Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:59

Апта: Дүрбөткөн Жерүй пулу, футбол жана кумалак...


Кыргызстан-Австралия футбол беттеши. 16-июнь, 2015-жыл
Кыргызстан-Австралия футбол беттеши. 16-июнь, 2015-жыл

Узап бараткан жумада кыргыз футболу дарамети бар экенин көрсөттү. Өкмөт бюджетке өзгөртүү киргизип, кирешесинен тартыштыгын көбөйттү.

Кыргызстан менен Орусия ооган коркунучуна биргелешип каршы турууну белгилешти.

ЕАЭБди эрчиген сапарлар

Узап бараткан жумада Кыргызстандын тышкы саясатында мурда кабыл алынган чечимдерге байланыштуу бир катар сапарлар жасалды. Алардын көпчүлүгү Орусия жетектеген интеграциялык долбоорго байланыштуу болду.

18-июнда президент Алмазбек Атамбаев Санкт-Петербург шаарында өткөн экономикалык форумга катышты. Санкт-Петербургда Атамбаев орус президенти Владимир Путин менен жолугушуп, кыргыз-орус кызматташуусунун соода-экономикалык, инвестициялык жана отун-энергетикалык тармактардагы актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Алмазбек Атамбаев менен Владимир Путин
Алмазбек Атамбаев менен Владимир Путин

Жолугушуунун жүрүшүндө мамлекет башчылары Кыргызстанда ишке ашырылып жаткан биргелешкен долбоорлордун жана макулдашуулардын аткарылышын талдап, аларды өз мөөнөтүндө ишке ашыруунун маанисин белгилешкени айтылды.

Мындан тышкары Алмазбек Атамбаев “Газпром” ачык акционердик коомунун төрагасы Алексей Миллер менен жолугуп, Кыргызстандын энергетикалык секторуна салына турган инвестициялар, газ тармагын өнүктүрүү жана ири шаар, облус-райондордо дене тарбия-дарылоо комплекстерин куруу планын талкуулаган.

Интеграциялык жараянды тездетүү максатында Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков 16-июнда Астанада казак парламентинин төрагасы Кабибулла Жакупов, өкмөт башчы Карим Масимов менен сүйлөштү. Казак тарап Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине кирүүсү боюнча келишимди ратификациялоону тездетүүгө убада берген.

Астанада Жээнбеков Беларус парламентинин төрагасы Владимир Андрейченко менен жолугушуп, анда да келишимди ратификациялоону тездетүү сүйлөшүлгөн. Бул арада Армения парламенти келишимди ратификациялаганы маалым болду.

Астанага барган парламенттик делегациясынын мүчөсү, “Республика” фракциясынын лидери Максат Сабиров өнөктөш мамлекеттерде келишимди ратификациялоонун жүрүшү тууралуу буларды маалымдады:

- Беларус парламентинин төрагасы 25-26-июнга карай бүтөт, ратификацияланат деп айтты. Казакстан парламенти да өкмөттү күтүп жатышканын айтышты. Өкмөттө азыр макулдашуулар, сүйлөшүүлөр болуп атыптыр. Өкмөт алып келсе, парламент карап, колдоп берүүгө даярдыгын билдиришти. Орусия Думасынын күн тартибине киргизилип, карап атышканы маалым.

Белгилүү болгондой, Евразия экономикалык биримдигине кирген мамлекеттердин парламенттери келишимди ратификациялагандан кийин Кыргызстан Биримдиктин толук кандуу мүчөсү болуп калат. Бул жараян июль айында бүтүп калыш мүмкүндүгүн Максат Сабиров белгиледи.

Москва Кыргызстанга, Вашингтон Өзбекстанга...

