Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:35

Элдик табып Ашым Зайналиевдин менчик клиникасы жабылат


Ашым Зайналиев.
Ашым Зайналиев.

Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди. Маалыматка караганда, элдик табып Ашым Зайналиевдин Бишкектин Көк-Жар конушунда жайгашкан менчик клиникасы дарыгерлик менен алектенүү үчүн лицензиясы жоктугуна байланыштуу расмий жабылат. Ал эми ал жердеги он алты бейтап Улуттук онкология борборуна которулат. Клиниканы жапкандан кийин министрликтин өкүлдөрү журналисттер үчүн маалымат жыйын курушат.

Ашым Зайналиев рак илдетинен жабыркагандарды өз алдынча дарылап келген. Буга чейин көкүрөк рагы менен ооруган 56 жаштагы аял аталган клиникада көз жумгандан кийин анын кызы Зайналиевди айыптап чыккан.

Зайналиев бейтаптарды дарылоого лицензиясы жана медициналык билими жоктугун мойнуна алган.

Кийинчерээк анын үстүнөн дагы бир жаран арыз менен Саламаттык сактоо министрлигине кайрылган. Укук коргоо органдары Кылмыш кодексинин 122-беренеси (мыйзамсыз дарылоо) боюнча кылмыш ишин козгогон. (NT)

XS
SM
MD
LG