Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:51

Элвис Преслинин алыскы Армениядагы ышкыбозу


"Армениялык Элвис" Нарек Маркарян
"Армениялык Элвис" Нарек Маркарян

Мындан 75 жыл илгери 8-январда Американын Миссисипи штатындагы кичинекей шаарда рок-н-роллдун падышасы деп атыккан даңазалуу ырчы Элвис Пресли туулган. Миссисипиден миңдеген километр алыстагы Арменияда да Преслинин чыгармаларын, музыкалык мурасын өтө баалаган адамдарды жолуктурса болот. Алардын бири – Еревандын тургуну Нарек Маркарян.

26 жаштагы Нарек Маркаряндын түспөлү Элвис Преслиникине (Elvis Presley) окшогону менен, ал үчүн бул кебете-кешпириндеги жакындык эмес, ырчынын музыкалык мурасын болочок үчүн сактап калуу - алда канча маанилүү.

Тирүү кезинде эле "рок-н-ролл падышасы" деп атыккан Пресли 1977-жылы 42 жашында көз жумган.

Маркарян анын ырлары жазылган үн тасмаларды, сувенирлерди мектепте окуп жүргөн кезинде эле чогулта баштаган.

- Мен көбүнчө тасмаларды чогултам. Элвис мураска калтырган эң чоң байлык – бул анын ырлары.

Наректин коллекциясынан даңазалуу ырчы жөнүндө жүздөгөн китептерди, календарь, плакаттарды, ырчынын пластинкаларын, атүгүл жеке буюмдарын көрсө болот.

- Бир эле артисттин миңдеген дисктерин чогултуу кызык угулса керек. Элвис – көп муундарга таасир этчү маданий феномен. Тарыхты унутта калтырбоо - өтө маанилүү.

“Армениялык Элвис”

Маркарян мырза ушул тапта борбор шаар Еревандагы Филология университетинде иштейт.

Кечинде болсо жалтырак костюм-шым кийип алып өлкөнүн ордо калаасынын жана башка шаарларынын клубдарында Преслинин ырларын аткарат.

Маркарян Преслинин мекени Кошмо Штаттарда да ырдап чыккан, ал эми 2007-жылы болсо Бишкекте өткөн кайрымдуулук концертинде Элвистин ырларын аткарган.

Ал маркум ырчынын белгилүү чыгармаларынан тышкары калайыкка анча белгисиз эмес ырларын да аткарууга аракеттенет.

- Элвистин репертуарына 700дөн ашуун ыр кирет. Мен жүздөйүн аткарып жүрөм. Ар кандай себептерден улам калың элге көп белгилүү эмес чыгармаларын концерттериме камтууга аракеттенем.

Болочокку иш-чаралар

Маркарян ошондой эле Элвиске арналган интернет барак (вебсайт) да түзгөн.

Бирок Арменияда Преслинин күйөрмандарынын башын бириктирген клуб жок. Ал үчүн Маркарян Орусиянын ышкыбоздук клубдары (фанклубдары) менен иштешет.

Быйыл ал Преслинин ырларынан турган алгачкы албомун жаздырууга үмүттөнөт.

Келечекте болсо "рок-н-ролл падышасынын" СССРдеги ролу жөнүндө китеп жазууну көздөйт.

"Битлз" (the Beatles) тобу менен катар Пресли ал кезде Советтер Союзунда Батыштын символуна айланган болчу.

XS
SM
MD
LG