Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:24

Кыргызстанда парламенттик шайлоого карата үгүт өнөктүгү жүрүүдө. Партиялар программаларына эмес, “суу чыгарып берүү” өңдүү убадаларга басым жасашууда.

Ошондой болсо да мамлекеттик бийликтин натыйжалуу иштешин камсыздоо үчүн Конституцияны, бийлик системасын өзгөртүүнү программасына киргизген партиялар дагы бар. Шайлоого аттанган партиялардын бийлик системасы боюнча көз караштары кандай?

Кыргызстандагы азыркы бийлик системасы жоопкерсиз экенин ырастап, аны өзгөртүүнү өз программасына киргизген партиялар бар. Алардын ичинен “Республика Ата Журт” партиясы жана “Бүтүн Кыргызстан Эмгек” партиясы чечкиндүү позицияны ээлеп, азыркы бийлик системасын өзгөртүүнү көздөшүүдө.

“Республика Ата Журт” өз программасында эле эмес, көчөлөргө илинген көрнөк-жарнактарында да бийлик системасын өзгөртүү зарыл, реформалардын башаты конституциялык реформа болуш керектигин ырастоодо. Аталган партиянын ырасташынча, азыркы бийлик системасы боюнча президентте да, өкмөт башчыда да, парламентте да бийлик көп, бирок биринде да жоопкерчилик жок. Кыргызстанга бийлик жана жоопкерчилик өкмөт башчынын колуна чогултулган таза парламенттик система же жоопкерчилик бүт президентке жүктөлгөн бийлик системасы керек деген позиция алдыга жайылууда.

“Замандаш” партиясы да Кыргызстан таза парламенттик же таза президенттик бийлик системасынын бирин тандап алышы керек деген позицияда.

Ал эми “Бүтүн Кыргызстан Эмгек” партиясынын лидерлеринин бири Адахан Мадумаров өкмөттү президент түздөн-түз башкарган, бирок аны көзөмөлдөй ала турган күчтүү парламенти бар системаны түзүүнү жактайт. Андай максат партиянын шайлоо программасында көрсөтүлгөн.

Бул партиялардан сырткары “Ар-намыс” жана “Азаттык” демократиялык партиялары республика таза парламенттик башкарууга багыт алыш керектигин туура көрүшөт.

“Бир бол”, КСДП, “Ата Мекен” жана “Өнүгүү” партиялары Конституцияны, бийлик системасын өзгөртүүнү программаларында атайын белгилешкен эмес. "Бир бол" партиясынын лидерлери Баш мыйзам өзгөртүлбөш керектигин жактап келатышат.

Бирок да парламенттик шайлоонун алдында бийликтеги КСДП, “Ар намыс” жана “Ата Мекен” партиялары Конституцияны кардиналдуу өзгөртүшкө батына алышпай, азыноолок алымча-кошумча киргизүү аракетин жасашкан. Конституцияны өзгөртүү демилгеси кескин сынга кабылганына байланыштуу президент Алмазбек Атамбаев ага каршы болуп, ошону менен Конституция өзгөртүлбөй калган.

Кыргызстандагы белгилүү юристтердин бири Марат Кайыпов бийлик системасын өзгөртүү болмоюн өнүгүү болбойт дегенге кошулуп, аны мындайча негиздеди:

- Азыркы система өнүгүүгө эмнеге мүмкүнчүлүк бербейт? Себеби ушул күнгө чейин мамлекеттеги ички жана тышкы саясаттын негизги багыттарын ким аныктары так жазылган эмес. Чын-чынына келгенде, президент башкарып атат. Бирдемке болсо президент жооп бербейт. Өкмөт күнөөлүү деп, өкмөттү кетирип, өзү четте калууда. Мындай система прогресске эч качан алып барбайт. Мына Орусияны алалы, ким Орусиянын башчысы? Владимир Путин. Путин ачык айтып жатат мен жооп берем деп, бардык иштерге өзү кийлигишип атат. Америкада ким жооп берет, улуттун өкүлү ким? Ал - президент. Ал - Барак Обама. Ал эми Германияга, Англияга, Японияга окшогон парламенттик мамлекеттерде премьер-министр алдыга чыгып, жоопкерчиликти алып жатат. Ошондой системага келишибиз керек.

“Ата Мекендин” өкүлдөрү өз кезегинде азыркы Конституция мамлекетти өнүктүрбөйт дегенге кескин каршы чыгып, Баш мыйзам мамлекетте туруктуулукту камсыздоодо өзүнүн оң ролун ойногонун ырастоодон тажаша элек.

Саясий эксперт Элмира Ногойбаева Конституцияны өзгөртүү үгүт өнөктүгүндө көп пайдаланылган темага айланганын белгилеп, маселе Конституцияда эмес, аны аткарууда деген пикирде:

- Эгерде биздин мамлекетте Конституциянын талаптары аткарылса, анда бизде идеалдуу мамлекет болмок. Конституция, мыйзам талаптары жогорку чиновниктер тарабынан да аткарылбагандыктан бизде кемчиликтер болуп жатат. Конституцияны дайым эле өзгөртө берүү туура эмес.

Элмира Ногойбаева Кыргызстанда азыркы кезде президенттик-парламенттик башкаруу өкүм сүрүп турганын, ал президентке берилген ыйгарым укуктар менен тастыкталарын кошумчалады.

Эгерде Жогорку Кеңешке Конституцияны өзгөртүүнү көздөгөн партиялар келсе, парламентте ал маселе күн тартибине кайрадан коюлары бышык. Ал эмес, башкаруучу партиялар өздөрүнүн ыгына жараша Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы эмес. Бирок да саясий күчтөрдүн бийлик системасы боюнча консенсуска келгени байкалбайт. Алардын бир тобу системаны өзгөртүүнү жактаса, калган бөлүгү Конституцияны референдумда чектелгендей, жок дегенде 2020-жылга чейин өзгөртпөөнү жактоодо.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG