Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:19

6-февралда Жогорку Кеңеш Кумтөр боюнча чечим кабыл алды. Муну менен өкмөткө “Центерра” менен келишим түзүүгө толук жол ачылдыбы? Мына ушул жана башка суроолорго “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев жооп берет.

“Азаттык”: Өмүрбек мырза, Жогорку Кеңештин токтомунда Кумтөрдө 50% үлүш бөлүштүрүү так аталган жок. Бирок ошондой ишкана түзүү өкмөткө берилди да...

Текебаев: Жогорку Кеңештин токтомун чалажан деп атап жатам. Анткени ал сиз айткандай, өкмөттүн келишимин колдобогону менен маңызында ал келишимди колдоп, ошол келишимде көрсөтүлгөн шарттарда кошумча келишимдерди иштеп чыгууга мүмкүнчүлүк берди. Албетте, депутаттар тарабынан бир аз сунуштар да берилди.

“Азаттык”: “Ата Мекен” фракциясы каршы добуш берди. Бирок кайра добуш берүүнү талап кылабыз деген сиздин сөзүңүздү маалымат каражаттары жазып чыкты. Ал мүмкүнбү?

Текебаев: Кайра добуш берүү дегенибиз, келишимди парламент так колдободу. Ал эми өкмөт алып келген келишимде Жогорку Кеңеш сөзсүз колдош керек деген шарт турат. Кийинки келишимдерди да өкмөт Жогорку Кеңешке алып келүүгө мажбур болот деп ойлойбуз. Мына ошондо биз өз максатыбызга жетишкенге аракет кылабыз.
Эң негизгиси салык режимин 2009-жылкы келишимдегидей калып, өзгөчө шарт сакталат деп, кошумча салыктарды киргизе албай турган болдук.

“Азаттык”: Кайра алып келе турган келишимдер өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев айткан 8 келишимби?

Текебаев: Ооба.

“Азаттык”: Өмүрбек мырза, азыркы келишимде кандайдыр бир милдеттер барбы? Маселен, дагы чатак чыкса, эл аралык сотто териштиребиз дегендей. Же Кыргызстанды оор шарттарга кириптер кыла тургандай. Же өкмөт кайсы бир убакыттан кийин келишимди кайра кароого жол ачып алдыбы?

Текебаев: Бул келишимди кабыл алып жатканда, депутаттарга алдын ала келишим деп айтылды. Азыр 50% ичине кирип алалы, андан кийин дагы карайбыз деген тактика менен алышты. Биз 50% бөлүштүрүп киргенден кийин, бул биздин акыркы кадамыбыз болот. Кайра оңдогонго мүмкүнчүлүк болбойт. Анткени ыңкылаптан кийинки легитимдүү деп эсептелген бийлигибиз миң тоннага жакын алтыныбыздын 500 тоннасын “Центеррага” карматып жатат. Эгер кийин биз улутташтырууга барсак, дагы ошол 500 тонна алтыныбызды өзүбүз сатып алууга аргасыз болобуз.

“Азаттык”: Демек, баары мыйзамдашкан тура?..

Текебаев: Кайрадан толугу менен мыйзамдаштырып берип жатабыз. Эң негизгиси салык режимин 2009-жылкы келишимдегидей калып, өзгөчө шарт сакталат деп, кошумча салыктарды киргизе албай турган болдук. Экинчиси - экологиялык доолордон сегиз келишимге кол коюлганга чейин Кыргызстан биротоло баш тартат деп турат. Анткени келишимдин беш жеринде АМЕК деп аталган эл аралык эксперттик компаниянын чечимдерин, тыянактарын моюнга алабыз жана жетекчиликке алабыз деп турат. Ал эми АМЕКтин чечиминде Кыргызстанга экологиялык жактан олуттуу зыян келтирилбегени айтылып, анча-мынча майда мыйзам бузууларды эскертип өткөн. Мисалы, күнүнө 5 тоннадан кем эмес чаң көтөрүлүп, жакынкы мөңгүлөргө отурат. Чаң отурган мөңгү тез ээрийт. Бул илимий далилденген факт. Бирок АМЕК "бул чаң Кытайдан келип жатабы, Казакстандан келип жатабы аны иликтеш керек" деп койгон. Мына ошентип бул ондогон жылга чейин илимий талаш болуп жүрө берет.
Биз 50% бөлүштүрүп киргенден кийин, бул биздин акыркы кадамыбыз болот. Кайра оңдогонго мүмкүнчүлүк болбойт.

“Азаттык”: Биргелешкен ишкана Кыргызстандын мыйзамы менен иштесе, бизде ошол маселелерди чечкенге мүмкүнчүлүк ачылабы?

Текебаев: АМЕКтин сунушун кабыл алат дегенден кийин кыргыз мыйзамы болгондо дагы алар келишимде жазылганды аткарат. АМЕК туура, мөңгү ээрип жатат дейт. Бирок кыргыздын мыйзамы мурдагы кылмыштарды жазалоочу күчкө ээ эмес. Ошондуктан мурунку келтирилген 5 млрд. доллар зыян кечиле турган болуп турат. Биз макулдук бербегенибиздин себеби, биз 67% кем болбогон үлүштү гана албастан жеңилдик берген 2009-жылкы өзгөчө салык тартибинен чыгып, Кумтөргө өзүбүз каалагандай салыктарды койгонго мүмкүнчүлүк алышыбыз керек болчу. Анткени ал жердеги экологиялык чыгымдарды калыбына келтире турган төлөмдөрдү алышыбыз керек, алтындын баасынын өсүшүнө жараша акциздик, экспорттук салыктарды киргизишибиз керек. Ошентип Кыргызстанга мүмкүн болушунча пайда алышыбыз керек болчу.

"Азаттык": Маегиңизге рахмат.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG