Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:34

Узап бараткан жумада Кыргызстанда жаңы өкмөт түзүлдү. АКШнын Мамлекеттик департаменти адам укуктары боюнча жылдык баяндамасында Кыргызстанды сынга алды.

Темир Сариев "келем" деп кетти...

Темир Сариев өкмөт башчылык кызматтан күрөштү токтотпойм деген убада менен кетти. Демек, Темир мырза алдыда түзүлө турган кырдаалга жараша президенттик шайлоо, андан кийинки саясий жараяндарда жигердүү болорун ишарат кылды. Маселе эми премьер-министр кезинде топтогон атактуулукту сактап, аны саясий салмакка айлантууда турат. Бул жагынан Темир Сариевдин буга чейинки бир-эки аракеттери ийгиликтүү болгон эмес. Ал мурунку парламенттик шайлоодо жеңилип калган, ал эми былтыркы шайлоого катышууга батынган эмес.

Албетте, Сариевдин саясий максаттарына Балыкчы-Корумду жолу боюнча тендерди иликтөөнүн жыйынтыгы таасир эте турган жагдайлардан. Ал эми иликтөөнүн жыйынтыгы кандай болушу азыркы кезде баарын көзөмөлдөп турган президент Атамбаевден көз каранды.

Темир Сариев оңдо.

Темир Сариев оңдо.

Темир Сариевдин ордуна Жогорку Кеңеш Сооронбай Жээнбековду жогорку ылдамдыкта өкмөт башчылыкка шайлады. Апрель ыңкылабынан кийин Ош облусунда өкмөттүн өкүлү болуп иштеп, былтыр Мамлекеттик кадр кызматына келген Сооронбай Жээнбеков өткөн айда болсо президенттик аппараттын жетекчисинин биринчи орун басары кызматына дайындалган болчу. Бир ай өтпөй өкмөт башына келди.

Сооронбай Жээнбеков Ош облусунда өкмөттүн өкүлү болуп турган кезинде көзгө көрүнөрлүк иш жасаган жок, демилгелер жокко эсе болгон деген сындар арбын. Ал эмес Ош шаарынын активдүү мэри болгон Мелис Мырзакматовдун алдында анын бийлик орду да кунарсыз болуп калганы маалым. Облус жетекчисинин мындай начар абалы анын колунда финансы, материалдык жана башка ресурстардын аздыгы менен байланыштырылган.

Эми каржы ресурстары көбүрөөк жерге келген Сооронбай Жээнбеков кандай саясат жүргүзөт деген суроолор арбын. Азыркы кезде бир нерсе айкын болуп тургандай, Сооронбай Жээнбеков Жантөрө Сатыбалдиев сыяктуу саясатка аралашпай, реформаларга басым жасабай, өкмөттүк аппаратты иштетүүгө басым жасайт. Ошондой эле анын президент Атамбаевдин, ал эле эмес президенттик аппараттын абдан эле ыгында болору айныксыз.

Бул президенттик аппараттын башчысы Фарид Ниязовдун кечээ күнү эле орун басары болгон Жээнбековду коштоп келип, өкмөт башчы кызматына отургузуп, президенттин жардыгын колуна карматкан символикалык көрүнүштөрдөн эле байкалып турат.

Жээнбеков өзү да партия жана президенттин ишенимин актоого умтуларын белгиледи:

Президент Алмазбек Атамбаев менен Сооронбай Жээнбеков

Президент Алмазбек Атамбаев менен Сооронбай Жээнбеков

- Партия ишенип, мага ишеним көрсөтүп жаткан соң, премьер-министр болуп калсам, Кыргызстан элинин алдында, парламенттин алдында, президенттин алдында уят болбосом деймин. Таза, жакшы иштеп берсем экен деп, кудайдан тилеп жатам.

Айрым адамдардын орун алмашуусун эске албаганда жаңы өкмөттүн курамы олуттуу өзгөргөн жок. Маселен, Сооронбай Жээнбековдун ордуна президенттик аппараттын биринчи орун басары болуп дайындалган Аалы Карашев, биринчи-вице-премьер-министрлик кызматка Социалдык фонддун төрагасы Мухаметкалый Абулгазиев дайындалды. Темир Сариевдин кызматтан кетүүсүнө алып келген чырдын шыкакчысы Аргынбек Малабаевдин ордуна Замирбек Айдаров транспорт жана коммуникация министри болуп дайындалды. Ошондой эле өкмөттүн аппарат башчысы алмашты.

