Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:19

Иран президенти Москвага сапар алууда


Хасан Роухани
Хасан Роухани

Ирандын президенти Хасан Роухани эки күндүк визити менен Москвага сапар алууда. Ал 27-мартта орус өкмөт башчысы Дмитрий Медведев менен, шейшемби күнү президент Владимир Путин менен жолугат.

Эки лидер соода, экономика жана энергетика жаатында сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Мындан тышкары Сириядагы согуш, Жакынкы Чыгыштагы кырдаал да күн тартибинде болот.

Бул Роуханинин Ирандагы 19-майга белгиленген президенттик шайлоого чейин чет өлкөгө жасаган акыркы сапары болуп калмакчы. Ирандын "ИРНА" мамлекеттик агенттиги кабарлагандай, Роухани менен Путин буга чейин кеминде сегиз ирет жолуккан.

XS
SM
MD
LG