Линктер

жума, 24-февраль, 2017 Бишкек убактысы 20:58

“Чоң жыйырма” посткризистик экономиканы талкуулайт


Питсбургда саммит алдында коопсуздук чаралары күчөтүлгөн, 23-сентябрь, 2009

Питсбургда саммит алдында коопсуздук чаралары күчөтүлгөн, 23-сентябрь, 2009

Дүйнөдөгү өнүккөн 20 өлкө буга чейинки убадаларына карабай, баары бир өздөрүнүн экономикаларын сырткы атаандаштыктан коргоону токтото элек.

Экономикадагы протекционизм чараларынын кесепети бүгүн АКШнын Питсбург шаарында ачылып жаткан “Чоң жыйырманын” кезектеги жыйынында талкууланчу негизги маселе болуп калышы күтүлүүдө.

Былтыр ноябрда дүйнөнүн 20 бакубат өлкөсүнүн лидерлери эркин соодага эч тоскоолдук кылбайбыз деп убада беришти. Быйыл апрелде Лондондогу жолугушуусунда да “Биз буга чейинки доорлордо протекционисттик кадам менен жасалган каталарды кайталабашыбыз керек” дешкен эле. Глобалдык экономикада кризис башталгандан бери булар ушу убадаларын улам эле кайталап келатышат. Бирок жакында чыгарылган баяндамада айтылгандарга караганда, өздөрүнүн экономикаларын сырткы атаандаштыктан коргоп, протекционисттик кадамдарын токтотпогондордун алдыңкы сабын дагы эле ушул 20 өлкө баштайт экен.

Саймон Евенетт – жогоруда аталган баяндаманын автору – Швейцариядагы ыйык Галлен университетинин профессору, эларалык соода-сатык маселелери боюнча эксперт: “Ар үч күндө эле “Чоң жыйырмага” кирген тигил же бул өлкө былтыр ноябрда, кийин апрелде берген убадасын бузуп жатканын угуп турабыз”.

Анын жетекчилигинде жүргүзүлгөн изилдөөдө дүйнөдөгү соода-сатыктын эркин иштешине каршы колдонулган 190 чектөөнүн түрү сүрөттөлдү. Мында, мисалы, сырттан импорттолчу товарларга салык киргизилген, же алардын саны, көлөмү чектетилген учурлар айтылат. Ушул өңдүү чаралардын 120сы “Чоң жыйырмага” кирген мамлекеттер тарабынан колдонулуптур.

Соңку мисалдардын бири катары АКШ Кытайдан сатып алчу машиненин дөңгөлөктөрүн импорттоого салык киргизгени, ага нааразылык иретинде расмий Бейжин Америкадан сатып алчу тооктун этине чектөө салганы айтылды. Андан сырткары, Орусияда, мисалы, чет-өлкөдөн чыккан кир жуугуч машинелерди импорттоого, “Чоң жыйырмага” кирбеген Украинада болсо чет-мамлекетте жасалган бут кийимди өлкөгө алып келүүгө салык көбөйтүлгөнү келтирилди. Кытайдын өкмөтү жергиликтүү өндүрүшчүлөрдү колдош үчүн алардын товарларына мамлекеттик заказды күчөттү.

Бул мамлекеттер – Евенеттин баяндамасында “эң эле протекционистчил” өлкөлөрдүн катарында турат.

“Орусия өзүнүн экономикасын коргогон 20 эң катаал чараны киргизди, - деп кебин баштады Евенетт. - Украина алар соода кылып аткан бүт товарлардын 60% терс таасирин тийгизген аракеттерге барды. Экономикадагы эң көп секторго таасир эткен өлкө Алжир болду. Кытай 163 мамлекет менен соода-сатыкка чара колдонуп, эң “бейтартип өлкөгө” айланды”.

“Албетте, эларалык трибунада убада айтылганы менен, президенттер өз өлкөсүндө улам күчөп жаткан жумушсуздукту кыскартуу үчүн түрдүү кысымга кабылышы мүмкүн. Бирок протекционизм чыныгы экономикалык катастрофага алып келишин жаадыбыздан чыгарбашыбыз керек”, - деп эскертет Евенетт.

Аздыр-көптүр алыш-бериши бар мамлекеттер эми бири-бирине өчөшүп, өздөрүнүн экономикасын коргош үчүн импортко салыкты көбөйтө берсе, бу акыр аягында 1930-жылдардагы Улуу Депрессиянын абалына жетүү коркунучун жаратаарын экономисттер кризис учурунда улам айтып келишти. Улуу депрессиянын тушунда эларалык соода тармагындагы нук бузулуп, өсүш токтогон, жумушсуздук күчөгөн.

Бүгүн дүйнөлүк экономикада колдонулуп жаткан протекционисттик чаралар бул алкактагы ири проблемага алып келет деп азырынча толук ишеним менен эч ким айтып чыга элек. Ошентсе да, анын кесепети тууралуу Питсбургда ачылып жаткан саммит алдында Дүйнөлүк соода уюму менен Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү уюмунун биргелешкен баяндамасында айтылгандай болду.

Бирок Евенетт “Чоң жыйырманын” бул жолку саммитинде дүйнөлүк лидерлер эми бул чараларга кайтпайбыз деп сөз берген күндө деле эртең эле колдонулушу мүмкүн болгон протекционисттик мүнөздөгү дагы 130 чара турат, дейт.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG