Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:04

Токтогулда суу азайышынын себеби иликтенүүдө


Токтогул ГЭСи.
Токтогул ГЭСи.

Кыргызстандын энергетика тармагында оор абал түзүлүүдө. Бул Токтогул суу сактагычында суунун азаюсу менен байланыштуу болсо, түштүк региондо газдын жоктугу абалды оорлоштурууда.

Суунун аздыгынан Кыргызстан Тажикстандан 600 млн. киловатт саат электр энергиясын сатып алып, аны пайдалана баштады.

“Кыргызгазды” “Газпромго” 1 долларга саткан өкмөт түштүк регионго качан газ берилерин айта албай турат. Анткени өзбек өкмөтү кыргыз өкмөтүнүн суроо-талаптарына жооп бербей жатат. “Газпром” болсо “Кыргызгазды” толук сатып алып бүтө элекпиз деген шылтоо менен четке чыгууда.

Энергетика тармагындагы бул көйгөйгө Токтогул суу сактагычында суунун аздыгы кошул-ташыл болууда. Бийликтегилер бул абалды суу аз боло турган циклдин келиши менен байланыштырып жатат. Бирок эксперттер суунун аздыгын 2010-2011 жана 2012-жылдары электр энергиясын арзан баада, ортомчу компанияларга сатуудан көрүп жатышат.

Маселен, энергетика боюнча адис Эрнест Карыбеков:

- Мына үч жыл 2010, 2011, 2012-жылы 2.8 центтен сатышты. Чыныгы баасы 4 цент болуп жатканда. Эгерде түз келишим менен сатканда 4 центтен сатышмак. 6 млрд.600 млн. киловатт саат электр энергиясын сатышып, 80 млн. доллар, 1.2 цент ортомчу компанияларга түшүп калды. Бул мамлекеттин акчасы болчу. Ошол акча азыр ТЭЦке көмүр, кара май, газ сатып алганга керектелмек. Анан азыр ал жок. Ошондуктан эки объектти Камбар-Ата-2 жана Бишкек жылуулук борборун күрөөгө коюшуп, насыя алып, ошону төлөй албай отурушат.

Белгилеп кете турган нерсе, Кыргызстан 2013-жылы Казакстанга 500 млн. киловатт саат электр энергиясын 4 центтен экспорттогон.

Суунун азайып кеткенинин себебин тартип коргоо органдары иликтей баштаганын өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаев 22-майда билдирди.

Улуттук электр станциялар акционердик коомунун маалыматы боюнча 21-майга карай Токтогулда 9 млрд. кубметрден ашуун суу болду. Өткөн жылы ушул мезгилде 11 млрд. 300 млн. кубметрден көбүрөөк суу болгон. Күндүн ысышы менен агым көбөйүп, суу сактагычка секундасына 610 кубметр суу агып кирүүдө. Ал эми агып чыкканы 211 кубметр болуп жатат.

Энергетика министрлиги кыш мезгилине карай Токтогулда 12 млрд. 700 млн. кубметр суу топтолорун, суу көп келсе 14 миллиардга чейин жетерин болжоодо.

"Бирок бул өлчөмдөгү суу Кыргызстандын кышкы керектөөсүнө жетпейт. Ошондуктан жалпы өчүрүүлөр болот" дейт Эрнест Карыбеков. Анын эсеби, боюнча октябрь айынан апрель айына чейин электр энергиясын иштеп чыгуу үчүн Кыргызстан 7 млрд. кубметр сууну коротот. Ошондуктан электр энергиясы өчүрүлбөй чыгыш үчүн Токтогулда 16 млрд. куб. метр суу болгону максатка ылайыктуу.

Токтогулда суунун аздыгы быйылкы жылы электр энергиясын экспорттоону токтотуп, ал эмес Кыргызстан өзү Тажикстандан май, июнь, июль, август жана сентябрь айларында 600 млн. киловатт саат электр энергиясын сатып алууну чечти. Импортко келе турган электр энергиясынын баасы эки цент же азыркы курс менен 1 сом 5 тыйын болот. Энергетика тармагында түзүлгөн мына ушул кырдаал калк ичинде нааразылык жаратып жатканы Жогорку Кеңеште белгиленди.

Маселен, депутат Дастанбек Жумабеков өкмөткө электр энергиясы менен калкты үзгүлтүксүз камсыздоо талабын койду:

- Коомчулукта, элде электр жарыгы боюнча чоң маселелер көтөрүлүп атат. Элдин арасында нааразычылык ушундан чыгууда. Күнү-түнү көзөмөлдөп, сууну кышкыга чогултуп, элге жарык өчпөгөндөй кылыңыздар.

Энергетика жана газ тармагында түзүлгөн абал үчүн өкмөттүн жылдык баяндамасын жактырбоону сунуштаган депутат Кенжебек Бөкөев буларга токтолду:

- Мен ойлоймун, былтыр “Кыргызгазды” сатканыбыз, өкмөттүн күнүгө келип убада берип, “Кыргызгаз” керекпи же газ керекпи деген маселесине бүгүн жооп алдык. “Кыргызгаз” да жок. Газ да жок.

Газ маселесин чечүүдө суу рычагдарын пайдаланууну депутат Исхак Пирматов сунуштап чыкты.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG