Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:07

“Пирамида”, “Бешинчи канал” саттыкка коюлат


7-апрель окуясынан кийин Убактылуу өкмөт өз декрети менен ондогон обьектерди мамлекетке кайтарган. Өкмөт алардын көпчүлүгүн июнь айынан тарта сатууну көздөп жатат.

Мамлекетке жалпысынан 47 обьект кайтарылган. Алардын айрымдарынын тагдыры талаш туудурбастан мурунку калыбында иштеп жатышат. Бул “Нарынгидроэнергокурулуш”, “Нарынгидроэнергомонтаж” , “Дастан”, “Бишкек арак” заводу сыяктуу ишканалар.

Ал эми Ысык-Көлдөгү “Достук”, “Солнышко”, “Аврора плюс”, Чокталдагы
комплекс жана башка ондогон эс алуучу жайлар мамлекетке кайтарылып, бирок кийинки тагдыры белгисиз болуп турат. Бул обьектерди башкаруу үчүн Мамлекеттик мүлк министрлиги атайын Башкармалык түзгөн. Бул башкармалыктын жетекчиси Дайырбек Кенекеевдин “Азаттыкка” билдирүүсүнө караганда, 30 обьект ачык аукциондо сатыла турган болду. Бул үчүн атайын программа кабыл алынып, парламентке жолдонду. Обьектерди саттыкка коердон алдың алардын баасын көз карандысыз баалоочулар аныкташ керектигин Кенекеев белгиледи:

- Көз карандысыз баа койгон уюмдар бар, ошолор бизге тактап, баа коюп берет. Базар баасы аныкталгандан кийин тендер жарыялап, ачык аукциондо сатыкка коелу деген ниетибиз бар. Бул ишти июнь айынын ортосунан тарта аткарууга киришебиз деп турабыз, деген Дайырбек Кенекеев аукционго коюла турган обьектердин ичинде “Бешинчи канал”, “Пирамида” телеканалдары, эс алуу үйлөрү, ишканалардын акциялары, автоунаалар, жер участоктору бар экенин кошумчалады.

Мамлекетке кайтарылган обьектердин ичинде “Азияуниверсалбанк” болгон. Бул банк экиге бөлүнүп, анын жакшы активдеринин негизинде “Залкарбанк” түптөлүүдө. Бул банк дагы саттыкка коюлары кабарланган. Мамлекеттин колунда “Мегакомдун” 49% акциясы дагы бар. Ал дагы сатыкка коюлары күтүлүүдө. Ал эми калган 51% тагдыры сот аркылуу чечилиш керек.

Жогорку Кеңештин экономикалык стратегия, инвестициялык саясат жана туризм боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Абдыжапар Бекматов бир катар обьектер боюнча программа келип түшкөнүн билдирди:
- Биздин комитетке Бишкек, Чүй, Талас башкармалыктары боюнча келип түшкөн. Калгандары келе элек.


Өкмөт мамлекетке кайтарылган обьектерди сатуу менен бюджеттин киреше бөлүгүнө каражат алууну көздөп жатат. Өкмөттүн программасына ылайык “Кыргызтелеком” жана башка обьектерди сатуудан 3 млрд 740 млн. сом түшүүгө тийиш.

Оппозициялык “Ата мекен” фракциясы “Бешинчи канал” жана башка телеканалдар кайсы бир саясий күчтөрдүн кызыкчылыгы үчүн иштеп келатканын билдирип келет. Фракциянын мүчөсү Жоомарт Сапарбаев ал маалыматтар тактоону талап кылаарын айтып, бул мүлктөрдүн ачык аукциондо сатылышын колдоду:

- Эгерде, биринчиден сот боло турган болсо, анда алар мыйзам негизинде чечиш керек. Сот аркылуу сатыкка кете турган болсо, ачык аукциондо сатылууга тийиш.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG