Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:55

Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун Кыргызстандагы түрк мектептерине байланышкан билдирүүсү боюнча Тышкы иштер министрлиги өз жообун таратты.

Жалпыга маалымдоо каражаттарына таратылган билдирүүдө Кыргызстан Түркиянын расмий жетекчилеринин тынчсыздануусуна түшүнүү менен мамиле кылары айтылат.

“Түркия - Кыргызстан үчүн тарыхый тыгыз байланышы бар, бир тууган өлкө. Бирок Кыргызстан көз карандысыз, эгемен өлкө катары эмне жакшы, эмне жаман экенин өзү чечүүгө кудурети жетет. Кайсы бир чет мамлекеттин тышкы иштер министри башка бир өлкөгө кандайдыр бир чара көрүү зарылчылыгын ультиматум тилинде көрсөтүүсү туура эмес” деп айтылат Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө.

Ошондой эле Тышкы иштер министрлиги Түркия тараптан Кыргызстандагы менчик түрк мектептери тууралуу кайрылуусун алганын, бирок кыргыз тарап аны кунт коюп иликтеп, зарылчылык болсо, тиешелүү чараларды көрөрүн маалымдаган.

“Тараптардын милдети жана башка маселелер боюнча белгилүү бир укуктук нормалар бар. Бирок мунун баарын мамлекеттин ички иши деп эсептейт" деген Тышкы иштер министрлиги.

Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу 24-июлда башка өлкөлөрдөй болуп Кыргызстан да түрк бийлигин колдоп “гүленчилерге” мамилесин өзгөртпөсө, эки өлкөнүн алака-катышына терс таасири тиет деп эскерткен болчу. Ал бул пикирин бүгүн “Хабертүрк” каналындагы маегинде да кайталап, Кыргызстанда Фетхуллах Гүлендин кыймылынын таасири күчөп баратканын билдирди. Чавушлоглу бул кыймылдын коркунучу тууралуу Кыргызстанга эскерткенин ачыкка чыгарды:

- Айрым өлкөлөрдү эскертип жатабыз. Мисалы, Кыргызстандын тышкы иштер министрине телефон чалып эскерттик. Себеби, алар (гүленчилер) Орто Азиядан Кыргызстанды бир база катары тандап алышкан. Ошондой эле күн өткөн сайын желелеп тарап баратат. Кыргызстандын бийлигине да кирип жатышат жана аларга каршы төңкөрүш аракетин жасашы мүмкүн. Бизге дос жана бир тууган Кыргызстан өлкөсү аскердик төңкөрүш кылууга аракет кылган террористтик уюмдун ишмердик жүргүзүшүнө уруксат бербеши керек деп ойлойм, - деди Чавушоглу.

Фетхуллах Гүлен

Фетхуллах Гүлен

Ошондой эле ал Кыргызстандын тышкы иштер министри "гүленчилер" делген уюмдардын тизмесин сураганын жана ал тизме берилгенин кошумчалаган.

Муну менен катар Чавушоглу эгер кыргыз бийликтери эскертүүгө терс жооп берсе, эки өлкө ортосундагы мамилеге доо кетерин эскерткен:

- Эгер терс жооп алсак, биздин аларга көз карашыбыз өзгөрөт. Анткени, адам тууганынан андай нерсени күтпөйт, - деп кошумчалаган Чавушоглу.

Дипломатиялык эрежеге сыйбаган билдирүүбү?

Кыргызстанда айрым жергиликтүү талдоочулар Анкаранын Бишкекке шарт-талап койгонун сындап чыкты. Эл аралык мамилелер боюнча эксперт Искендер Ормон уулунун баамында, бул аракет көз карандысыз мамлекеттин ички ишине кийлигишүү болуп эсептелет:

- Бул Кыргызстандын эгемендигине шек келтирген, залакасын тийгизген позиция. Сырттан туруп алып шантаж кылгандай эле сөз болуптур. “Чалып айттым, эгер булар да чара көрбөсө, биз дагы байланыштарыбызды, жардам берүүбүздү, мамилебизди өзгөртөбүз” дегени дипломатиялык тилде дагы өтө одоно сөз. “Себат” мектептери түрк жарандары ачкан мектеп эмес. Ал биздин мындан аркы стратегиялык максаттарыбыздын түркүктөрүнүн бири.

Мурунку билим берүү министри Досбол Нур уулу кыргыз бийлиги жыйырма жылдан ашык убактан бери бир канча муунга билим-илим берген система боюнча кандайдыр бир чечим кабыл алаарда коомчулук менен эсептешиши керек дейт:

- Биринчи кезекте Түркияга эмес өзүбүздүн ички маселебизге, балдарга, коомчулукка зыян келтирбей тургандай чечим кабыл алынышы керек. “Себат” деген сабат деген эле сөз. Бул билим берүү системасы бизде тамырын жайган, университетине чейин бар. Билим берүү тармагында сапаты жагынан алдынкы мектептердин катарына кирет. Билим берүүнү саясатка аралаштырып, эч ким менен эсептешпей, эрте чечим кабыл алган болбойт. Коомчулук мыйзамдын чегинде өз жолу менен өнүгүшү керек. Ал эми бийликтегилер бүгүн бар, эртең жок. Эгер беш жылдан кийин Эрдогон бийликтен кетип, бул кайра каралса эмне болот.

Кыргызстандагы "Себат" мектептеринин бири

Кыргызстандагы "Себат" мектептеринин бири

Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Өмүрбек Абдрахманов “Себат” билим берүү мекемелери сапаттуу билим берип келгенин, өлкөгө пайдасынан башка зыяны тийбегенине токтолду. Ал бул билим берүү жайларынын Фетхуллах Гүлен менен түздөн-түз байланышы жок деген ойдо:

- Эгер “Себат” мектептери тартип бузбаса, Кыргызстандын мыйзамдарына, билим берүү системасына ылайык иштеп жатса, биз аларга тийгенге эч кандай акыбыз жок. Бул мектептерди Фетхуллах Гүлен каржылабайт. Ал мунун концепциясын гана айткан. Ал динчил киши. Бирок дин деген билимдин негизинде болушу керек деп айтып келет. Мамлекеттер демократиялык жол менен өнүксүн деп жатат. Мусулмандар билимдүү болгондо гана ошол мусулман мамлекеттер өнүгөт деген пикирде. Ушундай мектептер дүйнөдө 150 өлкөдө бар экен. Ал ошол идеянын негизинде ачылып жатат. Буларда мындай борборлоштурулган команда, борборлоштурулган каржылоо деген жок. Гүленден акча келбейт.

"Себаттан" чочулоого негиз барбы?

Анткен менен саясат таануучу Марс Сариевдин пикиринде, акыркы окуялардан соң “Себат” билим берүү мекемелери тыкыр көзөмөлгө алынышы керек жана айрым жагдайлар талданып, алдын алынышы зарыл:

- “Себат” жакшы адистерди даярдап чыгарат, бирок биз бул чоң геосаясий долбоор экенин эске алышыбыз керек. Гүлен АКШда ЦРУ менен байланышы бар системалуу долбоор болуп жатат. Бирок эгер азыр “Себат” мектептерин жойсок, Кыргызстандын коомчулугуна жарака кетет. Чоң, татаал проблемалар чыгат. Аларга тийбеш керек. Бирок тыкыр көз салып, көзөмөлдү күчөтүү керек. Антпесе болбойт. Анан азыр Түркиядан Гүлендин жактоочулары качып жатпайбы. Анан алардын көбү демократиялуу өлкө деп Кыргызстанга келиши мүмкүн. Ошондо Эрдоганга каршы чоң лобби пайда болушу мүмкүн. Ошондуктан муну да ойлонуш керек.

Эрдоган менен Атамбаев

Эрдоган менен Атамбаев

16-июлда Атамбаев Түркиянын мыйзамдуу бийлигин колдоорун билдирип, боордош өлкөдө тынчтыкты, мыйзамдуулукту жана тартипти тезирээк орнотууга чакырган эле. Анткен менен байкоочулар азыр эки өлкөнүн лидерлери баштагыдай ынак болбой калганын айтып келишет.

Түркияда уланып жаткан камоолор

Түркиянын бийлиги өткөн жумадагы ишке ашпай калган аскердик төңкөрүштү уюштуруунун артында АКШда жашап жаткан Фетхуллах Гүлен турганын жарыялаган. Ошондой эле анын "Хизмет" кыймылына таандык делген 1043 жеке менчик мектепти, 35 саламаттыкты сактоо мекемесин, 1229 фондду жана бирикмелерди жапкан.

Түркияда аскерий төңкөрүш аракетинен кийин кармалган, камакка алынган, иштен бошотулган аскерлер, полицейлер, соттор, мугалимдер, мамлекеттик кызматчылар саны алтымыш миңден ашты.

Түркия

Түркия

75 жаштагы Гүлен өз кезегинде аскерий төңкөрүш аракетине тиешеси бар деген айыптоолорду кескин түрдө четке каккан.

Дүйнөдөгү 100дөн ашык өлкөдөгү түрк окуу жайларынын көбүн диниятчы Фетхуллах Гүлендин "Хизмет" кыймылы каржылары айтылып келет.

Кыргызстанда иш алып барган эл аралык "Себат" билим берүү мекемеси Гүленге тиешеси бар экени айтылат. Аталган мекемеге таандык Кыргызстанда 15 чакты лицей-мектеп, бир университет жана маданий, кайрымдуулук жааттагы уюмдар бар.

Кыргызстанда алардын алгачкылары 1993-жылдары пайда боло баштаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG