Линктер

Узап бараткан жумада бийлик дээрлик жети жылдан кийин Кумтөрдүн ишинде жаңы жагдай табылганын билдирди.

Жогорку Кеңештин айрым депутаттарынын массалык маалымат каражаттары боюнча мыйзамга өзгөртүү киргизүү демилгеси жарандык коомдун каршылыгына кабылды.

Президенттик мөөнөтү аяктап баратканда А.Атамбаев Кумтөргө кайрылды

Кумтөр боюнча келишимдер коррупциялык экени 2010-жылдагы ыңкылаптан соң келген бийликтин эсине дээрлик жети жылдан кийин келди. Жыл сайын 18-20 тоннадан алтын казылганын эске алганда жети жыл ичинде “Центерра голд инк” 130-140 тонна алтын казып кетти.

Кыргызстанга ишкана жыл сайын 100 млн доллардан ашуун салык төлөсө, ал эми “Центерранын” көргөн пайдасынын өлчөмү миллиарддап саналат.

Мына ошол жети жылдан бери президент Атамбаев Кумтөр боюнча келишимдердин коррупциялык экенин текшерүүнү кол алдындагы прокуратурага да, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке да тапшырган эмес. Өкмөттүк, парламенттик комиссиялар экологиялык, финансылык мыйзам бузуулар жөнүндө бир нече жолу жарыяланганда да эч кандай реакция болгон эмес.

Быйылкы жылы абал өзгөрдү. Ал өзгөрүүнүн себеби, оппозициялык саясатчы Азимбек Бекназаров айтып жүргөндөй, азыркы бийлик менен “Центерранын” келишимдеринин мөөнөтү бүтүшүнө байланыштуубу же башка нерсеби, айтуу кыйын.

Ошону менен бирге ал өзгөрүү канчалык олуттуу жана мамлекет Кумтөр боюнча тарыхый адилетүүлүктү, кыргыз калкынын 2003-жылкы келишим менен уурдалган үлүшүн калыбына келтирүүдө канчалык туруктуу болот, аягына чыга алабы деген да суроолор турат.

Алмазбек Атамбаев

Алмазбек Атамбаев

Кандай болгон күндө да 14-июнда президент Алмазбек Атамбаев башкы прокурор Индира Жолдубаеваны кабыл алып, Кумтөр долбоору боюнча жаңы жагдайлардын ачылышына байланыштуу 2003-2004-жылдардагы жана 2009-жылдагы макулдашуулардын мыйзамдуулугун кайра карап чыгууну тапшырган.

Президент Атамбаев Индира Жолдубаевага тапшырма берип жатып «Кыргызстандын сыймыгы жана эң ири инвестициялык долбоору болуп кала турган Кумтөр тетирисинче эмне себептен эл арасында “эң ири алдамчылык”, “эки үй-бүлөлүк-кландык режим үчүн жемкордук акыр” жана Кыргызстандын улуттук кызыкчылыктарына саткынчылык катары кабыл алынганын адамдар билүүгө тийиш», - деген.

Кумтөр ишин кайра карап чыгуудагы жаңы жагдайлардын пайда болушунун учугу азыркы кездеги саясий кырдаалга барып такалганы, бул кезектеги оюн эмеспи деген суроону жаратат.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин маалымат кызматынын өкүлү Рахат Сулайманов мурунку мамлекеттик катчы Дастан Сарыгуловдун камакка алышынын себеби ошол Кумтөргө байланыштуу экенин билдирди:

- Хоменюктун арызы боюнча Дастан Сарыгулов “Кыргызалтындын” башчысы катары бир топ мыйзамсыз иштерди жасагандыгы тууралуу жагдайлар ачылды. Тергөөдө бир топ каршылыктарга мамлекеттик коопсуздук кызматы туш болду. Каршы иштерди жасагандардын арасында Акаевдин жана Бакиевдин үй-бүлөлөрүнүн мүчөлөрү, жакындары болду, алар Кумтөр долбоорундагы кандайдыр бир кызыкчылыктарын коомчулукка жайылтпоого аракет жасашкан.

Дастан Сарыгулов

Дастан Сарыгулов

Байкалып тургандай, бийлик “Элдик парламент” жана ага чейин бийликке каршы митингдерди уюштурууну көздөгөн Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров, Дастан Сарыгулов Кумтөрдөгү коррупциялык иштерди жабуу үчүн бийликти кулатууну көздөгөн деген түшүнүккө алып баратат. Ошондуктан Кумтөрдөгү жаңы жагдай деп даңазалып жактан нерсе саясий оппоненттерге сокку уруу менен чектелет деген пикир да пайда болгону бекеринен эмес.

Бирок Башкы прокуратура президенттин тапшырмасын аткаруу үчүн Кумтөр боюнча келишимдерге юридикалык баа берүү үчүн бардык чараларды көрөрүн билдирүүдө.

Кыргызстандын мурдагы башкы прокурору Кубатбек Байболов кезинде мына ушундай ишти жүргүзүү үчүн жогору бийликтен колдоо таппаганын белгиледи:​

- Кумтөр боюнча акыры жүрүп ушундай иликтөө болуш керек эле. Анткени бул башынан эле чырлуу маселе болгон. Ошондуктан мындай иликтөөнү туура деп эсептейм. Мен башкы прокурор болуп турган учурда да ушундай иш ачууга аракет кылып, бирок жогорку жетекчиликтен колдоо тапкан эмесмин. Мурун маанай башка болчу. Азыр эмне өзгөргөнүн мен жакшы баамдай албай жатам. Бирок бул териштирүүгө саясий колдоо болгонунан кабар берүүдө.

Кубатбек Байболов

Кубатбек Байболов

Коррупциялашкан кыргыз бийлигин каалагандай калчап, өзүнө пайдалуу жана ыңгайлуу келишимдерди түзүп алган “Центерра голд инк” азыркы жаңжалдын аягына эл аралык арбитраж чек коет деп билдирүүдө. Анткени ал маселенин эл аралык арбитражда чечилүүсүн мыйзам жана конституциялык органдар аркылуу бекемдеп алган.

Төрт депутаттын оюнубу же ?...

Узап бараткан жумада төрт-беш депутат “Массалык маалымат каражаттары жөнүндөгү” мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча долбоор даярдап, аны парламентке алып чыгышы жарандык коомдо бир топ талаш-тартышты жаратты.

Долбоор кабыл алынса, Кыргызстанда массалык маалымат каражатын негиздөө укугуна мамлекеттик органдар, саясий партиялар жана башка юридикалык жактар, Кыргызстан жарандары гана акылуу болуп калат.

Жаш курагы 18ге чыга элек жарандар, ишмердүүлүгүнө сот аркылуу тыюу салынган уюмдар, чет элдиктер, башка өлкөнүн жарандыгын алган кыргызстандыктар маалымат каражатын түзүүгө укугу болбойт. Ошону менен катар чет жактан каржыланган маалымат каражатынын бир жылдык финансысында сырттан келүүчү капиталдын көлөмү 20% ашпаш керек.

Мына ушул норма биринчи кезекте “Азаттык” үналгысына сокку уруп, анын Кыргызстандагы катталуусун жокко чыгарат. Республиканын салыктарын төлөп, өлкөнүн маалымат айдыңында үстөмдүк кылган Орусия жана мамлекеттик массалык маалымат каражаттарына альтернатива боло алган, эң башкысы бейтарап жана ар тараптуу маалыматы менен эл ишенимине татыган маалымат каражаты жабылуу коркунучуна кабылды.

Мыйзам долбоору парламенттин кароосуна коюлду. Бирок анын кабыл алынышына жарандык коом жана парламенттеги “Азаттыктын” ролун түшүнгөн депутаттар жол берген жок.

Жарандык коом мыйзам долбоору парламентте каралган күнү, 16-июнда Ак үйдүн алдына пикетке чыкты. Алар массалык маалымат каражаты жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүү киргизүүнүн максаты коррупционерлердин өч алуу аракети деп билдиришти. Алардын бири, жарандык активист Динара Ошурахунова:

- Акаев да “Азаттыкка” азуусун кайрап жатып бийликтен кеткенин билбей калды. Анан ага Бакиев басымын күчөтүп жатып, качып кеткени белгилүү. Азыр ошол эки режимдин жосунсуз жоругун бул бийлик кайталап отурат. Мурдагы качкын президенттер бийликтен кеткен менен аларды жандап жүргөндөр азыр кайра эле бийликке келип, мына ошол эски адаттарын баштап жатканы аныкталып отурат. Себеби “Азаттык” азыркы бийликтин дагы коррупцияга аралашканын жазганы үчүн өч алгылары келип жатышат. Булардын шашылыш түрдө мыйзам токуй салып, “Азаттыкты” муунтабыз дегени ошону көргөзүп турат.

Динара Ошурахунова

Динара Ошурахунова

Дагы бир жарандык активист Рита Карасартова “Массалык маалымат каражаттары жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүү киргизүү аракетин сөз эркиндигин чектөө эле эмес, жарандык коомдун үнүн басуу катары да кабылданып жатканын айтты:

- “Азаттык” кайсы президенттин доору болбосун кыргыз тилинде жакшынакай өзүнүн оюн билдирип келген. Биз мамлекеттик каналдарга чыга албасак, ошол “Азаттык” аркылуу гана өзүбүздүн добушту жеткире алабыз. Алардын биздин үндү чектөөгө кандай укугу бар экен жана эмне үчүн андай болуш керек?

Жарандык коомдун мына ушундай каршылыгынан сырткары Жогорку Кеңештин ичинде да төрт-беш депутаттын шашылыш даярдалган долбооруна каршылар чыкты. Долбоор ушул кейпинде алыс бара албасы КСДП фрациясынын лидери Иса Өмүркуловдун позициясынан да анык боло баштаган эле. Фракция лидери “Кыргызстан эгемендик алгандан кийинки коомдук-саясий турмушунун түптөлүшүнө, демократиянын өнүгүшүнө "Азаттыктын" кошкон салымы зор. Канчалык сөз эркиндиги болсо ошончолук ачык-айкындуулук болот. Бул демократиянын пайдубалы. Айкындык чиновниктердин кыңыр иштерине жол бербейт. Сөз эркиндиги сөзсүз болушу керек” деген эле.

Коомчулук жана парламент ичиндеги каршылыкка байланыштуу демилгечилер мыйзам долбоорун чакыртып алды. Демилгечилердин бири, КСДП фракциясынын мүчөсү Кожобек Рыспаев долбоору чийки экенин моюнга алды:

- Ушул мыйзам долбоору чала болуп жатат. Өз ара да, парламентте да ошондой болуп жатат. Ошондуктан кийинки аптага чейин күн тартибинен алып коюну суранабыз.

Кожобек Рыспаев долбоор өзгөртүлүп, ал телекөрсөтүүлөргө гана тиешелүү боло турган болуп жазыларын билдирди.

Орландо кыргыны

Узап бараткан жумада дүйнөнү Кошмо Штаттардын Флорида штатынынын Орландо шаарындагы кыргын дүрбөлөңгө салды. 29 жаштагы АКШда төрөлгөн, түбү оогандык Омар Матин 13-июнь түнү Орландо шаарындагы гей-клубга курал менен кирип барып, кыргын салган. Андан 49 киши өлүп, 53ү жарадар болуп ооруканага түшкөн.

Кыргын жасалган алгачкы күндөрү аны “Ислам мамлекети” деп аталган экстремисттик уюм, дегеле Ислам дини менен байланыштырууга аракет жасалды. Буга Омар Матиндин экстремисттик уюмдун мүчөсүмүн деп полицияга билдирген деген маалыматтар, анан албетте Омардын оогандык жана мусулман экени негиз болуп берди.

Бул маалыматты пайдаланган АКШнын айрым саясатчылары мусулмандарга каршы риторикасын кайра жандандырды. Республикачылар партиясынан президенттикке талапкер болуп жаткан Дональд Трамп “мусулмандарга АКШга кирүүгө тыю салуу тууралуу сунушум туура экенин эми билесиңер” дегендей билдирүү менен чыкты:

- Биз миңдеген адамдардын өлкөгө агылып кирип жатышынын улануусуна жол бере албайбыз. Алардын көбүндө мына бул жапайы киши өлтүргүчтөй ой бар. Радикалдуу исламдын көптөгөн принциптери батыш баалуулуктары жана институттарына туура келбейт.

Омар Матин

Омар Матин

Бирок көп өтпөй Омар Матиндин өзү да гей экени, ал клубга дайым барып жүргөнү жөнүндө маалыматтар чыгып, кыргындын себеби кызганыч же башка бир нерселер болушу мүмкүн деген пикирлер айтыла баштады.

АКШ президенти Барак Обаманын Кошмо Штаттарда көп катталган курал менен кыргын салууларды тыюу үчүн биринчи кезекте куралдын эркин сатылышын чектеш керек деген мурдатан көтөрүп келаткан маселени ортого салды:

- Мени тынчсыздандырганы, биз мурун болуп келгендей эле терроризм боюнча кайрадан талаш-тартышка түшүп, бирок куралга оңой ээ болуу мүмкүнчүлүгүн четке кагып жатабыз. Ошондой эле "Ислам мамлекети" тобу экстремисттик көз караштарды кантип жаратып жатканы көңүл сыртында калууда. Биз экстремизмге каршы турушубуз керек. Биз ошондой эле бул өлкө жарандарына зыян келтирүүнү көздөгөндөр куралга оңой-олтоң жетпегендей кылышыбыз керек.

Барак Обама

Барак Обама

Президент Обама жана Демократиялык партиядан президенттикке талапкер Хиллари Клинтон жалпы бир динди каралоо жол берилгис экенин, ал кайрадан экстремисттердин кызыкчылыгына ойнорун белгилешти.

Демократтардын курал сатууга чектөө киргизүү аракетине Республикачылар партиясы тарабынан бөгөт коюлуп келген. Орландо окуясынан кийин Республикачылар партиясы бул маселени карап чыгууга макул боло баштады жана Конгрессте бул маселе талкууга коюлду.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG