Линктер

Апта: Колдон чыккан коло, “коңулда” жазылган долбоор


Оор атлетчи Иззат Артыковдун канынан кызытма табылып, коло медалынан ажыратылды.

Оор атлетчи Иззат Артыковдун канынан кызытма табылып, коло медалынан ажыратылды.

Кыргызстанда конституциялык реформа боюнча талаш-тартыш күч алды. Сирия согушунда Орусия Ирандын аба майданын колдоно баштады.

Кыргызстан Рио Олимп оюндарында утуп алган коло медалдан ажыратылды.

"Союздаштар" сокку урганда...

Конституциялык реформа Кыргызстанда чоң талаш-тартыш жана саясий күрөштү пайда кылды. Президент тараптын өзүнө ишенимдүүлүк менен, башкалардын пикирин эсепке албай алып чыккан долбооруна каршылык күчөдү. Кечээки өнөктөштөрдүн бири референдумга түз каршы чыкса, башкалары Конституциялык кеңешме түзүүнү сунушташты. Бул сунуш референдумдун мөөнөтүн создуктуруп, Ак үйдүн планынын бузулушуна жана алар каалагандай өзгөртүү болбой калуусуна алып келиши ыктымал.

Конституциялык кеңешме чакыруу сунушу менен мурунку өкмөт башчы Темир Сариев чыкты. Ал Конституцияны өзгөртүү боюнча формалдуу демилгечи болуп жаткан парламенттеги төрт фракцияга кайрылуусунда, калктын бардык катмарынын пикирин угуу үчүн Конституциялык кеңешме түзүүнү жана талкуунун мөөнөтүн узартууну сунуштады.

Темир Сариев

Темир Сариев

Жогоруда айтылгандай, бийлик аны кабыл алууга азырынча даяр эмес. КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов аны мындайча негиздеди:

- Толугу менен жаңы Конституция кабыл алынып жатса, баарын салмактап, баарын текши караш үчүн Конституциялык кеңешме чакырса болмок. Азыр эми беш-алты беренеге өзгөртүү киргизилип жатат. Бирок ыйгарым укуктар бир аз, бир аз өзгөрүп жатат. Ошого чуу салбай эле сунуштарын берсе болот. Бул жерде саясат же саясий көз караштар болуп жатат деп ойлоймун.

Иса Өмүркулов

Иса Өмүркулов

Конституцияны өзгөртүү демилгесин сүрөөдө президент тараптан аппарат башчы Фарид Ниязов жана Иса Өмүркулов активдүү болууда. Ал эми калган демилгечилер - “Республика - Атажурт”, “Кыргызстан” жана “Өнүгүү” фракциялары жана алардын лидерлери азырынча кайдыгер бойдон калууда. Бул алардын жогору жактан сунушталган долбоорду аргасыздан гана колдоосун же бийлик каршылаштары сындагандай долбоорду “түшүнбөй” жатышынан кабар берет.

Конституциялык кеңешме түзүү сунушу 19-августта да айтылды. “Ар-намыс” партиясынын лидери Феликс Кулов Конституцияны өзгөртүү боюнча талкууда баары легитимдүү болуш үчүн долбоорду жалпы элдик талкууга алып чыгууну жана Конституциялык кеңешме түзүүнү сунуштады.

“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаров Конституцияны өзгөртүү аракетин “бир топтун” бийликти сактап калуу аракети катары баалады. "Бул өлкөдө тоталитаризм жана диктатуранын жаралышына алып келет" дейт Мадумаров. Конституцияга өзгөртүү киргизүүнү мыйзамдуу жолго салыш үчүн Конституциялык палатага кайрылууну жана өлкөдөгү саясий лидерлер, эксперттердин катышуусу менен талкуу уюштурууну сунуштады. Бул да иш жүзүндө Конституциялык кеңешме түзүүгө чакырууну билдирет.

