Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:59

Дубайда жоголгон кыргызстандык келин табылды


Алинанын баласы менен түшкөн сүрөтү
Алинанын баласы менен түшкөн сүрөтү

Дубайда жоголгон кыргызстандык Алина Шадыканова табылды. Акыйкатчы институтунун жана Тышкы иштер министрлигинин бирдиктүү аракети менен ал табылган. Учурда аны Кыргызстанга алып келүү аракети жүрүүдө. Бул тууралуу акыйкатчынын басма сөз кызматы кабарлады.

Үч балалуу Алина Шадыканова Бириккен Араб эмирликтеринин Дубай шаарына иштегени барган. Аны чакыргандар сексуалдык кулчулукка мажбурлаган. Андан баш тартканы үчүн токмоктолгону тууралуу апасына телефон чалып айткан. Апасы 29-декабрда акыйкатчыга кайрылган.

Издөө иштерине эл аралык уюмдар да тартылды. Швейцариялык фонддун өкүлү Алина миграциялык түрмөдө экенин тактаган. (SE)

XS
SM
MD
LG