Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:22

Шайлоодо маалымат каражаттары кандай иштешти?


Шайлоо күнү маалымат каражаттары кандай иштешти? Маалымат айдыңындагы адистер шайлоонун чагылдырылышын кандай баалашууда?

23-июлда өткөн президенттик шайлоонун жана ага чейинки шайлоо өнөктүгүнүн маалымат каражаттарында кандайча чагылдырылып жатканын бул жаатта иш алып баршыкан уюмдар көзөмөлдөп турушту. Медиа өкүл институту менен “Журналисттер” коомдук бирикмеси өз байкоолорун ай башынан бери жүргүзүп келишти.

Алардын шайлоо алдындагы отчетторунда маалымат каражаттары арасында шайлоо өнөктүгүн калыс чагылдыргандар аз болуп жатканы, элге көбүрөөк жете турчу мамлекеттик маалымат каражаттарынын дээрлик бардыгы бир гана талапкерди сүрөп туруп алышканы айтылып жатты.

Маселен “Журналисттер” коомдук бирикмесинин координатору Мэри Бекешованын айтымында, бул жолку шайлоодо басма сөз каражаттарынын деңгээли мурдагыдан да түшүп кеткени байкалды. Дээрлик эки лагерге бөлүнгөн гезиттер өз талапкерин мактап, өзгөлөрдү туздап-мурчтап сөккөн деңгээлден чыга алышкан жок. Ал эми маалымат каражаттары арасында эң эле таасирдүү делген теледе бир жактуулук өкүм сүрүп турду. 23-июль күнү болсо теледе мыйзам бузуулар тууралуу эч айтылбай, жалаң оң маанайдагы кабарлар айтылып турду:

- Бардык теле каналдар шайлоо процессин жакшы жагынан көрсөткөнгө аракет кылып жатышканы ачык эле көрүнүп турду. Маселен теледе, эч кандай мыйзам бузуулар болгон жок, бардыгы мыйзам чегинде өттү деген маалыматтар кетип жатты. Шайлоонун жыйынтыгын кийин уктук да мисалы. 23-июлда деле ошол чыккан жыйынтыкка жараша гана маалыматтар кетип атты. Ал эми чыр-чатак, оппозициянын ойлору сыяктуу маалыматтар эске алынбай, көбүнчө терс окуя катары көрсөтүлүп жатты.

Адистердин айтымында, Кыргызстандагы эң эле бейтарап жана калыс маалымат каражаттары катары – интернеттеги маалымат агенттиктерин, маалыматтык сайттарды атаса болот. Андан тышкары 2-3 эл аралык маалымат каражаттары бар. Бирок Кыргызстанда интернет колдонуучулардын саны төмөн болгондуктан андагы маалыматтар жалпы элдин беш гана пайызына жетет.

Медиа өкүл институтунун директору Бегайым Үсөнованын билдиришинче, шайлоо өнөктүгү маалында эле мамлекеттик маалымат каражаттарында президент жана президенттикке талапкер болгон Курманбек Бакиев тууралуу маалыматтар мурдагыдан өсүп кеткени байкалган болчу. 23-июль күнү деле ал абал өзгөргөн жок:

- Интернеттеги маалыматтар, маалымат агенттиктери тууралуу айта кетсек, шайлоо күнү жалпысынан өлкөдөгү бардык окуялар чагылдырылып жатты. Ал жакта ар тараптуу маалыматтар болгондуктан, биз жер-жерлерде эмне болуп атканын интернеттен билип турдук. Маселен биз шайлоо күнү Балыкчыда кандай чатактар болуп атканын интернет аркылуу билип турдук. Ал эми теледе андай маалыматтар дээрлик кеткен жок.

Медиа тармагындагы адистердин пикиринде, бул жолку шайлоодо бардык талапкерлерге бирдей шарт түзүлбөй калды. Шайлоо учурунда ар бир талапкердин өз программаларын, максаттарын жайылтуу өтө маанилүү болгону менен маалымат каражаттары аркылуу андай иштерди уюштуруу мүмкүнчүлүгү бардык эле талапкерлерге берилген жок.

XS
SM
MD
LG