Москвада Кыргызстандын коргоо министри Абибилла Кудайбердиев Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу менен 16-июнда жолугушту. Анда Шойгу “Кыргызстан менен аскердик багытта кызматташууга артыкчылык берилет. Биздин кызматташуу Борбор Азия регионунда туруктуулукту сактоодо олуттуу факторго ээ жана Ооганстандан келе турган коркунучтарга даяр болушубуз керек” деп белгилеген. Сергей Шойгу ошондой эле Кыргызстанга заманбап курал берүү боюнча келишимге жетишилгенин да кошумчалаган.

Абибилла Кудайбердиев Москвада сүйлөшүү жүргүзүп жаткан мезгилде ооган-тажик чек арасында "Ислам мамлекети" террорчул тобунун 1.5 миңдей жоочулары жүргөнү, алардын Борбор Азия регионунун эле эмес, Кытай жана Орусиянын коопсуздугуна да коркунуч туудурары кабарланды.

Өзбекстан менен Ооганстан чектешкен аймактарда да жоочулар жүргөнү, бирок алардын саны аз экени, расмий Ташкен кырдаалды толук көзөмөлдөп турганы эл аралык маалымат каражаттарында маалымдалды. Өзбекстан маалымат каражаттары ошондой эле АКШ Өзбекстанга сооттолгон автоунааларды өткөрүп берүүнү аяктарын жарыялады. Вашингтон Ташкенге 328 автоунаа бере турган болгон.

Кыргызстандын Орусиядан курал-жарак алып жатышына Өзбекстан шектүү караса, Кыргызстан Ташкендин аскердик мүмкүнчүлүгү көбөйүшүнө, саясий багыттагы билдирүүлөрүнөн чочулап турат. Натыйжада эки ортодо окчундоо, ал эми риторикаларда карама-каршылык мүнөз басымдуулук кылып баратат.

Маселен, Өзбекстан президенти Ислам Каримовдун Бириккен улуттар уюмунун баш катчысы Пан Ги Мун менен жолугушууда "Ош коогасын согушка теңеп, андан кыргыз бийлиги жыйынтык чыгарбады, окуя эл аралык деңгээлде иликтениш керек" деген сөздөрү, ага чейин 8-майда Москвада президент Алмазбек Атамбаевге карата урмат-сыйсыз мамилеси эки мамлекеттин мамилесинин абалынан кабар берет.

Эки кошуна мамлекеттин мамилесинде мындай абалдын түзүлүшүнө Орусия менен АКШнын геосаясий тирешүүлөрү терс салымын кошуп жатканы байкалат.

Депутаттарды Жерүй акчасы дүбүрөттү...

Жогорку Кеңеш 19-июнда быйылкы жылдын бюджетине өзгөртүү жана кошумча киргизүү боюнча мыйзам долбоорун жактырды. Долбоор боюнча өкмөт башчы Темир Сариев, каржы министри Адылбек Касымалиев маалымат берди. Өкмөт башчы Темир Сариев бюджеттин кирешеси 7.5 млрд. сомго көбөйтүлгөнүн кабарлап, депутаттардын бүйүрүн бир топ кызытты. Ошондуктан депутаттар бюджеттин тартыштыгы 15 млрд. сомго көбөйтүлүп, 25 млрд. сомго жеткенине, инфляция болсо 11% ашарына көңүл бөлбөй, пайда болгон акчаны бөлүү кызыгына киришти.

Каржы министри Адылбек Касымалиев экономикалык көрсөткүчтөрдүн төмөндөшү тууралуу буларды айтты:

- Ички дүң продукциянын өсүшү бекитилген 6.2 пайыздан 2% деңгээлге түшүп жатат. Анын ичинде кайра өндүрүү, энергетика, газ, жылуулук тармактарында өсүш 8% эмес, 1.5% түшөт. Кызмат көрсөтүү тармагы 5.1% өсүштүн ордуна, 2.9% болот. Курулуш мурда бекитилген 18.6% эмес, 5.5% өсөт. Инфляция бекитилгендей 8.7% эмес, 11.3% деңгээлинде күтүлүүдө. Экспорттун басаңдашы дагы күтүлүп жатат.

