Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:56

Саакашвилиге каршы демонстрация 5 күндөн бери уланууда


Оппозиция тарапкерлери президент Саакашвилинин резиденциясынын жанына чатыр тигишүүдө, 13-апрель 2009

Оппозиция тарапкерлери президент Саакашвилинин резиденциясынын жанына чатыр тигишүүдө, 13-апрель 2009

Тбилисиде Михаил Саакашвилинин президенттиктен кетүүсүн талап кылган митинг уланууда. Оппозиция лидерлери талаптары аткарылмайынча, акцияны токтотпосун айтышууда.

Грузин оппозициясы дүйшөмбү күнү саат үчтө парламенттин алдында Михаил Саакашвилинин бийликтен кетүүсүн талап кылган демонстрацияны кайра улантты. 9-апрелде митинг эми башталганда нааразылык акциясына 60 миңдей адам катышкан.

Маалымат булактарынын кабарлашынча, дүйшөмбү күнкү көчө жүрүшкө 20 миң чамалуу адам чыкты.

Тбилисидеги көчө жүрүштөн бир көрүнүш
Оппозициячыл партиялардын лидерлеринин айтышынча, алар Михаил Саакашвилини президенттиктен кетирмейинче, нааразылык чараларын токтотушпайт. Ошон үчүн, дүйшөмбүдөн тарта президенттин Тбилисидеги резиденциясы алдына 24 саат бою талаптарын кыйкырып турушмакчы.

“Биз жалган президенттин резиденциясына барып, 24 сааттык акцияны баштайбыз. Аерде убактылуу конуш алып, өз талаптарыбызды Саакашвилиге угуза айтабыз”, деп жар салды Консервативдик партиянын теңтөрагасы Каха Кукава дүйшөмбү күнү.
“Биз жалган президенттин резиденциясына барып, 24 сааттык акцияны баштайбыз. Аерде убактылуу конуш алып, өз талаптарыбызды Саакашвилиге угуза айтабыз”. Оппозиция лидерлеринин бири Каха Кукава, 13-апрель, 2009


“Азаттыктын” атайын кабарчысы Марина Вашакмадзенин билдиришинче, дүйшөмбү күнү күн отурганга чукул демонстранттардын чоң тобу президенттин резиденциясынын бет маңдайына барып, Саакашвилинин бийликтен кетүүсүн талап кыла башташты. Алардын экинчи бөлүгү парламенттин имараты алдында калышкан. Саясый ишчарага ондон ашуун партиянын жактоочулары катышууда.

Оппозиция 41 жаштагы Михаил Саакашвилини кезексиз өткөн шайлоодо президенттик мөөнөтүн 2013-жылга чейин узартып, бийликти колуна ашыкча топтоп алды, былтыр августта Россия менен болгон согушта көп жаңылыштыктарды кетирди деп айыптоодо.

Дүйшөмбү күнү бийлик оппозиция менен кандай тил табышуунун биринчи кадамын жасады. Парламент төрагасы Давид Бакрадзе жана Жаза жайлары боюнча министр Дмитрий Шашкин башындагы топ коомдук эксперттер менен кездешип, кризистен чыгуунун жолдорун талкуулашканын Марика Вашакмадзе билдирди:

-Дүйшөмбү күнү бийликтин оппозиция лидерлери менен диалогго барууну каалаганын көрсөткөн алгачкы жышаан болду. Бир нече жайда, анын ичинде Тбилисинин “Шератон-Метехи” мейманканасында парламент төрагасы эксперттер жана коомчулуктун өкүлдөрү менен кездешип, азыркы абалдан кандай чыгуу жөнүндө масилээт курду.

Оппозициялык партиялар бийлик менен диалогго барар-барбасы азырынча белгисиз.




Тасма: Грузиндердин нааразылык жыйыны (14-апрелдеги окуялар)

Президент М. Саакашвилинин кызматтан кетишин талап кылган оппозициялык жыйындар 9-апрелден бери үзгүлтүксүз жүрүүдө. Тбилисиде 2009-жылдын 14-апрелинде демонстрация улантылды.
XS
SM
MD
LG