Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:58

Эрматов: "Кыргызтест" боюнча сынак алууну баштайбыз


Эгемберди Эрматов
Эгемберди Эрматов

Кыргызстанда быйылкы жылдан тарта мамлекеттик кызматкерлер мамлекеттик тил боюнча сынактан өтөт.

Буга кайсы деңгээлдеги кызматкерлер тартылат жана тилди билбей калгандардын тагдыры кандай болот? Мына ушул жана башка суроолорго Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Эгемберди Эрматов жооп берди.

“Азаттык”: Эгемберди мырза, сынак качан башталат жана аны ким өткөрөт?

Э.Эрматов: Бул сынак Улуттук программанын негизинде өткөрүлүп жатат. Өткөн жылы Билим берүү министрлигинин алдында “Кыргызтест” системасы түзүлгөн. Мына ошол система мамлекеттик тилди билүүнүн деңгээли боюнча сынактарды иштеп чыкты. Ал биринчи, экинчи жана үчүнчү деңгээлден турат. Мындай шарт менен өткөн жылы 20дан ашуун министрлик, агенттиктерде алдын ала сынактар өткөрүлүп, ар бир мекемеден 20дан адам катышты. Быйылтан баштап бардык мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер мамлекеттик тилди билүү деңгээли боюнча “Кыргызтестте” сынактан өтө баштайт.

“Азаттык”: Демек, бул сынак айыл өкмөттөрүнөн тарта өткөрүлөт турбайбы?

Э.Эрматов: Бүтүндөй мамлекеттик кызматтагы адамдар - айыл өкмөтүнөн тартып, жогорку бийликтеги кызматкерлерге чейин өтөт. Биздин демилге менен программанын негизинде өкмөт өткөн жылдын соңунда токтом кабыл алды. Бул токтомдо мамлекеттик тесттерди кимдер бериши керек деген маселе боюнча тизме түзүлгөн. Ага өкмөт, бардык министрликтер кирет.

“Азаттык”: Эгемберди мырза, биринчи, экинчи, үчүнчү деңгээл дедиңиз. Ошол деңгээлдер кандай бөлүнгөн жана кайсы кызматкерлер кайсы деңгээлге чейин билиш керек?

Э.Эрматов: Маселен, жөнөкөй мамлекеттик кызматта, катарда иштегендер “А1”, “А2” деңгээлинде билиши керек. Ал эми ортоңку деңгээлдеги кызматта иштегендер, бөлүм башчылар, орун басарлар “Б1”, “Б2” деңгээлинде билиши керек. Ал эми саясий кызматта иштегендер “С1” деңгээлинде билиши керек.

“Азаттык”: Эң жогорку деңгээли, жакшы билиши керек дегени кайсы?

Э.Эрматов: Эң жогорку деңгээли “С1”.

“Азаттык”: Мамлекеттик тилди билбей калган кызматкерлерди эмне күтөт?

Э.Эрматов: Бул сынак купуя түрүндө өтөт. Сынактан өтүп жаткан кызматкер сыр белги (пароль) алып, ошону менен кирип, өздөрүнө берилген тесттерди тапшырат. Эгерде тапшыра албай калса, кайрадан тапшырууга мүмкүнчүлүк берилет. Ошон үчүн биз тестти тапшыруу үчүн биринчи жолу окуу куралдарын даярдап чыгардык. Ал окуу куралдары баарына таратылды. Анын негизинде даярдык көрүп жатышат.

“Азаттык”: Кыргызстанда иш кагаздарын мамлекеттик тилге өткөрүү бир топ проблема жаратып келатат. Бул маселе алдыга жылабы?

Э.Эрматов: Бул маселе Мамлекеттик тил боюнча мамлекеттик программанын өзөгүн түзөт. Тесттин башталышы менен ал акырындык менен жылат. Биз иш кагаздарынын үлгүлөрүн, окуу китептерин мамлекеттик кызматтарга таратып бергенбиз. Маселен, Ички иштер министрлигинде иш кагаздары кандай жүргүзүлүшү керектиги берилген. Айрым министрликтер иш кагаздарын жүргүзүүнү мамлекеттик тилге өткөргөн. Ички иштер, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүүдө.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG