Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:29

Жыл сайын кырк миңден ашуун кыргыз жараны орус жарандыгын алып, Россияда байыр алып калууда. Бул өлкөдө жыл сайын бирден чакан шаардын калкы көчүп кетип жатканын билдирет.


Кыргыз көчү

Кыргызстанда эмгек миграциясы СССР урагандан кийин эле башталган. Алгач түштүк региондон чыккан жаштар “челнок” же базар ишине киришкен. Андан кийин Россиянын экономикасы көтөрүлүп, жумуш колдорго талап күчөгөн сайын курулуш, тейлөө тармагына кыргыз жарандары агыла баштады. Кесиби жок, мектептен алган билими начар кыргыз жаштары негизинен короо шыпырмай сыяктуу эң төмөнкү жана кир иштерди аткарууга чегерилишкен.

Орус өкмөтү өлкөнүн демографиялык абалын түзөө максатында мурунку СССР жарандарына Россия жарандыгын берүүнү жеңилдетүү, жарандык алгандарга жумуш жана социалдык камсыздоону жакшыртуу саясаты кыргыз эмгек мигранттарынын орус жарандыгын массалык түрдө алуусуна алып келе баштады.

Маселен, Россиянын миграциялык кызматынын басма сөз катчысы Елизавета Панкратованын маалыматы боюнча, 2008-жылы 43 миңге жакын кыргыз жараны орус жарандыгын алган. Ал эми 2009-жылдын он бир айында 41 миңден ашуун кыргызстандык орусиялык болуп калган.

Жаштар кыргызга кызмат кылчу учурунда турмуштун кыйындыгынан бөтөн жерге кетүүгө мажбур...
Э. Эрматов


Кыргызстанда калкынын саны 40-60 миң кишини түзгөн жыйырмадан ашуун шаар бар. Демек, көчүп кеткендердин санына караганда, жыл сайын Кыргызстандагы бир чакан шаардын калкы түп орду менен Россияга көчүп кетип жатат.

Айыл жерлерде, өзгөчө түштүк региондордо жаштардын кескин азайганы көзгө даана көрүнүп турат. Мындай жараян түндүк региондордо да күчөп келатканын жарандар белгилешүүдө.

Акыркы жылдары айыл жеринде, Кадамжай районунда жашап келаткан белгилүү акын Эгемберди Эрматов жаштардын кетип жатышы боюнча мындай

пикирин билдирди:

- Биздин айылдан деле, тууган-уруктардан, кошуна айыл-апалардан деле көптөгөн адамдар Россиянын жараны болуп кетишкен. Кээ бир жерде келин-кесектери, кыз-кыркындары менен кетишкен. Биз жакта жаштар бүт эле кетип калды. Россиянын жарандыгын алып кетүүгө мажбур болуп жатышат. Себеби бул жерде жашоо таптакыр кыйын болгондуктан ошондой кадамга барып жатышат. Үй-бүлөсүн бага албай калгандан, иш таба албай калгандан эр азамат жигиттерибиз, эми кыргызга иштейм деген учурда жашоонун оңоюнан кетип жаткан жок да.

Жапырт жарандык алуунун сыры эмнеде?

Россияда ишке орношууга уруксат алуу абдан кыйын. Жарандык алуунун ушуга байланышкан жактары бар...
А. Рыскулова


Миграция маселеси менен түздөн-түз иштеген министрлик бар. Аны Айгүл Рыскулова айым жетектейт. Министр айым орус жарандыгын массалык алуу себебин мындайча баяндады:

- Бүгүнкү күндө өзүңөр билесиңер, Россияда ишке уруксат алуу абдан кыйын. Квоталар кыскарып жатат. Жарандык алуунун ушуга байланышкан жерлери бар. Биздин келишим боюнча кыргыз жарандары орус жарандыгын жөнөкөйлөтүлгөн жол менен алат. Ошол эле кезде биздин Конституцияда башка мамлекеттин жарандыгын ала турган болсо, Кыргызстандын жарандыгын сактап калат деген берене бар. Ошого жараша, алар азыр жарандык алып жатат. Ошол эле убакта Кыргызстан жарандыгынан чыккан жок.

Айгүл Рыскулова ошондой эле орус жарандыгын таштап, кайра Кыргызстанга келип жаткандардын саны да арбын экенин кошумчалады.

Миграция жана эмгек министрлигинин маалыматы боюнча, өткөн жылы Кыргызстан жарандыгынан чыккандардын саны 40 миңден ашуун. Бул сан Россиянын Миграция кызматынын маалыматы менен дал келип турат.

Миграция жана эмгек министринин айтымында, азыркы кезде министрлик эмгек мигранттарынын кандайдыр бир адистике ээ болуп, андан кийин чет өлкөлөргө барышы үчүн тийиштүү иштерди жүргүзүп жатат. Ошол эле мезгилде Россия жарандыгын алган атуулдардын дээрлик көпчүлүгү Кыргызстанга кайтып келүү ниети бар. Ал эми ал жакта кала тургандар саны 10% тегерегинде.

Талдоочулар баамында, эмгек миграциясы, орус жарандыгын алуу жараяны Кыргызстанда туруктуу экономикалык өсүш, дурус айлык акы болгонго чейин токтобойт. Ал эми бул жагынан болсо өлкөдө байкаларлык жылыш жок. Ал эмес президенттин жергиликтүү бийлик башчыларынын иши канча жумуш ордун түзгөнүнө жараша бааланат деген саясаты да унутта калып, Ынтымак курултайын уюштуруу сыяктуу иштер алдыга чыга баштады.

Тасмада: Чехияда иштеген алатоолук айым

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG