Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:08

Сойкулук экономиканын "каймагы"


Франция. Париж
Франция. Париж

Испаниянын расмий статистикалык маалыматы боюнча сойкулук жана маңзат соодасынан түшкөн киреше 12 миллиард доллар болуп, өлкөнүн ички дүң өнүмүнүн жалпы суммасына барабар.

Мындай кылмыштуу соода Европа экономикасындагы олуттуу орунду ээлейт дешет серепчилер.

Британиянын Economist журналында чыккан маалыматка ылайык, Европанын көмүскө экономикасынын дээрлик 100 пайызын маңзат, адам сатуу жана аткезчилик менен чылым соодалоо түзүүдө. Испанияда өткөн аптада Улуттук статистика кызматы сойкулук менен маңзаттын соодасынан көмүскө экономика жылына 12 миллиард доллар пайда таап чыкканын жарыялады.

Маңзат соодасынын өлкө экономикасындагы ордун эсептөө үчүн испан бийлиги аткезчилердин колунан кармалган жалпы маңзаттын суммасын чыгарып, ал эми сойкулуктун кирешесин өлкөдөгү жалпы сойкулардын саны менен эсептеп чыккан. Сойкулук Испанияда кылмыш катары каралбайт, бирок сутенорлук сыяктуу иш-чараларды испан бийлиги Жаза кодексине киргизген.

Европанын башка өлкөлөрүндө да кылмыштуу жол менен табылган акча көмүскө экономиканын кирешелүү булагы экени аныкталды. Eurostat агенттигинин маалыматы боюнча Италиянын жалпы ички дүң өнүмүнө 2,4 проценттик киреше сойкулук менен маңзат сатуудан түшүүдө. Германияда 2013-жылдагы маалымат боюнча, жалпы экономиканын үч пайыздык кирешеси, же 61 миллиард доллар так ушул эки кылмыштуу жолдон түшкөн деп жазат The Washington Post гезити.

New York Times басылмасынын маалымдоосу боюнча, Британия бийлиги 2009-жылы кылмыштуу жолдор менен түшкөн кирешенин суммасын 17 миллиард доллар, же жалпы дүң өнүмдүн 0,7 проценти деп белгилеген.

Ал эми Франциянын жалпы дүң өнүмүнүн 3,2 процентине бир жылдык маңзат жана сойкулук соодасы барабар болууда.

Түркиядагы Стамбул техникалык университетинин экономика илимдери боюнча профессору Али Элерендин айтымында, мындай кылмыш жолу менен түшкөн каражаттардын жолун тосуу өтө кыйын. Анткени алардын аркасында мамлекеттик чалгындоо кызматы, ар кандай уюшкан кылмышкерлердин тобу сыяктуу чоң жана кубаттуу күчтөр бар. Сойкулук, маңзат жана курал-жарак соодалоо айрым топтордун жеке эле кылмыш дүйнөсүндө эмес, мамлекеттик деңгээлде да кубаттуу болуусуна алып келүүдө. Буга Түркия аркылуу Европа, Америка өлкөлөрүнө сатылып жаткан маңзатты да мисал келтирди Али Элерен:

- Түркияда дайыма айтылган мындай лакап бар: “Бир килограмм маңзат, бир автобустун баасына барабар”. Эми ушул бир килограмм маңзаттын тонналап сатылып жатканын ойлонуп көргүлө. Саткан киши да, аны сатууга көмөктөшкөн ортомчулар да кыска убакыттын ичинде оңой акча таап, оңой байып жатышат. Түркияда айрыкча, Ооганстан аркылуу келген, Ирандан ташылган жана бизден Европага сатылган маңзат, адам сатуучу чоң эл аралык түйүн бар. Түркия сыяктуу өлкөлөр мындай мыйзамсыз жоосундардын жолун бууганга аракет кылганы менен эч майнап чыкпай жатат. Бирок ушундай соода түйүндүн болуусу өлкөгө артыкчылык да берүүдө. Анткени оңой табылган киреше экономикадагы жетишпестикти, же дефицитти жаба турган маанилүү каржылык элемент болуп саналат.

Экономикадагы мындай акыбалды Бириккен улуттар уюму сыяктуу эл аралык уюмдар жаңы эреже жана мыйзамдар менен токтотууга чакырып келет. Анткен менен азырынча жогоруда айтылган эки кылмыштуу жолдон түшкөн чоң каражаттын жолун тыкыр бууган бир да өлкө каттала элек. Wall Street Journal басылмасында: “Айрым Европа өлкөлөрү ички дүң өнүмүнүн көрсөткүчүн жогору белгилеп, башкалардан өнүгүүсү жакшы болуп жатканын көрсөтүп, мактангысы келет. Мына ушундай учурда алар улуттук экономикадагы дефицитти жана карыздарды сойкулук, маңзат соодасынан түшкөн каражат менен жаап коюшат”, - деп маалымдалды.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG