Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:26

Филиппин президенти АКШдан “бөлүнгөнүн” жарыялады


Президент Дутерте Кытай -Филиппин бизнес форумунда сүйлөөдө. 20-октябрь, 2016-жыл.
Президент Дутерте Кытай -Филиппин бизнес форумунда сүйлөөдө. 20-октябрь, 2016-жыл.

Президент Родриго Дутерте мындай жарыяны 20-октябрда, Бээжинде Кытайдын президенти Си Цзиньпин менен сүйлөшүүлөрдөн кийин жасады.

“Ушул жерден АКШдан бөлүнгөнүмдү жарыялайм, Америка (Филиппинди) жоготту, - деди Дутерте Бээжинде Кытай - Филиппиндин бизнес форумунда сүйлөп жатып.

Ал ошондой эле Орусия президенти Путинге барып, “биз үчөөбүз: АКШ, Филиппин, Орусия дүйнөгө каршыбыз” деп айта алмактыгын кошумчалады.

Кытай бийликтерин Филиппин лидеринин сапарын эки тараптын мамилесиндеги “бурулуш жана тарыхый учур” катары баалаган.

Бээжин менен Манила ортосунда Түштүк Кытай деңизи боюнча аймактык талаш бар.

Филиппин президенттигине быйыл июнда келген Дутерте өлкөсүнүн узактан берки өнөктөшү - АКШ менен алака-катышынын тууралыгына буга чейин да бир нече ирет күмөн саноо билдирген эле.

Ак үй бирок филиппин лидеринин соңку коркутууларына олуттуу маани берген жок жана Манила Вашингтон менен ондогон жылдардан берки карым-катнашын өзгөртүү боюнча эч расмий өтүнүч жасабаганын белгиледи. (UE)

XS
SM
MD
LG