Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:07

Депутаттар кыйраган учактагы жүктү иликтейт


Бишкектин четинде кулаган “Боинг 747-400” учагындагы жүктүн чоо-жайын иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүлдү.

Курамында КСДП фракциясынан Жанар Акаев, Мурадыл Мадеминов, Искендер Кадыркулов, “Кыргызстан» фракциясынан Канат Исаев, Алмаз Баатырбеков, «Өнүгүү – Прогресстен» Мирлан Бакиров, «Бир Болдон» Мыктыбек Абдылдаев, «Ата Мекен» фракциясынан Өмүрбек Текебаев, «Республика – Ата Журттан» Курманкул Зулушев, Максат Сабиров жана Болотбек Ибраимжанов бар.

Кулаган учактын бортунда 85 тонннадан ашуун жүк бар болгону, Гонконгдон Стамбулга баратканы кабарланган. Бирок ACT Airlines компаниясы Бишкектин четинде кулаган учак күйүүчү май куюу үчүн эмес, Кыргызстанга жүк жеткирүү максатында конуп жатып кыйраганын кабарлаган. Учак Түркиядагы аталган компанияга таандык.

Бирок “Манас” аэропортунун басма сөз кызматы бул маалыматты төгүндөп, учак май куюуну жана экипажды алмаштырууну көздөгөнүн, борттогу жүктү Гонконгдон Стамбулга алып баратканын билдирген.

Бүгүн парламент жыйынында“Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев бул маселени көтөрүп, өкмөт тезинен түшүндүрмө берүүсүн талап кылды. Депутаттык комиссия түзүү демилгесин "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев менен "Бир бол" фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов да көтөрдү.

Өмүрбек Текебаев жүк боюнча тыкыр иликтөө зарылдын парламентте билдирди:​

- Биз Бишкекке жүк алып келгенбиз деп айтып жатат. Ал эми биздин өкмөт башчылар баш болуп, коомчулуктан жашырып, алар май куюу үчүн токтогон деп алдашууда. Түрктөр бир жолу эмес, 52 жолу жүк алып келгенбиз деп айтып жатат.

16-январда Бишкектин сыртында кыйраган АСТ Airlinesтин учагы "Манас" аэропортуна жүк түшүргөнү келгенин Стамбулдагы авиакомпаниянын өкүлү билдирген:

- ​Учакта жетиштүү күйүүчү май бар эле. Кандайдыр бир маселе жок болчу. Учагыбыз ансыз деле Бишкекке сапар алган. Бара турган маршрут Бишкек болчу. Ал жакка барды. Ооба, жүк түшүрүү үчүн барган. Жүктүн ичинде эч кандай коркунучтуу нерсе жок болчу.

Буга чейин өкмөттүн биринчи вице-премьер министри Мухамметкалый Абулгазиев да түркиялык учак “Манас” аэропортуна май куюу үчүн гана конуу максатын көздөгөн деп ырастаган болчу.

Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов дагы соңку маалыматка байланыштуу "Азаттыкка" учак Бишкекке күйүүчү май куюу үчүн келатканы айтылганын, жүк түшүрөт деген маалыматты биринчи жолу укканын билдирди. Министр эки версияны тең расмий түрдө тастыктай албастыгын кошумчалады:

- Тигинисин да, мунусун да тастыктай албайм. Расмий түрдө менде андай маалымат жок. Мен билгенден бир эле нерсе - учак аэропортко келип конуу үчүн келатканын мен тастыктайм. Эмне үчүн келип конуп жатканы тууралуу менде маалымат жок. Күйүүчү май куюуга деп айтылган.​

АСТ Airlines авиакомпаниясынын 18-январдагы кагаз жүзүндөгү билдирүүсүндө айтылгандай, компания Кыргызстанда кыйраган Боинг 747-400 сыяктуу учактары менен Бишкектин башкы аба майданына буга чейин 52 ирет каттаган.

Компания ошондой эле билдирүүсүндө учагы конууга бирден көп ирет аракет жасаган деген маалыматты четке какты. Ошондой эле билдирүүдө каттамды эки гана учкуч аткарганы көрсөтүлүп, ​"Гонконг-Бишкек алты сааттык жол жана [алты сааттык] иш мөөнөтүнө байланыштуу кошумча пилотко муктаждык жок" деп түшүндүрүлөт.

Гонконгдон учуп чыккан Боинг-747-400 жүк учагы Бишкектин “Манас” аэропортуна жакын Дача конушуна 16-январда таңга жуук кулаган. Бул окуяда каза тапкандардын саны бүгүнкү күнгө карата 38 киши экени аныкталды. Алардын төртөө экипаж мүчөлөрү, калгандары айыл тургундары. Көз жумгандар арасында жаш балдар да бар.

18-январда Кыргызстанда кыйраган түркиялык учактын экинчи "кара кутусу" табылганын өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Кыйраган учактын биринчи "кара кутусу" 17-январда табылган эле. "Кара кутулар" учактын кырсык себептерин аныктоодогу эң маанилүү жабдуусу.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG