Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:16

Голландия орус элчисинен түшүндүрмө талап кылды


Голландиянын Тышкы иштер министрлиги Орусиянын Гаагадагы элчисин чакырып, малайзиялык учактын чоо-жайы боюнча түшүндүрмө талап кылды. MH-17 каттамындагы учактын Украинанын чыгышында кыйрап түшкөнүн иликтеген топтун корутундусу боюнча Москванын билдирүүлөрү бул кадамга себеп болду.

Тышкы иштер министри Берт Коендерс “орус тараптын реакциясы иликтөөчүлөрдүн кесипкөйлүгүнө көлөкө түшүрөт” деп айтты. Нидерланддар негизи жок сындар кабыл алынгыс экенин эскерткен.

Апта башында иликтөөчүлөр тобу малайзиялык учак эки жыл мурда Орусиядан алынып келинген ракета менен атып түшүрүлгөнүн, ракетаны учурган жабдык кайра орус тарапка жөнөтүлгөнүн билдирген.

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги болсо бул корутундуну бир тараптуу жана саясий мотивди көздөйт деп сынга алган. (KKs)

XS
SM
MD
LG