Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:49

Сарпашев: Техникалык мүчүлүштүк сейрек катталды


Тайырбек Сарпашев
Тайырбек Сарпашев

Бул жалпы добуш берүүнүн жыйынтыгына таасир этпейт. Аталган маселеде адам фактору дагы мааниге ээ деп билдирди Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Тайырбек Сарпашев маалымат жыйынында:

- Жалпы өлкө боюнча шайлоо процесси штаттык режимде өтүп жатат. Техникалардын үзгүлтүккө учурашы боюнча фактылар жеринде ыкчам чечилүүдө.

Анын айтуусунда, кээ бир партиялардын өкүлдөрү тарабынан шайлоочулардын добушун сатып алуу аракеттери бир нече ирет катталган. Азыркы учурда укук коргоо органдары тарабынан аталган фактылар боюнча тийиштүү иштер жүргүзүлүүдө деди Сарпашев.

Бүгүн дээрлик бардык облустардагы айрым шайлоо участокторунда электрондук добуш берүүчү үкөктөр, биометриканы окуучу жабдуулар иштебей калып, шайлоочулардын узун кезеги жаралган. Буга нааразы болгон кээ бир шайлоочулар добуш берүүдөн баш тартып, кетип калышканын байкоочулар кабарлашкан. (ZKo)

XS
SM
MD
LG