Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:43

Демократия "чапанын" кийген беларус шайлоосу


Беларус
Беларус

Жекшемби күнү Беларуста парламенттик шайлоо өттү. Анын жыйынтыгында 110 орундуу парламентке оппозициянын эки өкүлү мүчө болду.

Муну менен акыркы жыйырма жылда Беларус парламентинде биринчи жолу оппозиция өкүлү мандатка ээ болуп отурат. Бирок ЕККУнун байкоочулары шайлоону адилет жана эркин болду деп эсептөөгө мүмкүн эместигин 12-сентябрда билдирди.

Беларус парламентинин төмөнкү палатасына шайлоо 11-сентябрда өткөрүлдү. Парламенттеги 110 орун үчүн 110 шайлоо округу түзүлүп, 484 талапкер ат салышты. Алардын ичинен 176 талапкер оппозициялык партиялардан болду.

Беларустун Борбордук шайлоо комиссиясынын билдирүүсү боюнча, жекшембидеги добуш берүүгө шайлоочулардын 74,32% катышты.

Шайлоонун жыйынтыгында оппозиция талапкерлеринен Бириккен жарандар партиясы көрсөткөн Анна Конопацкая жана оппозиция менен байланышы бар, көз карандысыз талапкер Елена Анисим өз шайлоо округдарында жеңишке жетти.

Бул эки депутат 1996-жылдан бери Беларус парламентиндеги биринчи оппозициялык көз караштагы эл өкүлү болмокчу. Бирок Бириккен жарандар партиясынын лидери Анатолий Лебедько Анна Конопацкая мандаттан баш тартышы мүмкүндүгүн билдирди. Анткени партия 11-сентябрдагы добуш берүүнү жана ага чейин жүргүзүлгөн үгүт өнөктүгүн демократиялык деп тааныган эмес жана мыйзам бузуулар болгонун билдирген. Ошондуктан партия жыйын куруп, Анна Конопацкаянын мандатына байланыштуу маселени чечери кабарланууда.

Беларустагы парламенттик шайлоого ЕККУ, КМШ жана ШКУнун өкүлдөрү байкоо салышты. КМШ жана ШКУдан келген байкоочулар шайлоо мыйзам чегинде болгонун жарыялашты.

ЕККУнун кыска мөөнөттүк байкоочулар миссиясынын башчысы Кент Харстед шайлоону адилеттүү жана эркин болду дегенге болбойт деп билдирип: “Ал жерде көп мыйзам бузуулар орун алды. Ошондуктан ал эл аралык стандарттардын талаптарына жооп берет дегенге болбойт” деп белгиледи.

Шайлоонун расмий жыйынтыгы менен чечим чыгарууга болбосун белгилеген Кент Харстед Беларус бийлигине шайлоочуларды каттоо системасын өркүндөтүүнү, шайлоо комиссияларына оппозициялык партиялардын өкүлдөрүн көбүрөөк дайындоону сунуштады.

Беларус бийлиги шайлоонун жогору уюшкандыкта өткөнүн билдирди. 12-сентябрда Беларус президенти Александр Лукашенко шайлоо "тынч жана коопсуз шартта" өткөнүн маалымдады:

- Мага жеткен алдын ала маалыматтар боюнча шайлоо болуп өттү. Ал тынч жана коопсуз шартта өттү. Кандайдыр бир чыр-чатак тууралуу кабар беришкен жок. Мүмкүн майда келишпестиктер болгондур. Бирок алар тууралуу менде кабар жок.

Президент Беларус жарандарына коопсуз жана тынч шартта, альтернативалык негизде шайлоого мүмкүнчүлүк түзүлгөнүн кошумчалады.

Көз карандысыз журналист жана серепчи Александр Класковский Беларуста шайлоо мурунку кездегидей эле өттү деп эсептейт:

- Албетте, Беларус бийлиги шайлоодо демократиялык прогресс болду деп рекламалап жатышат. Бирок ал прогресс декоративдүү түрдө гана. Шайлоо эски сценарий боюнча катуу административдик көзөмөл астында өттү. Маселен, шайлоочулардын 31% ашууну алдын ала добуш беришти. Көз карандысыз байкоочулар анын учурунда административдик ресурс абдан кеңири колдонулганын билдирди. Анын үстүнө алдын ала шайлоо көбүнчө жабык түрдө болот.

Класковскийдин пикиринде, Беларус бийлиги батышка шайлоо демократиялык мүнөздө өттү деп көрсөтүү үчүн оппозициянын эки өкүлүн жеңишке жеткирип койду. Муну менен Беларус оппозициясы да кыйчалыш абалда калды. Анткени алар буга чейин шайлоонун легитимдүү эместигин билдирип келсе, эми мандатты алуу менен шайлоонун жыйынтыгын тааныгандай болот. Мандатты албай коюу да туура эмес...

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG