Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:54

Коалициялык көпчүлүк: шайлоого даярдыкпы?


Парламенттеги “Республика” фракциясын коалициялык көпчүлүккө кошуу тууралуу түзүлгөн жумушчу топтор бир жыйынтыкка келе элек.

Бул тууралуу башкаруучу коалициянын төрагасы Феликс Кулов “Азаттыкка” маалымдап, “Ата-Журттан” көпчүлүккө кошулуу боюнча кайрылуу келбегенин белгиледи. Анын алдында аталган оппозициялык фракциядагы айрым депутаттардын коалицияга кирүү ниети бар экени кабарланган эле.

Феликс Куловдун айтымында, “Республика” фракциясын коалициялык көпчүлүккө кошуу тууралуу чечим сентябрь айында кабыл алынат:

- Жумушчу топ иштеп жатат. Бирок азырынча жыйынтыкка келе элек. Сентябрь айында, буйруса, жыйынтыкка келебиз. Биздин Конституция боюнча бир фракция сөзсүз оппозицияда болушу керек. Бир фракцияны калтырыш керек. Бирок “Ата-Журттун” атынан бизге эч ким сунуш бере элек.

Июнь айында биригүү шарттарын тактап-талкуулоо үчүн башкаруучу коалиция менен “Республика” фракциясы өз-өзүнчө жумушчу топ түзгөн эле. Андан мурдараак коалициялык көпчүлүккө аталган фракция менен “Ата-Журт” фракциясынан бөлүнүп чыккан топтор кошулган.

Азыр болсо “Ата-Журт” толугу менен кошулууга кызыкдар экени айтыла баштады. Аталган фракциянын өкүлү Курманбек Осмонов эң ириде фракция лидери шайланарын, андан соң мындай демилге фракция ичинде талкууланарын айтты. Анда кызмат, орун жана чөйрө бөлүшүү негизги шарт болбой турганын кошумчалады:

- Коомдук-саясий абал, тышкы саясат жана башкалар боюнча көз караштардын дал келип-келбеши чоң мааниге ээ болот. Биригүү конъюктуралык шарттар менен деле байланышпайт болушу керек. Анткени парламенттин мөөнөтү деле аз эле калды, теңинен көбү өттү десек болот. Конструктивдүү кызмат көрсөтүүгө өтүш керек. Кызмат, орун талашпай, чөйрө бөлүшпөй кандай иш болсо да кесипкөй адистердин барганы жакшы. Болбосо фракция-фракция болуп алып өзүнүкүн жылдырып өкмөттүн иши жакшы жүрбөй, командалык система менен иштебей чаржайыт болуп жатпайбы.


Сентябрдагы өзгөрүүлөрдү күткөн талдоочулар түрдүү божомолдорду айтууда. Саясий илимдердин доктору Аалыбек Акуновдун баамында, коалиция ыдырап кайра куралышы ыктымал:

- “Ата Мекен” көпчүлүк коалициядан чыгып оппозициялык күч болуп калышы мүмкүн. Бирок аны “Республика” фракциясынын аларга мародерчулук боюнча доосу менен байланыштырууга негиз жок деп ойлойм. Анткени жаңы эле парламент шайланып келгенде “атамекенчилер” оппозицияда эле болчу да. Анан ушундай вариантта өнүгүшү мүмкүн. Бирок “Республика” менен “Ата-Журттун” коалицияга киребиз деп атканы ошол партиянын жүзүн көрсөтүп жатат. Бийликке жанталашкан мамиле.

Акунов парламенттеги фракциялардын ыдырашын, өз алдынча топко биригип жана партия түзүшүн алдыдагы мөөнөтсүз шайлоого даярдык менен түшүндүрдү:

- Саясий партиялардын өкүлдөрү тымызын шайлоого даярдануу процесстерин баштады. Азыркы парламент өзүнүн функциясын аткарды. Кыйын кезде келген парламент болду. Кайра революция болуп кетишине жол берген жок. Бирок мындан аркы маселелерди чечүүдө, элдин ар түрдүү көз караштарын чагылдырууга келгенде парламенттеги фракциялар ич ара бытырап, дегеле бүлүнбөгөн партия калган жок. Эркин топторго биригип, тарап-тарап кетти. Өзүнчө топторду түзүп кийинки шайлоого башка схема, башка структура менен даярдык көрө башташты.

Азыркы “Ырыс алды - ынтымак” коалициясы өткөн жылы сентябрда түзүлгөн болчу. Ал Социал-демократтар, “Ар-намыс” жана “Ата Мекен” фракцияларынан турат. Андан мурунку парламенттик көпчүлүктө “Республика” фракциясы бар эле. Ал “Ар-намыс” менен “Ата Мекендин" айынан ыдыраган.

XS
SM
MD
LG