Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:16

Астанада Сирия боюнча сүйлөшүүлөр башталды


Сирия өкмөтүнүн сүйлөшүүгө келген делегациясы. Астана, 23-январь, 2017-жыл.
Сирия өкмөтүнүн сүйлөшүүгө келген делегациясы. Астана, 23-январь, 2017-жыл.

Бүгүн башталган сүйлөшүүлөргө Сирия өкмөтүнүн жана оппозициясынын өкүлдөрү катышууда.

Ага Орусия, Иран, Түркия ортомчулук кылып, АКШнын Казакстандагы элчиси, БУУнун атайын чабарманы Стефан де Мистура байкоо салышууда.

Казак борборунда да сүйлөшүү үчүн сириялык эки делегация чогуу олтуруусу керекпи же жокпу деген маселе чыгып, бирок натыйжада “Интерфакс” агенттигинин кабарына караганда, Сириянын өкмөттүк делегациясы Ирандын, ал эми оппозиция Түркиянын өкүлдөрү менен олтурат.

Астана сүйлөшүүлөрүнүн баштапкы максаты - ок атышууну токтотуу боюнча былтыр декабрда жетишилген макулдашууну бекемдөө жана Сирия жаңжалын жөнгөрүү боюнча Женевада башталган жараянды алга жылдыруу.

Женева сүйлөшүүлөрүнүн кийинки айлампасы болсо 8-февралга мерчемделүүдө. (UE)

XS
SM
MD
LG