Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:06

Путин Орусияда туруктуулук дале бекем эмес деди


Орусиянын премьер-министри Владимир Путин өлкөдөгү туруктуулук дагы эле бекем эмес экенин, “бир-эки натуура кадам кайра баарын 1990-жылдардагы башаламан абалга түшүрүп коюшу ажеп эместигин” айтты.

"Мен өлкөдөгү абал дагы начарлап кетпейт деп айткандан өтө этият болмокмун, - деди. - Бир-эки эле жаңылыш кадам жасап алсаң, буга чейин жетишкен бүт ийгиликтерди жууп кетет. Ойлонгонго да убакыт таппай каласың".

Ал келерки жылкы президенттик шайлоого катышаарын жарыялагандан бери алгачкы жолу кечээ Орусиянын үч негизги телеканалы менен маектешкен.

Путин өзүн экинчи дүйнөлүк согуштан берки Орусиянын “эң эле катуу иштеген” лидери деп сыпаттады. Анын айтымында, андан берки лидерлер же ден-соолугу начар болгон, же өлкөнү Путин башкара алган деңгээлде өнүктүрүүгө “каалоосу болгон эмес”.

Президенттикке эмне үчүн барып жатканын чечмелеп, азыркы премьер “муну жөнөкөй элдин каалоосу” деп атады.

XS
SM
MD
LG