Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:26

Путин Өзбекстандын карызын кечмей болду


Путиндин Өзбекстанга сапары учурунда Каримов менен жолугушуусу. 10-декабрь, 2014-жыл

Путиндин Өзбекстанга сапары учурунда Каримов менен жолугушуусу. 10-декабрь, 2014-жыл

Орусия Өзбекстандын 860 млн. доллардан ашык карызын кечет. Кремл мындай кадамга президент Путиндин 10-декабрдагы Ташкенттеги сапары учурунда барды.

Андан тышкары эки мамлекеттин 2015-2019-жылдардагы экономикалык кызматташуусун өнүктүрүү жана тереңдетүү жөнүндө келишимге кол коюлду. Кээ бир серепчилер Москваны Өзбекстан менен мамилени чыңдоого Батыш өлкөлөрү Орусияга жарыялаган санкциялар мажбурлоодо дешет.

Ташкенттин Москва алдындагы жалпы карызы 890 млн. доллар болчу. Анын 500 миллиону негизги карыз, калган 365 миллиону тээ Борис Ельцин президент кезден төлөнбөгөн карыздын үстөк пайызы. Эки тарап 10-декабрда макулдашкандай, бул сумманын 25 миллионун Ташкент төлөйт. Ал эми 500 млн. доллар негизги карыз, Орусиянын финансы министри Антон Силуанов айткандай, Өзбекстан мамлекетинин борчун жеңилдетүүгө кетет же кечилет.

Москва, Кремл

Москва, Кремл

Кремл маалымдаганга караганда, Владимир Путин менен Ислам Каримов Ташкентте оболу жекеме жеке сүйлөшүп, кийин кездешүү кеңири форматта өттү.

Президент Каримов Орусияны Борбор Азияда бейкуттуктун фактору деп атап, айрыкча экстремизм жана диний радикализмдин чөлкөмгө болгон коркунучуна көңүл бурду:

- Жакында Эл аралык тынчтык күчтөрү чыгып кеткенден кийин Ооганстанда түзүлчү белгисиз жагдай, терроризмдин жана маң аткезчилигинин күчөөсү, өзгөчө, Борбор Азиядан сырт жактардагы согушчул экстремизмдин жана диний радикализмдин жылжыма экспансиясы жараткан олуттуу коркунучтар аябай тынчсыздандырууда.

Каримов Шанхай кызматташуу уюмунун 12-сентябрда Дүйшөмбүдө өткөн жыйыны учурундагы сыяктуу эле азыркы шартта жалган түшүнүккө азгырылбас үчүн Путин менен көз караштарды аныкташып туруусу керек экенин да белгиледи.

Президент Путин Өзбекстанда чукул арада парламенттик, анан президенттик шайлоо болоорун эске салып, эки саясий өнөктүктө Каримовго ийгилик каалады. Жана эки арадагы мамилеге токтолуп:

- Биз өз ара мамилени негизги документтерге ылайык түзөбүз. Анын бири - союздаштык алака жөнүндөгү келишим. Бул сөзгө чоң маани беребиз, - деди Путин.

Путиндин сапары учурунда Ташкенттин 0,5 млрд. доллар карызын кечүүдөн башка эки мамлекеттин 2015-19-жылдардагы экономикалык кызматташуусун өнүктүрүү жана тереңдетүү жөнүндө келишимге кол коюлду. Бул документ Өзбекстандын айыл чарба азыктарын Орусияга сатууну көбөйтүүгө жана “Лукойл” компаниясы тарабынан Бухара облусундагы Кандым газ кенин өздөштүрүүгө болочокто 5 млрд. доллар салууга жол ачат. Болочокто кен толук ишке кирсе, Каримовдун айтымында, жылына 8 млрд. кубометр газ өндүрүлөт.

Өзбекстандан алынчу жашылча жана мөмө жемиштери Евробиримдик, АКШ жана башка Батыш өлкөлөрү Орусияга жарыялаган санкцияга байланыштуу ички базарда пайда болгон тартыштыкты жапканга керек.

Санкция Орусия Крымды аннексиялап, Украинанын чыгышындагы жикчилдерди колдогонуна жооп ирети киргизилген. Москва да Батыш азыктарын экспорттоону кыскарткан.

Москвалык эксперт Виктория Панфилованын баамында, Ташкент кездешүүсүнүн негизги жыйынтыгы – бул Орусия-Өзбекстан мамилеси ырааттуу өнүгүп жатканын тастыктоо болду:

- Негизгиси, байкоочулар боолгологонго карабай, эки өлкө өз ара жакшы мамиледе экенин жана алакалары эч качан бузулбаганын ырасташты. Өзбекстандын тышкы соодасынын 25 проценти Орусияга туура келет. Өзбекстан да Орусиянын ири өнөктөштөрүнүн бири. Мына ушул нерсе жана алардын постсоветтик мейкиндиктеги өз ара кызматташууну тастыкташканы маанилүү деп ойлом.

Былтыр эки өлкө 4 млрд. долларга соода кылган. Быйыл тогуз айда өз ара соода 9, 4 процентке өскөн.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG