Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:09

Орусия Батыш чек арада ракеталык сыноо өткөрүүдө


Орусиянын "Искандер-М" ракеталары.
Орусиянын "Искандер-М" ракеталары.

Коргоо министрлиги билдиргендей, баллистикалык ракеталык системалар да колдонулуп жаткан машыгуулар Эстониянын чек арасынан 100 чакырым чыгыштагы Луга деген шаардын жанында өтүп жатат.

Аскерий өкүлдөрдүн айтымында, машыгуу жүрүшүндө "Искандер" ракеталарын жайгаштыруу эске алынууда, бирок иш жүзүндө алар атылган жок.

Орусиянын өзөктүк дүрмөт алып жүрүүгө жөндөмдүү "Искандер" ракеталары 500 чакырым аралыкка чейин уча алат.

Орусия акыркы кездери Батыш чек арасында аскерий кубатын чыңдоо аракеттерин көрүп, жакында Калининградда "Искандер" ракеталарын орноткон.

Бул чараларын Москва НАТОнун Чыгыш флангдагы аракеттерине жооп деп түшүндүрүүдө. (UE)

XS
SM
MD
LG