Линктер

Анкара Кремлге үмүт артты


Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган менен орус президенти Владимир Путин

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган менен орус президенти Владимир Путин

9-августта Санкт-Петербургда Түркия менен Орусия президенттери жолугат. Өткөн жылы ноябрь айындагы учак чатагынан кийин бузулган эки тараптуу мамиленин жаңы барагы ачылары айтылууда.

Түркия менен Орусия мамилеси өткөн жылы ноябрь айында СУ-24 учагын түрктөрдүн атып түшүрүүсүнөн кийин кескин начарлап кеткен.

Орусия Түркияга каршы экономикалык санкцияларды киргизип, эки тараптын соода-экономикалык, туристтик жана башка байланыштары зыянга учураган.

Бирок ага чейин да Анкара менен Москва ортосунда ири энергетикалык долбоор болгон Түркияда “Аккую” атомдук электр станциясын куруу жана “Түрк агымы” газ куурун тартууда түшүнбөстүктөр пайда боло баштаганы байкалган. Учак атып түшүрүлгөндөн кийин ал долбоорлор такыр эле четке сүрүлүп калган.

Эки мамлекеттин өз ара кызматташуусуна муктаждык күчтүү болгондуктан бузулган мамилени калыбына келтирүүгө аракеттер жасалып, ал президент Режеп Тайип Эрдогандын атып түшүрүлгөн учак үчүн кечирим суроосу менен оңолуу жолуна түшкөнү белгилүү.

Анын оро-парасында, 15-июлда Түркияда аскерий төңкөрүш аракети жасалып, анын учурунда Режеп Тайип Эрдоганга Владимир Путин чет өлкөлүк лидерлерден биринчи болуп телефон чалып, колдоо билдирген.

Бул Түркия менен Орусиянын жакындашуусун тездетүүгө жана төңкөрүш аракетинен кийин президент Эрдогандын биринчи тыш сапарын Орусияга жасоосуна алып келди. Сапар алдында Орусиянын ТАСС маалымат агенттигине берген интервьюсунда Режеп Тайип Эрдоган Санкт-Петербург жолугушуусу эки өлкөнүн мамилесинде жаңы барак ачарын билдирди:

- Бул сапар эки тараптуу мамиледе жаңы доор, жаңы барактын ачылышы катары көрүнөт мага. Мен жеке өзүм чын жүрөктөн жана түрк элинин атынан Путин мырза жана орусиялыктарга эң жакшы каалоолорду билдиремин.

Президент Эрдоган жаңы баракта эки өлкөнүн аскерий, экономика жана маданий багыттагы кызматташуулары болорун кошумчалаган. Ал ошондой эле “Аккую” атомдук электр станциясын куруу жана “Түрк агымы” газ куурун тартуу долбоорлорун турмушка ашырууга даярдыкты билдирген.

Орусия жана Түркиянын мамилесинин жакшыруусу Анкара менен АКШ жана Европа менен мамилесинин салкындоосуна туура келүүдө. Түркия менен АКШ Фетхуллах Гүлен маселесинде араздашууда. Түрк коомчулугунда жана маалымат каражаттарында төңкөрүшкө АКШнын атайын кызматтары жана жогорку даражалуу аскер жетекчилери аралашкан деген сөздүн кеңири тарашы эки тараптуу мамилеге жик салууда.

Ал эми Брюссел менен Анкара мамилеси Түркиянын Европа Биримдигине кабыл алынбай жатышынан тартып, төңкөрүш учурунда Европа мамлекеттери бери дегенде кошкөңүл, айрым учурларда төңкөрүшчүлөргө жан тарткандай мамиле жасады деген айыптоолор менен бузулууда.

Президент Эрдоган Европа Биримдигине мүчөлүк тууралуу сүйлөшүүнү сынга алды:

- Түркия мүчөлүк боюнча Европа менен 1963-жылы сүйлөшүү баштаган. Андан бери 53 жыл өтүптүр, мына ошондон бери башыбызды айлантып келатышат.

Европа Биримдиги өз кезегинде Түркиянын Биримдиктин талаптарына жооп бербешин сынга алган. Акыркы кезде Түркиянын өлүм жазасын киргизүү ниети эки ортодо келишпестиктин жаңы себебине айлана баштады.

Бирок Түркия Батыш менен араздашканы менен, негизин Батыш түзгөн НАТОнун мүчөсү. АКШ менен стратегиялык өнөктөш катары саналат. Эки ортодо чыңалган мамилени жөнгө салуу үчүн сүйлөшүүлөр уланууда. Маселен, Түркиянын юстиция министри Боздагдын жакын арада АКШга аттанып, Гүленди кайтаруу боюнча сүйлөшүү жүргүзөт. Ал эми АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керринин август айынын аягында Түркияга келиши күтүлүүдө.

Орусия менен Түркия мамилесинде күрт жана Сирия маселесинде карама-каршылыктар бар. Анкара президент Башар Асаддын кетишин Сирияда тынчтык орнотуунун бирден бир шарты катары көрөт. Ал эми Орусия бул маселени Сирия калкы чечүүгө тийиш деп эсептейт. Күрт маселесиндеги Москва менен Анкаранын ортосунда пикир келишпестиктин узун тарых-таржымалы бар.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG