Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:32

“Азаттыкка” жардам сурап кайрылган эненин ишин прокуратура иликтеди


Иллюстрация
Иллюстрация

Жалал-Абаддын Сузак районунун Комсомол айылынын 34 жаштагы тургуну Тилектеш Жолдошов милициянын көзөмөлүнө алынды. Бул тууралуу облустук прокуратурадан билдиришти.

70 жаштагы Патила Жолдошова уулу Тилектеш Жолдошовдон кордук көрүп, зомбулукка кабылып жаткандыгын билдирип, “Азаттык” радиосуна жардам сурап кайрылган. Ошондой эле ал баласы менен болгон ызы-чууну басууга милиция кызматкерлери жардам бербей жатканын билдирген.

Бул боюнча маалымат жарыялангандан соң облустук прокуратура текшерүү жүргүзүп, милициянын аракетин “өз кызматын толук аткарбагандык” деп баалап, аларга эскертүү берген.

Мыйзам боюнча, энесине зомбулук көрсөткөн жаран алгач милициянын көзөмөлүнө алынып, андан пайда чыкпаса, иши сотко өтөт. (RsK)

XS
SM
MD
LG