Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:55

Атамбаевдин Сауд Арабиядагы расмий сапары башталды


Бул тууралуу Кыргызстандан барган расмий делегация менен жүргөн кабарчыбыз Жанар Акаев билдирди. Анын айтымында президентти Сауд Арабиянын жогорку жетекчилиги тосуп алды. Алардын катарында Кыргызстандын Сауд Арабия падышачылыгындагы элчиси Абдилатиф Жумабаев да бар. Учурда Кыргызстандан барган делегация Сауд Арабиянын Соода, өнөр-жай палатасынын өкүлдөрү менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.

Президенттин Араб өлкөлөрүнө болгон алгачкы расмий сапары 8-декабрга чейин созулат. Ал бул аралыкта Бириккен Араб Эмиратына, Катар мамлекетине да барат. (UEz)

XS
SM
MD
LG