Өкмөт башчылар алмашып, ал эми өкмөттүн курамы өзгөрбөй кала беришин бул өкмөттөрдү президент Атамбаев өзү түзүп жатканын аныктайт. Ошондуктан парламенттик система, бийликти бөлүштүрүү, өкмөттүн ролун күчөтүү сыяктуу сөздөр кургак сөз экени дагы бир жолу тастыкталды.

Орусияда чыгуучу “Независимая газетанын” журналистти Виктория Панфилова өкмөттү алмаштырууга баруу менен президент Атамбаев 2017-жылдан кийин да бийликте калуу амалын көрүп жатат дейт:

- Өкмөттүн алмашуусу саясий-экономикалык кризиске байланыштуу. Атамбаевдин президенттиги учурунда Сариев төртүнчү өкмөт башчы болду. Ага чейинки өкмөт башчы Оторбаев Кумтөр жаңжалы боюнча кетти. Сариев да экономикалык жаңжалга байланыштуу кетти. Таңкаларлык эч нерсе жок. Менин оюмча, Атамбаев 2017-жылдан кийинкиге даярдык көрүп, команда түптөөдө. Ал өкмөт башына кайра келип, бийликтен биротоло кетпештин камын көрүп жаткандай.

Оппозициялык саясатчылар өкмөт кетирген катачылыктарга аны кураган башкаруучу коалиция кошо жооп бериши керек деген маселени көтөрүп жатат.

Ошентип, Жогорку Кеңеш Сооронбай Жээнбековду өтө бир чоң ылдамдыкта өкмөт башына шайлады. Буга президент Атамбаевдин өкмөт тез түзүлүшү керек деген тапшырмасы себеп болду. Ал эми парламент спикерин шайлоо интригага толуп, бардык тарап танапис алууга аргасыз болду. Агасы Сооронбай Жээнбеков өкмөт башына дайындалганга байланыштуу Асылбек Жээнбеков төрагалык кызматтан кетти. Бошогон орун “Кыргызстан” жана “Өнүгүү-Прогресс” фракцияларынын лидерлери Канатбек Исаев жана Бакыт Төрөбаевдин ортосунда “улак тартышка” айланды. Амбициялуу эки саясатчы төрагалык орунду андан ары өкмөт башчы, президенттик үчүн секирик катары көрүп турат. Ошондуктан талаш абдан айыгышкан мүнөзгө өттү. Эки тарап тең бири-бирине жол берчүдөй эмес.

Бакыт Төрөбаев менен Канатбек Исаев

Бакыт Төрөбаев менен Канатбек Исаев

Эки фракция лидеринин мындай келишпес атаандаштыгы парламентти да бөлүп-жарган абалга алып келе тургандыктан, төрагалыкка башка мунасалуу фигура каралып жатканы тууралуу маалымат чыгууда. Ошондуктан төрагалык орун “жүгүргөн эмес, буйруган алат” дегендей башкага тийип калышы да ыктымал болуп турат.

АКШнын Мамлекеттик департаментинин ачуу сыны

14-апрелде АКШнын Мамлекеттик департаментинин дүйнөдөгү адам укуктарынын жана демократиянын абалы боюнча жылдык баяндамасы жарыяланды. Ага чейин ошол эле Америкада жайгашкан "Фридом хаус" укук коргоо уюмунун 2015-жылдагы адам укуктарынын абалы боюнча баяндамасы чыккан болчу.

Кыргызстан менен АКШнын туулары

Кыргызстан менен АКШнын туулары

Эки баяндамада тең Кыргызстандагы адам укуктарынын, сөз эркиндигинин, демократиянын абалы боюнча олуттуу сындар айтылган.

Маселен, “Фридом хаустун” баяндамасында Кыргызстанда оппозицияны мамлекеттик органдарды пайдалануу аркылуу каралоо күч алганы белгиленген. Бул Кыргызстанда ар кандай шектүү жагдайларда жаздырылып алынган аудиолор аркылуу оппозиция өкүлдөрүн камоо, аларды мамлекеттик маалымат каражаттары аркылуу соттун чечими чыкканга чейин эле каралап, жаманатты кылуу фактылары менен тастыкталат.

“Фридом хаустун” Өткөөл мезгилдеги өлкөлөр боюнча долбоорунун жетекчиси Нэт Шенкан жалпы эле Борбор Азия мамлекеттеринин лидерлери экономикалык кризис шартында өз бийликтерин бекемдөөгө умтулууда дейт:

- Аймактагы лидерлер кандай өзгөрүү болуп жатканын көрүп турушат. Алар экономикада кризисти байкап, бирок бийлигин бекемдөө жолдорун карап жатышат. Кошуналарга караганда салыштырмалуу эркин болгон Кыргызстанда дагы бийлик мамлекеттин рычагдарын колдонуп, атайын кызматтар аркылуу оппозицияны каралоо, аларды “так текеге” айлантууга аракеттенүүдө. Оппозициянын митинг, акция уюштуруусуна жол бербей жатат.

АКШнын Мамлекеттик департаментинин баяндамасында болсо, Кыргызстанга карата сын кескин жана катаалыраак болду. Ал сындар Кыргызстан калкына, өзгөчө саясатчы, жарандык активисттерге жана журналисттерге белгилүү көрүнүштөргө карата айтылган.

Маселен, Кыргызстандын сот системасындагы кемчиликтер, телеканалдардын көз карандылыгы, журналисттерди соттоо учурлары көбөйгөнү белгиленген. “Вечерний Бишкек” гезитин тартып алуу фактысына өзгөчө орун берилип, ал президенттик аппараттын жана сот органдарынын ич ара келишип алуусу менен ишке ашканы эске салынган.

16-апрелде болсо Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын Мамдепартаментинин баяндамасы боюнча төмөнкүдөй билдирүү таратты:

"Тышкы иштер министрлиги эл аралык жана чет элдик өнөктөштөргө, АКШнын тийиштүү институттарына кеңеш бергени жана бул масштабдуу иште тажрыйбалык жардамы үчүн ыраазычылык билдирет. Кыргызстанда аталган багыттар боюнча көйгөйлөр аз эмес, бирок алар тууралуу өлкөдө ачык айтылып, өкмөттүн жарандык коом менен тыгыз иштешүүсү аркылуу чечилип жатат.

Ошол эле учурда Кыргызстан баяндамадагы айрым баа берүүлөр саясатташып, ачык эле жасалмаланганын орунсуз деп эсептейт. Айрыкча, “мыйзамсыз камоолор”, “саясий жактан көз карашы бар адамдарды бийликтин кысмакка алышы” деген жыйынтыктар адилетсиз жана негизсиз. Кызмат адамдарынын жазасыз калышы, абактагы Азимжан Аскаровдун укуктарынын бузулушу, бейөкмөт уюмдарга басым тууралуу байкоолор таптакыр эле орунсуз".

Билдирүүдө "АКШнын Мамлекеттик департаментине мындай баяндаманы даярдаган авторлорду тандоодо алардын профессионалдуулугуна тыкыр көңүл буруп, алар берген материалдын сапатын арттыруу жагына көңүл буруусун сунуштайбыз. Мындай баяндамада адам укуктарынын сакталышы боюнча анализ жүргүзүүнү АКШ менен салыштырып кароону максаттуу деп эсептейбиз" деп айтылат.

Министрлик АКШ Мамдепартаментинин докладын мамлекеттик саясий системага басым жасоо аракети, саясий шантаж катары кабылданганын белгилейт.

АКШнын Мамлекеттик департаментинин баяндамасына улаалаш Жогорку Кеңеш “Бейөкмөт уюмдар жөнүндөгү” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү долбоорун экинчи окууда кабыл алды. Чет жактан каржыланган бейөкмөт уюмдарды "тыңчы" деп атап, көзөмөлдү күчөтүүнү караган мыйзам долбоорду буга чейинки чакырылыштын депутаттары иштеп чыккан.

Республикадагы өкмөттүк эмес уюмдар мыйзам долбоорун кабыл албоо талабы менен Бишкекте нааразылык акциясына да чыгышты. Бирок ал натыйжа берген жок.

“Бир дүйнө-Кыргызстан” укук коргоо кыймылынын лидери Төлөйкан Исмаилова депутаттар кабыл алып жаткан мыйзам Конституцияга каршы келерин билдирди:

Төлөйкан Исмаилова

Төлөйкан Исмаилова

- Биз ички жана тышкы экспертизадан өткөрүп, анын Конституцияга каршы келерин аныктадык. Мындай мыйзамдын Кыргызстанга кереги жок. Анткени ал дискриминация кылат. Көз каранды эмес уюмдарды "чыккынчы" деп, психологиялык чабуул кылып, элге жаман көрсөтүүнү көздөйт. Бирок азыр эл биз менен чогуу.

Ал эми “Кылым шамы” укук коргоо кыймылынын лидери Азиза Абдырасулова долбоорду сапаттуу талкуулоо үчүн айрым депутаттарды күтө турууга чакырууга аргасыз болду:

- Бүгүн ошол тийиштүү комитеттин мүчөлөрү сыртта иш сапарда жүрөт. Мыйзамдын негиздерин жакшы түшүнгөн Чолпон Жакупова жана Алмамбет Шыкмаматов сыяктуу депутаттар келгенден кийин каралсын деп жатабыз.

Бирок өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрүнүн бул талаптары угулган жок. Азырынча мыйзам толук кабыл алынуу жолунда баратат. Президентке кол коюуга жеткенде мамлекет башчынын позициясы айкындалат. Бирок Орусиянын таасири күчтүү Кыргызстанда ал мыйзам кабыл алынат деген чочулоо күчтүү.

Кыргызстан менен АКШнын мамилесинде быйылкы жылдын башында жандануу байкалган. Февраль айынын башында төрага Асылбек Жээнбеков АКШнын Кыргызстандагы элчиси Шейла Гуолтни айымды кабыл алып, эки өлкөнүн өкмөттөрү кызматташуу боюнча жаңы келишимдин үстүндө иштей баштаганы тууралуу каңшаар тараган. Мамлекеттик департаменттин адам укуктары боюнча баяндамасында кыргыз бийлигинин дарегине айтылган сындар эки тараптын мамилесинде жылыштар бар деген күтүүлөргө үмүт бербейт.

Төмөндөгөн экономика

Кыргызстанда экономикалык кырдаал татаал бойдон кала берүүдө. Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, үч айдын жыйынтыгында ички дүң продукциянын көлөмү дээрлик 5% кыскарды. Өнөр жай 25%дан ашуун, текстиль тармагы 56%, энергетика 10,6%, тигүү 18,5% кыскарган.

Келечектеги өсүштүн булагы боло турган негизги инвестиция салуу да кыскарууда. Ал өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 99,3% гана түзгөн.

Оштогу базарлардын бири

Оштогу базарлардын бири

Өкмөттүн көңүлүн жайгара турган жагдай бааларда болуп жатат. Анткени баалар дээрлик 1% төмөндөгөн. Бирок бул орус эксперттери белгилегендей, өкмөттүн жеңиши эмес, “картошканын инфляцияны жеңүүсү" болууда. Анткени өткөн жылы түшүмдүн жакшы болушу, ошого жараша азык-түлүктүн көбүрөөк өндүрүлүшү баалардын өсүшүнө жол берген жок.

Кыргызстандын тышкы соодасында дагы кыскаруу жүрүп жатат. Быйылкы жылдын эки айында экспорт болгону 200 млн доллардан ашып, өткөн жылга салыштырмалуу 18% кыскарган. Ал эми импорт 410 млн доллар болуп, 30% кыскарган.

Төмөн инфляция жана катуу акча-насыя саясатынын негизинде улуттук валюта - сом долларга карай бекемделип жатат. Эксперттер аны сезондук фактор менен да байланыштырып жатканы маалым. Сомдун бекемделишине ошондой эле орус валютасы рублдин долларга карай бекемделүүсү да өзүнүн таасирин тийгизип жатат. Орус валютасы болсо мунайга баанын 44 долларга көтөрүлүшү менен бир топ бекемделип алды. 15-апрелге карай орус банкы бир доллардын баасын 66 рубль 4 тыйын деп белгилесе, Кыргызстандын Улуттук банкы 16-апрелде бир доллардын баасын 66 сом 46 тыйын деп баалады.

17-апрелде Доха шаарында ОПЕК жана ОПЕКке кирбеген мунай өндүрүүчү мамлекеттердин энергетика министрлери чогулуп, мунай өндүрүүнү февраль айындагы өлчөмдө кармап турууну макулдашууну көздөөдө. ОПЕКте Сауд Аравиясы негизги ролду ойносо, ОПЕКке кирбеген мунай өндүрүүчүлөр арасында Москва чечүүчү таасирге ээ. Доха жыйынын мына ушул эки өлкө уюштуруп, макулдашып жатканы кабарланган. Бул өлкөлөр мунайга баанын төмөн деп, аны көтөрүү үчүн өндүрүштү көбөйтпөөнү чечүүдө. Бул чечим мунайга баанын көтөрүлүшүнө, аны менен рублдин бекемделүүсүнө алып келүүдө. Рубльдин артынан сом да бекемделүүдө.

Албетте, Улуттук банк валюта базарына тыкыр көз салып, керек учурда сом же доллар менен интервенция жасоодо. Маселен, апрель айынын ичинде үч жолу интервенция жасалды. Анын биринде Улуттук банк валюта базарына 14 млн доллардан ашуун сатса, 11-апрелде 22 млн доллардан ашуун сатып алды. 1-апрелде да Улуттук банк 6,6 млн доллар сатып алган эле.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG