Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:14

Депутаттар соту: чечим акыйкат болдубу?


"Ата-Журттун" тарапкерлери сот алдында. Бишкек, март, 2013-жыл
"Ата-Журттун" тарапкерлери сот алдында. Бишкек, март, 2013-жыл

Жогорку Сот “Ата-Журт” фракциясынын үч депутатын айыптуу деп табышы коомчулукта түрдүүчө талданып жатат.

6-августта Жогорку Сот “Ата-Журт” фракциясынын депутаттары Камчыбек Ташиевди, Садыр Жапаровду жана Талант Мамытовду күнөөлүү деп тапты. Мыйзам боюнча бул үч депутат эми мандатынан ажырашы керек. Жогорку Соттун бул өкүмү боюнча "Азаттык" бир катар саясатчылардын, айрым укук коргоочулардын пикирин сурады.


Чыныбай Турсунбеков, Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын жетекчиси:
Сот дагы белгилүү бир далилдерге карап чечим чыгарып жатса керек. Эми мындан ары кандай гана кадам болбосун бийликтин тынчтык жолу менен алмашканына көнүп, элди көчөгө алып чыгып, басып алгандан арылуубуз керек. Бийликке ким болбосун элдин добушу менен келиши керек.

Феликс Кулов, Жогорку Кеңештеги “Ар-намыс” фракциясынын лидери: Соттун чечими чыкты. Азыр биз болгону эмоция менен гана комментарий беребиз. Ал эми юридикалык жагына комментарий берүү пайдасыз. Бул татаал маселе болуп калды. Анткени биринчи соттун чечимин билесиз, экинчи сот тескери чечим чыгарды. Жогорку Соттун чечими акыркы болгондуктан ага сын-пикир айта албайбыз. Эл чыкса, чыкпаса да чечим өзгөрбөйт. Башка жол жок, мыйзам жолу менен барыш керек.

“Азаттык”: Соттун чечими укуктук чечим болдубу же саясий чечим болдубу?

Феликс Кулов: Менимче, саясат болгон эмес. Мен биринчи жана экинчи соттон кийин президент менен сүйлөштүм. Президент сотко тиешем болбойт деп айтты. Ошондой эле болду. Биринчи соттун чечими тарыхта калаарлык болду. Оор кылмышка эң аз дегенде он жыл бериш керек, биздегидей 1,5 жыл гана берген буга чейин тарыхта болгон эмес.

Садыр Жапаров, “Ата-Журт” партиясынын лидерлеринин бири, ЖК депутаты: Сот саясий чечим чыгарды. Башында шаардык соттон чагылгандай тездик менен алып кеткенде эле биз саясий чечим болорун билгенбиз.

“Азаттык”: Мындан аркы кадамыңыз кандай болот?

Садыр Жапаров: Мындан аркы кадамым кадимкидей эле болот. Мандат жок кезде деле эл үчүн иштеп жүргөнбүз. Элге кызмат кылуу үчүн мандаттын кереги деле жок. Мындан ары да иштей беребиз. Кумтөрдүн мамлекетке өтүшү боюнча кайрадан эле тынчтык митингдерин уюштура берем. Оппозициянын лидерлеринин бири катары биринчи талабым ушул болот.

Экинчи талабым - өкмөт алмашуусу керек. Эл үчүн иштей турган, элдик өкмөт келиши керек. Азыр мамлекетте экономикалык хаос болуп атат. Өкмөттүн аны токтотууга кудрети жетпейт. Качан гана эл үчүн иштегенде, коррупцияга аралашпаганда, пара албаганда гана саздан сууруп чыгышы мүмкүн.

“Азаттык”: Саясий чечим болду деп айтып жатасыз. Мунун артында ким турушу мүмкүн, кимдин буйругу болушу мүмкүн?

Садыр Жапаров: Мунун артында Ак үйдөгү президенттин администрациясы турат. Толугу менен ошолор көзөмөлгө алды. Мисалы, менин ал жерде бир дагы күнөөм жок. 16 беттен турган өкүм чыгарса, 15 беттин биринде да жокмун, өкүм чыгарган акыркы бетинин 1,5 жылга соттолсун деген жеринде гана бармын. Болбосо менин эч кандай күнөөм болгон эмес.

“Азаттык”: Сот өкүмү күчүнө кирсе, кийинки шайлоого да катыша албай каласыздар да?

Садыр Жапаров: Мындан ары кандай болоорун бир Кудай билет.

Курманбек Осмонов, Жогорку Соттун мурдагы төрагасы, ЖК депутаты: Бул саясий чечим болду, укуктук эмес. Негизги максат аларды соттоп, түрмөгө отургузуп коюш деле эмес. Негизги максат – мандатынан ажыратуу. Ошол максатка жетишти окшойт.

Канча сунуш, өтүнүчтөр келтирилди. Орозо эки күндө бүтөт бир аз күтө тургула, адвокаттар ооруканада жатыптыр, алар келсин деп мен да айттым. Болбой эле таңуулап, адвокаттарды дайындап коюшуптур. Алар бир-эки ооз сөз сүйлөштү, иштин материалдары менен таанышкан да эмес. Формалдуу эле процессти өткөрдүк, сотто карадык деп ушундай чечилип атат. Эми Жогорку Соттун чечимине карата эч ким эч жерге кайрыла албайт.

“Азаттык”: Соттун чечими коомдук-саясий кырдаалга таасирин тийгизиши мүмкүнбү?

Курманбек Осмонов: Кырдаал өзгөрүшү мүмкүн. Жакшы жагына өзгөрбөйт. Эми алар жакшыбы-жаманбы артында эли, шайлоочулары бар.

Аалыбек Акунов, саясат таануучу: Бул башынан эле саясий иш болгон. Жогорку Соттун алдында чечим кабыл алуунун жок эле деген эки варианты бар болчу. Же райондук соттун чечимин колдоо, же шаардык соттун чечимин колдоо деген. Булар райондук соттун чечимин колдошту.

Бул жерде башынан эле түзүлгөн сценарий бар сыяктуу. Анткени бул соттордун кесипкөйлүгү абдан эле жогору. Бирок сотторго эч кандай эркиндик берилбей жатат. Эки жолу ыңкылап болду. Элдин бийликке болгон ишеними дагы сот аркылуу келет да. Маанилүү иштерге келгенде эле соттопрдун үстүнөн көзөмөлдөп, минтесиң-тигинтесиң дегени ачык эле көрүнүп жатпайбы.

Бул жерде күрөштүн ыкмалары өзгөргөн жок. Баягы эле жол тосуу... Муну оппозиция да, бийлик да билет. Оппозиция деген азыр оппозиция деле эмес. Азыркы “Ата-Журт” мурдагы "акжолчулар". Булар бийликте кезде оппозицияны мындан да орой, мындан да катуу кысымга алышкан. Бул жерде бийликтин маңызы өзгөрбөй эле Бакиевдер кетти анын ордуна башка адамдар келди. “Ак-жол” партиясы кетти, бирок КСДП партиясы келди. Эл бийликтин маңызы өзгөрөт деп күткөн.

Төлөкан Исмаилова, “Жарандар коррупцияга каршы” укук коргоо борборунун жетекчиси: Башынан баштап эле ушундай иштеш керек болчу. Бул саясий эмес, укуктук чечим. Мурдагылары кичине саясий чечим болуп жаткан. Анткени чындыгында эле алардыкы тынч митинг эмес эле.

“Азаттык”: Соттун чечими коомдук-саясий абалга таасирин тийгизиши мүмкүнбү?

Төлөкан Исмаилова: Жакшы жагынан таасирин тийгизет. Ким болсо да бейбаштык жасабашы керек. Депутат болобу, президент болобу, жөнөкөй адам болобу тынч митингдин форматын бузбаш керек. Бузгандан кийин соттун алдында жазасын алышы керек. Жогорку Соттун чечими жакшы жышаана жана коомчулукка жакшылык алып келет.

XS
SM
MD
LG