Ыйгарым укуктар бир аз, бир аз өзгөрүп жатат. Ошого чуу салбай эле сунуштарын берсе болот. Бул жерде саясат же саясий көз караштар болуп жатат деп ойлоймун.

Конституциялык кеңешме чакырууну Ак үй Иса Өмүркулов аркылуу четке кагып жатканы менен, ал кырдаалга жараша өзгөрүүсү мүмкүн. Сентябрь айында Жогорку Кеңештин күзгү сессиясы башталат. Мына ошондо чечимдер кабыл алынат. Системдик эмес оппозиция лидерлери жана жарандык активисттердин сунуштары жана пикирлери таразага салынат. Референдумга каршы чыгып жаткан парламенттеги “Ата Мекен” фракциясы маселени парламентте көтөрөрү турган иш.

Буга чейин президент Атамбаев бул маселеде пикирин оңой өзгөрткөнү белгилүү. Маселен, 2015-жылы Өмүрбек Текебаев, Феликс Кулов жана Чыныбай Турсунбеков Конституцияга өзгөртүү киргизүү аракетин колдоого алып, бирок кийинчерээк коомчулуктун каршылыгына байланыштуу деп четке какканы маалым. Андан кийин күзүндө толук парламенттик системага өтүүнү демилгелеп, бирок белгисиз жагдайларда андан да баш тартып, өзгөртүү тууралуу үн чыкпай калган. Быйылкы жайда болсо бийллик Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча жаңы долбоорун алып чыкты. Ошондуктан коомчулуктагы каршылыктар Ак үйдө башка эсеп-чотторду пайда кылышы ыктымал.

"Ата Мекен" менен КСДПнын карама-каршылыгы

Конституциялык реформа КСДП менен “Ата Мекендин” ортосунда чоң араздашууну пайда кылды. Анын биринчи курмандыктары пайда боло баштады. “Ата Мекендин” кадры эсептелген Кылычбек Султанов Малайзиядагы элчилик кызматтан бошотулду. Султанов өзү Конституция боюнча референдумга каршы болгону үчүн элчиликтен бошотуу арызын жазганын айтса, Тышкы иштер министрлиги Малайзиядагы элчилик натыйжалуу иштебегендиктен жабылуу алдында турган мекемелерден экенин кабарлады.

Алмазбек Атамбаев менен Өмүрбек Текебаев

Алмазбек Атамбаев менен Өмүрбек Текебаев

“Ата Мекендин” дагы бир өкүлү Алмамбет Шыкмаматов Конституцияны өзгөртүү боюнча долбоорду Венеция комиссиясына жолдоп жибергенин кабарлады:

- Венеция комиссиясын мен демократиялык, мен цивилдүүмүн деген мамлекеттердин баары тааныйт жана алардын пикири менен эсептешет. Ошондуктан сунушталган долбоорго укуктук экспертиза жасап берүү сунушу менен Венеция комиссиясына кайрылдым. Алар кайрылууну алганын тастыкташты. Бир-эки жумада эксперттик корутунду чыгарып беришет.

Венеция комиссиясынан кандай корутунду келери азырынча белгисиз. Бирок Шыкмаматов өзү партия лидери Өмүрбек Текебаев сыяктуу эле референдумга каршылыгын билдирүүдө.

Коло медалдан кол жууп калганда

Узап бараткан жумада Кыргызстандын эсинен чыкпайт турган окуя Рио Олимп оюндарында болду. Оор атлетчи Иззат Артыковдун канынан кызытма табылып, коло медалынан ажыратылды. Муну менен Кыргызстандын олимпиада командасы жалгыз медалынан кол жууп калды. Республика чоң үмүт арткан балбан кыз Айсулуу Тыныбекова абдан аракеттенип, бешинчи орунга жетишти. Айсулуу коло үчүн күрөштө индиялык атаандашынан утулуп калды.

Иззат Артыков кызытма колдонбогонун билдирип жатат. Анын машыктыруучулары да ушундай маалымат беришүүдө. Артыков “Азаттыкка” берген маалыматында буларды билдирди:

- Мындай болбошу керек эле. Кызытма колдонгон эмеспиз. Бирөө-жарым тамаккабы атайлап салып койгондой болуп жатат. Эми аны териштирип көрөбүз.

Кыргызстандын Жаштар, спорт жана дене тарбия боюнча агенттигинин башчысы Канат Аманкулов кыргыз атлетинен кызытма колдонгону тууралуу маалыматты ырастап, анын кандай себептен пайда болушун иликтөө үчүн атайын комиссия түзүлөрүн билдирген.

Сирияга Хамадандан сокку урула баштады

Сириядагы согуш, Украина чыгышындагы кырдаал дүйнө көңүлүнүн борборунда кала берүүдө.

Сирияда негизги күрөш өлкөдөгү экинчи шаар Алепподо жүрүп жатат. Белгилүү болгондой, бул шаардын бир бөлүгүн өкмөттүк күчтөр көзөмөлдөсө, экинчи бөлүгүн оппозициялык күчтөр тескейт. Оппозициялык күчтөрдүн катарында "Жебхат ан-Нусра" сыяктуу террордук деп таанылган уюмдар да бар деген Орусия жана Сирия аба күчтөрү алар жайгашкан жерлерге абадан сокку урууда. Мындай соккулардын курмандыгына тынч тургундар туш келип жатканын Адам укуктары боюнча Сирия уюму жана башка укук коргоочу уюмдар кабарлоодо.

Алепподо аба соккусунан кийин урандылар астынан чыккан балдар.

Алепподо аба соккусунан кийин урандылар астынан чыккан балдар.

Сирияда жүрүп жаткан согуш жаш-кары дебей кыяматка салып жатканы бомбалоодон кийин урандылар арасынан алып чыгылган беш жаштагы баланын жүрөк титиреткен сүрөтүнөн көрүнүп турат. Орусия жана Сирия тестиер бала куткарылган районго сокку урбаганын билдирди.

Кошмо Штаттардын Мамлекеттик департаментинин маалымат катчысы Жон Кирби Сирия маселесин курал менен чечүүгө болбосун дагы бир жолу эске салды:

- Ал жердеги жарандык конфликтти аскерий жол менен чечүүгө болбойт. Тилекке каршы, Сирия режими аскердик жол менен чечүү аракетин улантып жатат. Бул аракет орус аскерлери тарабынан колдоого алынууда.

Жон Кирби Кошмо Штаттар Сирия маселесин саясий жол менен чечүү аракетин жасап жатканын кошумчалаган.

Узап бараткан жумада Орусия Сириядагы буталарга сокку урууда олуттуу артыкчылык алганы маалым болду. Орус аба күчтөрү шейшемби күндөн тарта Ирандын Хамадан шаарына жакын жайгашкан аба майданын колдоно баштаганы айтылды. Орусиянын узак радиустагы Ту-22М3 бомба таштоочу жана Су-34 учактары Иран аба майданына конуп-уча баштады. Буга чейин Орусия учактары Моздоктогу аба майдандан учуп келчү. Хамадандагы аба майданын пайдалануу менен Сирияга аралык 60% кыскарып, Орусия артыкчылыкка ээ боло баштады. Анткени күйүүчү май үнөмдөлүп, учактар көбүрөөк бомба жүктөп учууга мүмкүнчүлүк алышты.

Кошмо Штаттар Орусиянын Ирандын аба базасын колдонуусу Бириккен Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешинин Иран боюнча чечимине каршы келиши мүмкүн экенин билдирди. Чечимде Иранга чабуул коюучу куралдарды сатууга тыюу салынган. Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров АКШнын шегине мындай жооп берди:

- Иранга аскердик учактар сатылган жок, берилген жок. Бул аскерий учактар Ирандын макулдугу менен Орусиянын Аба-космостук күчтөрү тарабынан Сириянын мыйзамдуу өкмөтүнүн өтүнүчү менен антитеррордук операцияда колдонулуп жатат.Сириянын мыйзамдуу өкмөтүнүн өтүнүчү менен Иран да кызматташып жатат.

Хамадан аба майданын Орусиянын колдонуусу Ирандын өзүндө да суроо жаратты. Иран парламентиндеги талкууда аба базаны колдонууга Ирандын Коопсуздук боюнча улуттук кеңеши уруксат бергени айтылды.

Иран парламентинин коопсуздук жана коргоону комитетинин маалымат катчысы Хоссейн Нагави Хоссейни чечим тууралуу буларды билдирди:

- Орусия “Ислам мамлекети” аталган террордук уюмга чындап күрөшкөн өлкөлөрдүн бири. Биз андай террорчуларга каршы күрөштү колдошубуз керек. Иран бул боюнча позициясын эч өзгөрткөн эмес. Дал ушул максатта Иран жана Орусия жакшы кызматташууну жолго койду. Иран кызматташууда ар кандай механизмдерди колдонууга, анын ичинде объектерди колдонууга макул болгон.

Иран парламентинин коопсуздук жана коргонуу комитетинин төрагасы Алладин Боружерди Сирия боюнча тыгыз кызматташуу боюнча Түркия менен сүйлөшүү жүрүп жатканын билдирди. Сирия боюнча кызматташуу максатында Анкара менен Москванын ортосунда да сүйлөшүү жүргөнү маалым. Буга чейин Сирия маселесинде Иран жана Москванын көз карашы жакын болсо, Түркиянын позициясы карама-каршы болгон. Өзгөчө Сирия президенти Башар аль-Асад боюнча үч мамлекеттин ортосунда кескин карама-каршылык бар. Москва жана Тегеран Асадды колдосо, Түркия Сириядагы балээнин баары Асаддан деп эсептейт. Бирок Түркиядагы акыркы окуялар анын позициясында өзгөрүү болуп, Москва-Анкара-Тегеран биримдиги түзүлүү ыктымалдыгы айтылууда.

- Ал жердеги жарандык конфликтти аскерий жол менен чечүүгө болбойт. Тилекке каршы, Сирия режими аскердик жол менен чечүү аракетин улантып жатат.

Анкаранын Москва жана Тегеранга бурулуусу Вашингтон жана Батыш Европанын тынчын албай койбойт. Анткени Түркия НАТОнун белдүү мүчөлөрүнүн бири. Бирок Фетхуллах Гүлен маселеси Анкара менен Вашингтондун мамилесин салкындатып салды. Европа мамлекеттерине тышкы сапарга чыккан АКШнын вице-президенти Жо Байдендин 20-августтан кийин Түркияга келиши да белгиленген.

Узап бараткан жумада Орусия менен Украинанын мамилеси чыңалган бойдон калды. Украин президенти Петро Порошенко 18-августта Львов облусунда болгон учурда өлкө чыгышында, Донбасста абал курчуса, Украина боюнча аскердик абал жарыяланарын билдирди. Киев менен Москванын ортосундагы мамиле болсо, Крымда украин диверсанттары кармалды, аларды кармоо учурунда Орусиянын эки жоокери өлдү деген маалыматтан кийин курчуган.

Орус президенти мына ошол курчуган абалдын шартында 19-августта Крымга келип, Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрдү. Крымдын айланасына көп аскер күчтөрүн топтоп, машыгуулар өткөрө баштады. Мына ушулардын баары Орусия менен Украина ортосунда масштабдуу кагылышуу коркунучун кабарлай баштады. Бирок орус президенти Владимир Путин Орусия Украина менен дипломатиялык мамилесин үзүүнү каалабасын билдирди. Крымдагы диверсияга токтолгон Путин “Украина Минск келишимин аткара албагандыктан жана өлкөдөгү социалдык-экономикалык абалдын оорлошун калкка түшүндүрүп бере албагандыктан барды” деп сыпаттаса, Киев өз кезегинде Крымдагы окуяны Орусиянын чагымы деп баалады.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG