Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:04

ЕБ Асаддын колдоочуларына каршы санкция киргизүүнү караштырууда


Алеппонун козголоңчулар колунда турган чыгыш бөлүгү. 18-октябрь, 2016-жыл.
Алеппонун козголоңчулар колунда турган чыгыш бөлүгү. 18-октябрь, 2016-жыл.

Биримдиктин бул планы тууралуу Европа лидерлеринин Брюсселде бүгүн башталуучу саммитине даярдалган билдирүү долбоорунда айтылат.

Долбоорго караганда, Сирияда али уланып жаткан мыкаачылыктарды токтотуу үчүн Евробиримдик бардык варианттарды, анын ичинде Сирия режимин колдогон жеке адамдарга, юридикалык жактарга каршы чектөөчү чараларды да караштырууда.

Эгер кабыл алынса, бул чара Орусияга каршы багытталчудай.

Билдирүүнүн долбоорунда Сирия режиминин, анын өнөктөштөрүнүн, өзгөчө Орусиянын Алепподо жарандарды бомбалап жатышы кескин айыпталган.

Европа Кеңешинин президенти Дональд Тусктун айтымында, биримдик эгер Сирияда кылмыштар улана берсе буга каршы "бардык ыкмаларды, анын ичинде санкцияларды да колдонуусу керек”.

Алеппонун өзүндө бүгүн Орусия жарыялаган “гуманитардык тыныгуу” күчкө кирди.

Жайкын тургундар жана козголоңчул согушкерлер шаардан чыгып кетүүсү үчүн мүмкүндүк деп аталган “гуманитардык тыныгуу” жергиликтүү убакыт боюнча эртең менен сегизден тарта башталды.

Москва бул кечки саат жетиге чейин созулаарын билдирип, балким андан ары да узартылышы мүмкүндүгүн ишара кылууда.

Эки күн мурда Орусия алардын жана Сириянын аскерий учактарынын аба соккулары токтотулду деп жарыялаган.

Орус президенти Путин өлкөсүнүн дарегине Алеппо боюнча айтылган айыптоолорду буга чейин четке кагып, Сириядагы реалдуулукту эске албаган “риторика” деп мүнөздөгөн. (UE)

XS
SM
MD
LG