Депутаттарды экономикадагы мындай төмөндөөлөр, алардын себептери кызыктарган жок. Алар кайсы бир көпүрө, чала бүткөн мектеп маселесин көтөрүп жатышты.

Жогорку Кеңештин депутаты Равшан Жээнбеков бюджеттин кирешесинин көбөйүш булагын атады:

Равшан Жээнбеков
Равшан Жээнбеков

- Жерүйдөн түшө турган акчаны бюджеттин киреше бөлүгүнө киргизип, ошону алып келип, бюджеттин кирешесин көтөрдүк деп мактанып жатышат. Биз киреше бөлүктү салыкты башкаруудан көбөйтүп жаткан жокпуз, жаңы ишканаларды ачып, ошолордун арты менен салык көбөйүп жаткан жокпуз. Жөн гана бир нерсени сатып, ошол акчаны киреше бөлүгүнө киргизип алып мактанып атабыз.

Равшан Жээнбеков Жерүйдөн бир жолу түшө турган каражат менен айлык акы, пенсияны көбөйтүү туура эмес деп эсептейт. Белгилүү болгондой, өкмөт сентябрь айынан тарта мугалимдердин айлык акысын көбөйтүүгө 2 млрд. сомдон ашуун каражат бөлүп жатат.

Мурунку каржы министри Акылбек Жапаров бюджеттин тартыштыгын көбөйтүү инфляциянын күчөшүнө жана улуттук валюта - сомдун туруктуулугуна коркунуч, соңунда келип элде жакырчылыктын көбөйүшүнө алып келерин эскертет:

- Инфляция, тартыштык көбөйүп атат. Бул биздин сомдун туруктуулугуна чоң сокку урат. Эгерде бюджетте чыгаша көп болуп, киреше азайып атса, биздин сомубуз алсырайт. Ансыз деле Улуттук банкта резерв 600-700 млн. долларга азайып кетти. Бүгүнкү күндө Улуттук банк менен өкмөттүн ортосунда жакшы макулдашылган макроэкономикалык саясат жок болуп жатат.

Акылбек Жапаров Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине кирип баратканын, ал жерде кризиске каршы күрөштүн каражаты катары бюджеттин тартыштыгын үч жылдын ичинде нөлгө жеткирүүнү пландаштырганын эске салды. "Орусия жана Казакстан өкмөттөрү ал саясаттын негизинде чыгашаны кыскартып жатса, Кыргызстан тартыштыкты тескерисинче көбөйтүп жатканы түшүнүксүз", деп кошумчалады Жапаров .

Иштетилиш келечеги татаалдап турган Жерүй кенинен түшө турган акчаны эмитен эле бөлүштүрүү туура эмес дейт Жапаров:

- Бул акчаны өзүнчө эсеп ачып, Улуттук банкта кармап туруш керек эле. Анткени мунун арты эмне менен бүтөрүн бир кудай билбесе, андан башка эч ким билбейт. Анан негизи эле кендерден түшкөн акча өнүгүүгө жумшалыш керек. Ошол эле 100 млн. долларга жашылча-жемиштерди сактагычтарды, төө буурачакты кайра иштетүүчү заводдорду курса, элдин маанайы да башкача болот деп ойлойм.

"Ата Мекен" Таласта Жерүйдү иштетүүгө каршылар көптүгүн кабарлады.

Жерүй алтын кенин иштетүүгө Таласта жергиликтүү калктын бир бөлүгү каршы чыгып жатат. Талас облусунда таасири бир топ күчтүү “Ата Мекен” партиясы 17-майда Талас шаарында жыйын курду. Жыйындын катышуучулары Кумтөр маселесин чечкенге чейин Жерүйдү жайына коюу талаптарын коюшканы кабарланды.

