы саммиттен кийин президент Алайда Акматбек Келдибековдун тарапкерлеринин жол тосуп жатканы боюнча комментарий берип өттү. Бул окуя боюнча күнөөлүүлөр жоопко тартылышы керектигин эскертти. Келдибеков эгер күнөөлүү эмес болсо, сот процесси тезирээк болушуна кызыкдар болмоктугун, эгер күнөөлүү эместигинен шектенсе, тергөөгө тоскоол кылаарын кыйытты. Өкмөт бул кырдаалдан курал колдонбой чыгаарына ишенерин айтты.

Коомдук ишмер Эдил Байсалов “Азаттыктагы” маегинде тили да, маданияты да жакын мамлекеттер ар кыл багытта кызматташтыгын бекемдеши зарылдыгына токтолду. Айрыкча расмий Бишкектин Анкара менен дин чөйрөсүндөгү алака-катышынын маанилүүлүгүн белгиледи:

- Биздин масхаб жагынан алганда Түркиядан жакын мамлекет жок. Акыркы кезде исламбы же демократиябы деп бири-бирине карама-каршы коюп, “бөйрөктөн шыйрак чыгарган” чала молдолор көбөйдү. Ошолорго биз “эгер демократияны издейм десең, Түркиядан, Ирандан, Малайзиядан изде” деп айтышыбыз керек. Ал жерде эч кандай карама-каршылык жок дегендин үлгүсү, ийгиликтүү мисалы - булТүркия. Экинчиден, Бажы биримдигине кирсек, Орусияга кошулуп, бара-бара эгемендигибизди жоготобуз деген коркунучтар болуп жатат. Эгер казак президенти Нурсултан Назарбаевдин кыялы ишке ашып, Түркия дагы Бажы биримдигине кирсе, ушундай эгемендигибизди жоготобуз деген коркунучтар азаят эле. Тышкы саясаттагы көп багыттуу деген формулада Түркиянын орду айрыкча биз үчүн абдан чоң.

Талдоочу Закир Чотаевдин баамында, ушул тушта кыргыз-түрк алака-катышы бир ийге келип калды. Тараптар кызматташууда сөздөн ишке өтүүдө:

- Ушул тушта тараптар жигердүү кызматташып жаткан чөйрөлөр бар. Бул билим берүү, маданий-социалдык жана башка тармактар. Түрк тилдүү мамлекеттер саммити бул бул мамлекеттердин кызматташтыгын бекемдеген, өнүктүргөн жаңы аянт. Бул аянттын алкагында Кыргызстан, Казакстан жана Түркия тыгыз кызматташып келет. Ал эми Өзбекстан менен Түркмөнстандын кызыгуусу анчейин деле байкалбайт. Мисалы, Өзбекстан менен Түркиянын мамилеси начар. Саммит Кыргызстан менен Казакстанга тышкы саясаттагы кошумча мүмкүнчүлүк, алака-катыштын аянты болуп берет.

Түрк тилдүү мамлекет башчыларынын алгачкы саммити 2010-жылы болгон. Былтыр иш-чараны Азербайжан уюштурган. Габаладагы саммитте негизинен туризм тармагына басым жасалган. Президент Алмазбек Атамбаев бул өлкөлөрдү бириктирген темир жол куруу сунушу менен чыккан эле.

Кыргызстанда быйыл түрк дүйнөсүнө байланыштуу айрым маанилүү иш-чаралар белгиленген. Бишкекте түрк тилдүү мамлекеттердин архитектурасы жана шаар курулушу боюнча эл аралык курултай болот. Ошондой эле көчмөндөрдүн дүйнөлүк оюндары өтөт.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG