Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:13

Түркиянын аскерий учактары Сириянын түндүгүнө сокку урду


Күрт кошуундарынын (YPG) Сириянын Камишли шаарчасындагы парады. 24-июнь, 2015-жыл.
Күрт кошуундарынын (YPG) Сириянын Камишли шаарчасындагы парады. 24-июнь, 2015-жыл.

Түрк армиясы ырастагандай, өткөн түнү 26 ирет жасалган аба соккулар учрунда күрт согушкерлери бутага алынып, алардын 200гө чейинкиси жок кылынды.

Маалыматка караганда, сокку Алеппо шаарынын түндүк тарабына, күрттөрдүн кошуундары (YPG) “Ислам мамлекети” тобунан тартып алган аймактарга жасалды.

Ал эми күрт кошуундарынын кол башчыларынын бири Махмуд Бархадан Түркиянын аба соккусунан алар 10 согушкерин жоготконун маалымдады.

Сириялык активисттердин маалыматына караганда, аба соккулардан 11 адам өлдү жана күрт кошуундарынын кеңселери, баш калкалоочу жайлары, курал кампалары, автоунаалары талкаланды.

Сириядагы күрттөрдүн Элдик коргоонуу кошуундары же YPG деп аталган уюмун “Ислам мамлекети” тобуна каршы күрөштө АКШ колдоодо. Бирок Түркия аны Күрт жумушу партиясы - ПККга байланышы бар террористтик уюм деп санайт. (UE)

XS
SM
MD
LG