Жергиликтүү калк Жерүй иштетилсе, экологиялык зыяны чоң болот деп чочулоодо. Ошондуктан “Ата Мекен” партиясы кенди цианидсиз иштетүү чечимин жактырды дейт партия лидери Өмүрбек Текебаев:

- Таластыктар үчүн өтө актуалдуу болгон Жерүй кенин иштетүү боюнча маселе көтөрүлдү. Негизинен сүйлөгөндөрдүн көпчүлүгү Жерүй кени Кыргызстандын кызыкчылыгы үчүн иштеш керек, бүгүнкү бийлик Кумтөр маселесин чечүүгө жөндөмсүз болуп атат, Жерүйдү деле ошентип алдап, Кыргызстандын экологиясына зыяны тийип калышы мүмкүн. Ошондуктан Кыргызстан цианидсиз өлкө болсун, алтын иштетүүдө цианид колдонулбасын деген чечим чыгарды. Бул деген сөз Жерүй иштебейт дегенди билдирет.

Албетте, бийлик жана өкмөт Жерүйдү иштетүүнү жактап, ошон үчүн конкурс өткөрүп, 100 млн. долларга сатышты. Алар Жерүйдөн түшө турган мына ошол акчаны бөлүштүрүп, шайлоо алдында упай алууга “ак эткенде так этип” турушат.

Мыкты футбол, начар уюштуруу...

16-июнда Бишкекте футбол боюнча Кыргызстан менен Австралиянын курама командаларынын беттешүүсү болду. Оюн 2-1 эсебинде коноктордун жеңиши менен аяктады.

Бирок кыргызстандык футболчулар оюн талаасында 2006-жылкы Азиянын эң мыкты командасы, 2010, 2014-жылдагы дүйнөлүк чемпионаттын катышуучусу менен беттешүүдө абдаарып калбай, тескерисинче жан калбай күрөшүп, алдыга умтулуп, көп учурларда артыкчылыгын көрсөтүп жатты.

Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионго чогулган миңдеген күйөрмандардын түп көтөрүлө колдоосу оюнчуларды ансайын шыктандырып, алдыга сүрөп жатты. Стадиондогу мына ушундай эриш-аркак колдоо оюндун эсебине, сапатына да таасирин тийгизди окшойт. Анткени көпчүлүк күйөрмандар Кыргызстан командасы ири эсепке утулуп калат деп чочулап жаткан.

Футбол беттешине тосмодон ашып түшүп жаткандар.
Футбол беттешине тосмодон ашып түшүп жаткандар.

16-июндагы Кыргызстан командасынын оюну кыргыз футболунун келечегине абдан чоң үмүт арттырды. Бирок да “бир карын майды бир кумалак чиритет” дегендей, футбол чиновниктеринин абдан начар уюштуруу иштеринен билети бар миңдеген күйөрмандардын стадионго кире албай калышы, айрым адамдардын ыңкылап мезгилинде Акүйдү алгандай эле ээнбаштык менен тосмолорду ашып кирүүсү абдан жагымсыз жагдай жаратты.

Кыргызстандын футбол федерациясын президент Алмазбек Атамбаевдин күйөө баласы Семетей Султановдун жетектөөсү бул жагымсыз жагдайдын саясий өңүтүн издөөгө да жол ачты. Ошондуктанбы, президент Атамбаев оюндун эртеси күнү өкмөт башчы Темир Сариевди чакырып, стадионду эл аралык стандартка алып келүү маселесин көтөрсө, Семетей Султанов билети бар болуп, кире албандарга акчасы кайтарыларын билдирип чыкты.

2018-жылы Орусияда боло турган футбол боюнча чемпионаттын финалдык таймаштарына чыгуу үчүн дагы оюндар алдыда. Ал оюндарда кыргыз футболчулары 16-июндагы деминен кайтпайт, ал эми чиновниктер кемчиликтерин түзөйт деп үмүт артабыз.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG