Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:18

ШКУга умтулган Пакистан-Индия талашы


Индия премьер-министри Нарендра Модини (оң жакта) Пакистан премьер-министри Наваз Шариф күтүп алууда. Пакистан, Лахор аба бекети. 25-декабрь, 2015-жыл

Индия премьер-министри Нарендра Модини (оң жакта) Пакистан премьер-министри Наваз Шариф күтүп алууда. Пакистан, Лахор аба бекети. 25-декабрь, 2015-жыл

Ташкенде бүгүн Шанхай кызматташтык уюмунун кезектеги саммити башталууда. Азыр ШКУда байкоочулук макамда турган Пакистан менен Индиянын уюмга ыктымал мүчөлүгү тууралуу ар саммиттин алдында айтылат.

Бирок ШКУнун болочок мүчөлөрү деп күтүлгөн, аймактык атаандаштар катары саналган Индия менен Пакистан ортосунда олуттуу карама-каршылыктар бар.

Көз карандысыздык тарыхында кеминде эки согушту (1965, 1971-жылдар) башынан кечирген Индия менен Пакистан ортосунда азыр жылына 2,5 миллиард доллардай соода-сатык бар.

Бирок салыштырып караганда, Пакистанга Индиянын тышкы соодасында 0,5%, Пакистандын тышкы соодасында Индияга 3%дык гана үлүш туура келет.

Бул талдоочулар потенциалы катталган соода көлөмүн 10-20 эсеге чоң деп эсептешкен жана географиялык, маданий, тил жагынан байланыштарына карабай, ортосунда кастык өкүм сүргөн эки өлкө мамилесинин экономикадагы чагылышы деп койсок болот.

Индиянын талаштуу Кашмирдеги чек арада турган аскери. 2013-жыл.

Индиянын талаштуу Кашмирдеги чек арада турган аскери. 2013-жыл.

Кашмир боюнча тарыхый тамыры бар аймактык талаштан башка расмий Исламабад менен Делинин ортосунда ушул тапта кандай пикир-келишпестиктер өкүм сүрүүдө?

Биз бул суроону “Азаттыктын” Пакистан кызматынын журналисти Дауд Ханга жолдодук:

- Бүгүнкү күндүн Кашмирден башка пикир-келишпестиктерине келсек, Пакистан Индиянын Ооганстандагы иштерге катышуусуна нааразы. Атүгүл Пакистан Индияны Ооганстанга өтө эле көп инвестиция жасоо, оогандар менен мамилесин чыңдоо аркылуу Пакистанды курчоого алып жатат деп шек санайт. Анткени, эки ортодо бири-бирине ишенбөөчүлүк абдан чоң. Жакында эле Пакистан бир индиялыкты камап, ал өз өлкөсүнүн пайдасына тыңчылык кылып жаткан деп айыптады. Индия Пакистанды Кашмирде согушкерлерди колдоп жатат деп күнөөлөйт, Пакистан болсо Индияны анын Белужистан провинциясындагы, атүгүл уруулар жашаган аймактардагы абалга кийлигишип жатканы үчүн айыптайт. Индия Пакистан менен кургактагы жол аркылуу соода жүргүзүү боюнча келишим түзгүсү келет. Бул үчүн расмий Дели Исламабаддан ага соодада артыкчылык берилген өлкө деген макам берилишин күткөн жана күтүп да келе жатат. Пакистандын саясий жетекчилиги мындай кадамды жасоого дилгир. Бирок, Пакистандын өзүндө саясий жана аскерий жетекчиликтин ортосунда ушул маселе боюнча пикир-келишпестик бар жана бул өз кезегинде Индия менен пикир-келишпестикке салым кошууда.

Пакистан тараптан, Индия тараптан да талдоочулар эки өлкө мамилесинин ыктымал өнүгүшүнүн үч сценарийин - аскерий тирешүү, ишенбөөчүлүктүн улана бериши жана конструктивдүү диалогду көрүшөт.

Бирок конструктивдүү жана ишеним орнотууну караган диалог эки ортодо 2001-2002-жылы кайра согуш чыгып кетүүчүдөй абал түзүлгөн аскерий тирештен бери өтө элек:

- Конкреттүү маселелер боюнча сүйлөшүүлөр жүрө элек. Пакистан тараптан мындай мүнөздөгү акыркы сүйлөшүүлөрдү өткөргөн лидер Первез Мушараф (2001-2008-жылдардагы президент) Индиядан Ател Вихари Важпайи (1998-2004-жылдардагы премьер-министр) болгон. Пакистандын шайланган өкмөттөрүнөн азыркыга чейинкиси сүйлөшүү каналдарын ачууга аракеттенген, бирок аны уланта алган эмес. Мындай аракетти азыркы премьер- министр Навази Шарифтин өкмөтү да жасады, Индиянын премьер - министри Нарендра Моди бир нече ай мурда Пакистанга келип кетти, 2014-жылы Нью-Делиге Навази Шариф да барган эле. Бирок, ортодогу муз али эрий элек, - деди "Азаттык" менен маегинде журналист Дауд Хан.

Он беш жылдан бери унутулбай жаткан соңку аскерий тирешке 2001-жылы декабрда Индия парламентине жасалган кол салуу түрткү берген эле.

2008-жылы Мумбай шаарында 170ден ашуун адамды мерт кылган кол салуу да сүйлөшүүлөрдүн маңызын кетирген окуя болгон.

Индия менен Пакистан дүйнөдө өзөктүк куралы бар деп саналган тогуз өлкөнүн катарына кирет.

Пакистан баллистикалык ракетасын сынаган учур. 15-декабрь, 2015-жыл.

Пакистан баллистикалык ракетасын сынаган учур. 15-декабрь, 2015-жыл.

Алар өзөктүк арсеналдарын мүмкүн болушунча кеңейтүү багытында иштеп жатканы жакында Тынчтыкты изилдөө боюнча Стокгольмдо жайгашкан эл аралык институттун жаңы баяндамасында айтылды.

Бул иликтөө уюмдун эсебинде, Пакистанда 110-130, Индияда 100-120 өзөктүк дүрмөт.

Соңку маалыматтарга караганда, Индия менен Пакистандын ШКУга мүчөлүгү Ташкен саммитинде деле биротоло чечилбейт.

Орус президенти Путиндин кеңешчиси Юрий Ушаков, маселен, Кремль Индия, Пакистан мүчөлүккө келерки жылы, Казакстандагы саммитте алынат деп күтүп жатышканын билдирди.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG