Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:56

Түрк коопсуздук агенттигинин гүленчи деп шектелген 87 кызматкери иштен алынды


Фетхуллах Гүлен
Фетхуллах Гүлен

Түркияда Мамлекеттик коопсуздук агенттигинин 87 кызматкери иштен алынды. "Анадолу" маалымат агенттигинин кабарлоосуна караганда, алардын баары тең бозгундагы оппозиционер Фетхуллах Гүлен менен байланышы бар деп шектелгендер.

Бозгундагы диниятчы, учурда АКШда жашап жаткан Гүленди түрк бийлиги быйыл июль айында Түркияда мамлекеттик төңкөрүш жасоого аракеттенген деп айыптап, аны менен байланышы бар деп шектелгендердин баарын камап, куугунтуктап, кызматтан алууда. Камалгандардын саны 40 миңге жетти, иштен алынгандар да он миңдеп саналат.

Гүлен ага карата коюлган айыптардын баарын негизсиз деп айтып келатат. (RK)

XS
SM
MD
LG