Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:18

Орусиянын Саратов облусундагы Пугачев шаарчасынын тургундары митингге чыгып, теги түндүк кавказдыктарды региондон кууп чыгууну талап кылышууда.

Толкундоолор 6-июлда 16 жаштагы чечен бала десант Руслан Маржановду өлтүргөндөн кийин башталды. Шаарда бир нече митинг өтүп, алардын катышуучулары Саратов-Самара жолун торошкон.

Курч абалдан улам Пугачев шаарына кошумча полиция киргизилди жана ага кеткен жолдорго тосмо орнотулду.

Тергөө комитетинин өкүлү “Золотая бочка” кафесинде десантты өлтүргөн өспүрүм бир нече ай мурун Пугачев районуна туугандарыныкына келгенин маалымдады. Тергөө комитети Маржанов жана аны өлтүргөн адамдын ортосундагы тирешүү кыздын айынан чыккан жана улут аралык мамилеге байланыштуу эмес экендигине басым жасоодо. Көптөгөн маалыматтарга караганда эки жигит тең мас болчу.

2010-жылы ушул эле кафеде чеченстандык Беслан Мудаев шаар тургуну Николай Вешняковду бычактап өлтүргөн. Мудаев кармалып, 10 жылга кесилген жана Вешняковдун туугандарына жарым миллион рубль төлөгөн.

Өлтүрүлгөн Маржановдун атасы кырсыктын себебин арактан көрөт. Анын айтымында, анын баласы шаардагы бардык улуттар менен жакшы мамиледе болуп, достору да көп эле.

Шаарда азыр спирт ичимдиктерин сатууга тыюу салынды. Өлкө жана шаар бийликтери азырынча окуя кылдаттык менен иликтенерин айтып, шаардыктарды тынчтандырууга аракет жасашты.

Пугачев шаарында 40 000дей адам жашайт. Шаар Түндүк Кавказ, Татарстан жана бир жагынан Казакстан менен чектеш. Шаарда көбүнчө орустар менен катар 3500 татар жана 100гө жакын чечен жашайт.

Орусияда этностор аралык мамилелерди изилдеген “Сова” борборунун аналитиги Вера Альперович мындай окуялар өлкө боюнча ар жерде кайталанып тураарын жана улутчулдар аларды өз максаттары үчүн колдоноорун белгиледи:

- Буга окшогон окуялар айына 2-3 жолу болуп турат. Мен улутчулдардын сайттарына мониторинг жүргүзөм, ошондуктан билем. Улутчулдар мындай окуяларды өткөрүп жибербестен абдан чуу чыгарышат, массалык маалымат каражаттарына жайышат. Алар үчүн улут аралык согуш чыккандай туюлат жана алар андай согушту күтүшөт.

Альперовичтин пикиринде, орус өкмөтү орусиялыктарды бириктире ала турган түшүнүктүү бир идеяны бере алган жок, мына ошондуктан коомдо бөлүнүү бар.

- Ошентип адамдар көнүмүш нерселер аркылуу өздөрүн тааный башташат. Эң башкысы эле - улут. Андан соң ксенофобия механизми иштей баштайт. Айрыкча чакан шаарларда бири-бирин жек көрүү механизми тез ишке кирет.

Орусиядагы акыркы мындай конфликттер Кавказ жана Борбор Азиядагы ар кандай улуттардын катышуусунда өтүп жатат. Акыркы 20 жыл ичиндеги Чеченстандагы эки согуш жана дагы деле уланып келаткан толкундоолор чечендерди Орусиядагы улут аралык тирешүүлөрдүн негизги оюнчуларына айлантты.

Адвокат Абусупьян Гайтаев мындайча түшүндүрөт.

- Бүгүнкү күндө чечендер орус калкынын корголбогон катмары десек болот. Себеби эки согуш калктын чечендерге карата терс мамилесин калыптандырды. Кайсы бир конфликтке чечен катышып калса, бул тирешүү касташуу катары кабыл алынат.

Санкт-Петербургда жайгашкан Этнография институтунун изилдөөчүсү Валентина Узунова Пугачевдогу конфликттин тамырлары алда канча терең экенин айтат. Ал Орусияда муундар, класстар, социалдык топтор аралык ажырымдар көбөйгөнүн баса белгилейт.

- Эмпатия жок. Боорукердик, бирөөгө ишенүү сезимдери жоголгон. Аларсыз адамдык нормалдуу мамилелер бузулат.
  • 16x9 Image

    Аида Касымалиева

    Азаттык+ телепрограммасынын алып баруучусу, продюсери (2005-2009), Москвадагы кабарчысы (2011). 2012-жылы "Москвада калган ый" даректүү тасмасы "Бир дүйнө" кинофестивалында "Ачылыш" наамына татыган. Бишкек гуманитардык университетинин журналистика бөлүмүн 2005-жылы аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG