Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:22

Партлидерлер “мандатты” каалагандай бөлүүгө кызыкдар


"Республика" фракциясынын депутаттары мандат алгандан кийин, 2010-жылдын 10-ноябры.

"Республика" фракциясынын депутаттары мандат алгандан кийин, 2010-жылдын 10-ноябры.

Жогорку Кеңеш Шайлоо кодексине өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алды.

Өзгөртүүлөр толук кабыл алынса бошоп калган депутаттык орундарга жаңы депутаттарды дайындоо укугу партия лидерлерине берилип калат. Жарандык коомдун өкүлдөрү парламенттин кадамын кескин сынга алууда.

Өзгөртүү - конституция талаптарына каршы

Азыркы кезде иштеп турган Шайлоо кодексинин жаңы редакциясы 2007-жылы 21-октябрда референдумда кабыл алынып, мына ошондо партиялык тизме менен шайлоонун жол-жобосу бекитилген. Бул кодекстин негизинде 2007-жылы декабрда парламенттик шайлоо өткөрүлүп, анда “Ак жол”, КСДП жана Коммунисттик партия жеңишке ээ болгону жарыяланган.

Ушул эле кодекстин негизинде 2010-жылы да парламенттик шайлоо өткөрүлдү. Ал эми азыркы кезде коомчулукта карама-каршылыкты жараткан өзгөртүүлөр кодекстин 78 жана 72-беренелерине тиешелүү болууда.

Маселен, Шайлоо кодексинин 78-беренесинин 3-бөлүгүндө депутаттык мандат мөөнөтүнөн мурда тапшырылганда, бошогон мандат тизмедеги кийинки талапкерге берилери көрсөтүлгөн.

Жогорку Кеңеш азыркы мезгилде мына ушул беренени өзгөртүп, депутаттык мандат партиянын саясий кеңешинин чечими аркылуу берилет деген жобону киргизүүнү көздөөдө.

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Эрик Ирискулбеков Жогорку Кеңеш кодекске мындай өзгөртүү киргизүү менен конституциянын талаптарын бузат деген пикирде. Ал ошондой эле эгерде бошогон мандат партиянын саясий кеңешинин чечими менен бериле турган болсо, кодекстин 72-беренеси да бузулаарын эскертүүдө.

Белгилүү болгондой, 72-беренеде партия талапкерлердин тизмесин квоталарды эске алуу менен курултайда бекитет деп жазылган.

Кодекске мындай өзгөртүү киргизүү Конституциянын бир нече беренелерине каршы келерин 20га чукул өкмөттүк эмес уюмдар белгилеп, ага жол бербөө өтүнүчү менен бийлик башчыларына кайрылышты.

Өзгөртүүнүн өзөгү эмнеде?

Өзгөртүү киргизүүгө болсо “Республика”, “Ата-Журт” жана “Ар-намыс” фракциялары өзгөчө кызыкдар болуп жатканы айтылууда. Бул “Ата-Журт” жана “Республика” фракцияларынан өкмөткө кеткен депутаттардын ордуна партия лидерлери каалаган талапкерге мандат берүү максаты менен байланыштуу экени белгиленүүдө.

“Ата-Журт” фракциясынын мүчөсү Курманбек Осмонов кодекске өзгөртүү киргизүү жеңил-желпи болбосун белгилейт:

- Бул мыйзам долбоору дагы эки окулушта каралат. Азыр биринчи окулушта кабыл

алынды. Жаңы Конституция боюнча бардык мыйзамдар үч окулушта кабыл алынат. Депутаттын бошогон ордун толтуруш тартиби Конституциялык мыйзам менен аныкталат деп Конституцияга жазылып калган. Ошондуктан бул жагын дагы караш керек. Баарын эске алыш керек

Жеңиш Акматов ошондуктан парламентти эски кодексти түзөтпөй, шайлоого байланыштуу жаңы Конституциялык мыйзам кабыл алышы максатка ылайыктуу болоорун да кошумчалады.

Парламентке өткөн саясий партиялар депутаттык мандаттарды кодекске ылайык эмес, саясий кеңештин чечими менен бөлүштүрүүгө шайлоо алдында эле кызыкдар болгон. Мына ошондуктан айрым партиялар депутаттык мандаттар талапкерлердин тизмедеги орундарына эмес, бөлүнгөн аймактан канча добуш чогултуусуна жараша бөлүнөөрүн үгүт өнөктүгү учурунда убада кылган.

Бул убадаларды аткаруу маселеси шайлоодон кийин “Ата-Журт” жана “Республика” партияларынын ичинде жанжалдарды пайда кылганы белгилүү. Бирок партия лидерлеринин мандаттарды каалагандай бөлүштүрүү максатына анда Шайлоо кодексинин талаптары жол берген эмес эле. Эми ошол талаптарды өзгөртүү аракети жасалууда.

.

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Жеңиш Акматов Борбордук шайлоо комиссиясы кабыл алынган мыйзамдарды аткаруучу орган экенин белгилөө менен буларга токтолду:

- Азыркы кодекс дагы азыркы күнү иштебейт. Себеп дегенде Конституциянын 70-беренесинде жазылып турат, баары шайлоо жөнүндөгү Конституциялык мыйзам менен аныкталат деп.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG