Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:37

Конституцияга өзгөртүү жана кошумча киргизүү боюнча тездик менен келаткан жараян токтоп калды. 26-январда комитетте, 27-январда фракцияларда каралып, Жогорку Кеңештин кароосуна алып чыгууга буйрулган Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоор эмнеге келип такалды?

Конституцияга өзгөртүү жана кошумчалар киргизүү боюнча аракеттер бир туруп ылдамдап, бир туруп токтоп калууда. Маселен, өткөн жылы октябрь айында башталган президенттик башкаруу системасындагы өзгөрүүлөрдөн кийин Конституцияны ага ылайыктоо аракети ылдамдатылган жок.

“Ата Мекен” социалисттик партиясы Президент 20-октябрдан кийинки жардыктары менен Конституцияны бузду деп, Конституциялык
сотко арыз менен кайрылгандан кийин гана бийлик кыймылга келди.

14-декабрда Президент Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун Жогорку Кеңешке жолдоду. Парламент маселени дароо карап, корутунду алуу үчүн долбоорду 17-декабрда Конституциялык сотко жөнөттү. Үч айдын ичинде кароого мүмкүнчүлүгү бар Конституциялык сот жаңы жылдык майрамдардан кийин көп узабай, 21-январда корутундусун чыгарып берди.

Конституциялык сот өзгөрүүлөрдү толук колдоп, болгону 52-беренеде каралган Президентик кеңешме Президенттин милдетин аткаруучуну аныктайт деген сөздү өзгөртүү ылайыктуу болорун айтты. Өз кезегинде Жогорку Кеңештин комитети ал сөздү “Мамлекеттик кеңеш” менен алмаштырууну сунуштады. Бул сунуш президенттин мыйзам долбоору боюнча расмий өкүлү, юстиция министри Курмантай Абдиев тарабынан колдоого алынды.

Жогорку Кеңеш 28-январда долбоорду биринчи окууда кароосуна баары даяр болду.

Бирок маселе белгисиз себептер менен токтоп калды. Бул арада Социал-демократиялык фракция "Президентик кеңеш" деген сөздү "Мамлекеттик кеңеш” менен алмаштыруу мүмкүн эместигин, анткени Мамлекеттик кеңеш аттуу орган Кыргызстанда 2006-жылы эле президенттин жардыгы менен түзүлгөнүн билдирип чыкты.
Бул жерде маселе жок. Мамлекеттик кеңештин жол-жобосу, ыйгарым укуктары такталыш керек.
У. Ормонов

“Ак жол” фракциясынын лидери Улукбек Ормонов Президенттин мыйзам долбоорунун парламенттин күн тартибине кирбей калышын, Мамлекеттик кеңешти түзүү маселесин мындай түшүндүрдү:

- Болгону күн тартибине кире элек болчу. Күн тартиби биринчи күнү төраганын жыйынында каралат. Ал жерде маселе жок. Менин оюмча, биринчи окуудан кийин үч ай убакыт болот. Ошол учурда баары такталыш керек. Мамлекеттик кеңештин жобосу, ыйгарым-укуктары.

Улукбек Ормонов ошондой Мамлекеттик кеңеш жөнүндөгү жардыкты жокко чыгаруу жеңил экендигин кошумчалады.

“Ак жол” партиясынын төрагасынын орун басары, Жогорку Кеңештин депутаты Табылды Орозалиев ушундай пикирин билдирди:

- Мыйзамга ылайык жол-жоболору бар. Ошону кармаш керек. Эч кандай маселе жок.

Ал эми “Ата Мекен” социалисттик партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев "Президенттик кеңешти" "Мамлекеттик кеңеш" деп атоо, мыйзамдын ыкчам каралбай калышына карата мындай пикирин айтты:
Атын өзгөрткөнү менен Президенттик кеңешме эле болуп калып жатбайбы. ..Ө. Текебаев

- Менин көз карашым боюнча, аты өзгөргөнү менен маңызы өзгөргөн жок. Анткени Мамлекеттик кеңеш Жогорку Кеңештин төрагасынан, Өкмөт башчысынан жана Президенттик кеңешменин мүчөлөрүнөн турат деп, эски эле курам калды. Төрага менен Премьер-министр кызматы боюнча Президенттик кеңешменин мүчөсү. Атын өзгөрткөн менен Президенттик кеңешме эле болуп калып жатпайбы. Балким, бул бышпаган, чийки чечим экени ачык болуп калган. Конституциялык соттун сунушу менен атын өзгөрткөн менен заты, курамы өзгөргөн жок. Балким жаңы формаларын, чечүүнүн жаңы жолдорун издеп жатышкандыр.

Кыргызстандын акыркы президенттери Жогорку Кеңештин төрагасы жана Өкмөт башчыдан атаандаш, тизгин талашуучуларды көрүп,
ошого жараша кадрдык, саясий чечимдерди кабыл алып келатат. Маселен, Аскар Акаев мына ушундай өңүттөн улам Николай Танаевди өкмөт башына алып келген. Игорь Чудинов да ушундай эле себептер менен өкмөт башчылыгына коюлган.

Бул эки кызматтын башындагы адамдар биринчиликти талашпашы үчүн атайын мыйзамдык тосмо коюуга, ошол эле учурда кокустук болуп кеткен учурда бийлик тизгинин өз жакындарынын колуна өткөрүп берүүгө азыркы бийлик катуу аракет көрүүдө.

Муну оппозиция Кокон хандыгынын учуруна кайтуу, Конституцияны "Коконституцияга" айлантуу аракети катары баалап жатат.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG