Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:54

КЫРГЫЗ МАДАНИЯТЫНЫН ЧЕХ ЖЕРИНДЕГИ КӨЧҮ УЛАНАТ


Амирбек Усманов, Прага Ушул күндөрү Чехиянын ортолугундагы Вшерадисе шаарчасында «Кыргызстан: Турмуш көз ирмемдери» деген фото сүрөт көргөзмөсү өтүүдө. Көргөзмөгө ошондой эле кыргыз кол өнөрчүлөрдүн эмгектери коюлган. 28-июндан 13-июлга чейин созулчу саамалыкты Кыргызстандын Чехиядагы ардактуу консулу Петр Кмет уюштурган. Кмет мырзада Кыргыз маданиятына арналган көргөзмөнү бүтүндөй Чехия боюнча өткөрөм деген планы бар.







Вшерадиса шаарчасында 28- июнда ачылган фото көргөзмө «Кыргызстан: Турмуш көз ирмемдери» (Ze zivota Kyrgyzie) деп аталат. Анда жашоонун кайталангыс элестерин өлбөс кылып калтырган сүрөттөргө катар кийиз паннолор жана адеми оймолор коюлган. Көргөмө гусистер чиркөөсүнүн кайра ачылышына удаа өткөнүнө ибадаткананын диниятчысы- Адамова айым чоң кубанычта экенин салтанатта сүйлөгөн сөзүндө жашырбады:

- Көргөзмө биздин чиркөөдө ачылганына чоң кубанычтамын. Көргөзмө адамдардын руханий дүйнөсүн байытат. Чиркөөдө болгон иш чаралар бул шаарчага эле эмес, бүтүндөй аймакка жакшылык алып келет. Мырза консул- Петр Кметтин демилгеси менен Кыргызстанга арналган көргөзмөнүн ачылышы ибадаткананын кайра ачылышына удаа өткөрүлүп жатканы мени аябай сүйүндүрөт.

XVIII- кылымда курулган чиркөөнүн кайра ачылышына байланыштуу диний литургия өткөрүлүп, чех тилинде Кудайды алкаган диний ырлар аткарылды.

Жергиликтүү өкмөтүнүн башчысы (староста) Богумил Стибал болсо алыскы Кыргызстанга арналган көргөзмө Чехияда биринчи болуп Вшерадисе шаарчасында өтүп жатканын «Азаттыктын» кабарчысына сыймыктана айтты:

- Мени көргөзмөнүн ачылганы өтө кубантат. Чехияда биринчи болуп көргөзмө биздин шаарчада өтүүдө. Кыргызстандык уздардын эмгектери жана өлкө турмушун чагылдырган фотосүрөттөр коюлган көргөзмөлөр Вшерадиседе келечекте дагы болот деп ишенем.

Вшерадисе- тарыхый жылнаамалрда алгычкы ирет 1262- жылы эскерилет. Кыргызстандын Чехиядагы ардактуу консулу Петр Кметте Кыргызстанга арналган көргөзмөнү өлкөнүн башка да чакан шаар- кыштактарында өткөрөм деген ниети бар:

- Кыргызстандын ажайып кооз жерлерин жана элдик кол өнөрчүлөрдүн эмгектерин Чехияга тааныштыруу үчүн бул көргөзмөнү уюштурдум. Менин оюмча, мындай көргөзмөнү чакан шаарларда өткөрүү жөндүү. Себеби, чоң шаарларда түрдүү көргөзмөлөр көп болгондуктан, элде чоң кызыгуу болбойт. Мен бул шаарчанын элинин кызыгуусун көрүп, туура жолду тандаган экенмин деген тыянакка келдим. Мен бул саамалыкты Чехия боюнча уюштурам.

Бул күндөрү Вшерадиседе сүрөтчү- бедизчилердин он күндүк эл аралык симпозуму да өтүүдө. Ошондуктан, чыгармачылык өнөркананын катышуучуларында Кыргызстан жөнүндө аз да болсо маалымат алып, кыргыз кол өнөрчүлүгү менен таанышып кетири күмөнсүз.
XS
SM
MD
LG