Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:39

Кытай жана Тайвань лидерлеринин тарыхый жолугушуусу ушул ишембиде Сингапурда өттү.

Акыркы алтымыш алты жылдагы, жогорку деңгээлдеги алгачкы сүйлөшүүлөр Бээжин өзүнүн бир бөлүгү катары санаган Тайвандагы шайлоо алдына туш келди. Бирок Тайбэйдеги оппозиция бул жолугушууну сынга алды.

Кытай президенти Си Цзиньпин менен Тайвандын башчысы Ма Инцзюнун 7-ноябрда, Сингапурдагы кездешүүсү эки тарап лидерлеринин 1949-жылы жарандык согуштун артынан Бээжиндеги бийликти коммунисттер алгандан берки алгачкы жолугушуу болду.

Жогорку деңгээлдеги бул саммит башынан эле бейрасмий деп мерчемделгендиктен эч кандай документтерге же макулдашууларга кол коюлган жок.

Тараптар биргелешкен коммюнике да кабыл албады. Андыктан, жолугушуунун жыйынтыгы катары анын символикалык маанисине жана нейтралдуу аймакта өткөнүнө гана көңүл бурулууда.

Анткени, расмий жарыяланбаганы менен, калкы көз карандысыз өлкөбүз деп санаган Тайвань лидеринин Бээжинге барышы аларды ажырагыс бөлүгү жана провинциясы катары эсептеген Кытай алдында баш ийгендик болуп калмак.

Жолугушууга кытай лидери Си Цзиньпин Компартиянын түсү болгон кызыл галстукчан, Тайвань президенти Ма Инцзю болсо Гоминьдан же Кытай улуттук партиясынын түсү болгон көк галстукчан келди.

Бир саатка жетпеген сүйлөшүүлөрдөн кийин Кытай лидери эч кандай комментарий берген жок. Ал эми Тайвандын президенти буларга токтолду:

- Си Цзиньпин мырза менен сүйлөшүүлөр учурунда биз кысыктын (Тайвань менен Кытай ортосундагы) эки тарабындагы тынч өнүгүү, тынчтыктын жана бакубатчылыктын азыркы абалын бекемдөө тууралуу пикир алыштык. Биздин жолугушуубуздагы маанайга баары кызыкса керек, ал абдан достук жана жагымдуу маанайда өттү. Мен маселелерди талкуулоо учурунда Си мырзадан абдан прагматик, түз жана чын ниеттүү адамды көрдүм. Биз ушул эле маанай биздин алака-катыштын үстүндө иштеген учурда, келечекте да коштойт деп үмүттөнөбүз.

Тайвандын азыркы лидери Ма Инцзю бийликке келген 2008-жылдан бери Бээжин менен экономикалык байланыштарды кыйла чыңдады.

Бизнес жана туризм жаатында бир катар ири келишимдерге кол койду.

Бирок, бул тарыхый сүйлөшүүлөр Тайванда январдагы шайлоону утурлай антикытайлык маанай күчөп, өзгөчө эркиндиктен кол жуугусу келбеген жаштардын ири коңшу менен экономикалык жактан тыгыз кызматташтыктын арты саясий таасирдин күчөшүнө алып келбейби деген камтамачылыгы көбөйгөн учурга туш келди.

Бийлик мөөнөтү бүтүп жаткандыктан Ма Инцзю январдагы шайлоого катыша албайт.

Коомдук пикирди сурамжылоолор анда “бир Кытай” принцибин эскинин саркындысы деп санаган Демократиялык прогрессивдүү партия жеңет деп күтүлүүдө.

Бул партиянын лидери жана президенттикке талапкер Цай Инвэнь Тайвандын азыркы башчысы Кытай лидери менен жолугушууда аралдын эркиндигин жана демократиясын сактоого тикелей көңүл бурбаганын сынга алды:

- Ма менен Синин жолугушуусун көргөндөн кийин, менимче, Тайвань элинин көбүнүн көңүлү кайт болду. Мен Демократиялык прогрессивдүү партия Тайвандын элин чыныгы добушун ал өзү билгизүүсү үчүн жетектей алат деп ишенем.

Жогорку деңгээлдеги тарыхый жолугушуу өткөн 7-ноябрь күнү Тайбэйде, президент кеңсеси алдына жүздөгөн адам жыйналып, “Тайвань Кытайдын бөлүгү эмес” деген ураан – чакырыктарды айтып жана көтөрүп турушту.

​Бул аралыкта Кытайдын Тайвань иштери боюнча кеңсесинин башчысы Чжан Чжицзюнь Сингапурдагы басма сөз жыйында эки тараптын алака-катышы үчүн эң чоң коркунуч катары бөлүнүүнү жактаган күчтөрдү атады.

Компартиянын People’s Daily расмий гезити “тынчтык кемесинин” аңтарылып кетүү коркунучу бардыгын эскертип, “Тайвань кысыгынын кош тарабындагы мекендештерди Тайвандын көз карандысыздыкты жактаган күчтөрүнө жана жикчил ишмердикке чечкиндүүлүк менен каршылык көргөзүүгө” үндөдү.

Расмий Бээжин Тайвань да Гонконг өңдүү эле Кытайга “бир өлкө, эки система принциби” менен кошулуусу керек деп санайт. Аны кошуп алуу үчүн зарыл болсо күч колдонорун да жашырган эмес.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG