Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:31

Обама менен Путиндин дүйнө күткөн жолугушуусу


Барак Обама жана Владимир Путин. Франция, 2014
Барак Обама жана Владимир Путин. Франция, 2014

АКШ жана Орусия президенттери бүгүн БУУнун Башкы ассамблеясынын Нью-Йорктогу жыйынынан тышкары маалда кездешет деп мерчемделүүдө. Жолугушуу Бишкек убактысы боюнча кечки саат 10до болот.

Барак Обама жана Владимир Путин акыркы жолу эки жыл илгери кездешкен. Бүгүнкү сүйлөшүүдөгү башкы тема Москванын Сириядагы аскерлерин кубаттандыруусу жана Украинадагы кризис болору айтылууда.

Барак Обама жана Владимир Путиндин кездешүүсү курч жагдайда өтөт деп болгоонууда. Американын "Ассошэйтед пресс" агенттигинин билдиришинче, Орусиянын Сириядагы акыркы аскерий активдүүлүгүнө жана Украина кризисиндеги ордуна байланыштуу карама-каршылыктардан улам тараптар жолугушууда эки лидер сүйлөшчү маселени макулдаша алган эмес.

Ак үй сүйлөшүүдө Украина маселесине көңүл бурулат деп билдирсе, Кремл Сириядагы кырдаал менен “Ислам мамлекети” радикалдык уюмуна каршы салгылашуу жолугушууда талкууланат деп ырастоодо. Деген менен АКШ тарап Обама жана Путин Нью-Йоркто жолукканын оң деп табышты. “Диалогго умтулуу башынан эле президент Обаманын тышкы саясатынын өзгөчөлүгү болчу”,-деп түшүндүрдү АКШнын БУУдагы өкүлү Саманта Пауэр 27-сентябрда Ей-Би-Си (АВС) телеканалына курган маегинде. Ошондуктан Обама Путиндин Нью-Йоркко келгенинен пайдаланып, Сирия жана Украинадагы кризисти басуу мүмкүнчүлүгүн аныктоого аракет кылайын деп чечкен.

Былтыр Москва Крымды аннексиялап, Украинанын чыгышындагы жикчилдерди колдой баштагандан кийин АКШ жана Батыш мамлекеттери Орусияга каршы санкция жарыялагандан бери Обама менен Путин жолукпай калган.

Украиналык аскерлер Мариуполь шаарынын жанындагы полигондо машыгуу өткөрүүдө. 22-сентябрь 2015
Украиналык аскерлер Мариуполь шаарынын жанындагы полигондо машыгуу өткөрүүдө. 22-сентябрь 2015

АКШ жана Орусия лидерлери бүгүн жүзмө-жүз жолукканга чейин Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын минбарынан дүйнө коомчулугуна кайрылышат. Обама Сириядагы жарандык согушту саясый жол менен жөнгө салууга, анын ичинде Башар Асаддын президенттиктен кетүүсүнүн зарылдыгы жөнүндө сүйлөйт деп боолгонууда. Ал качкындардын көйгөйлөрүнө БУУнун Башкы ассамблеясынын алкагында өткөн глоаблдык саммиттеги сөзүндө көңүл бурду.

- Бүгүн өз үйлөрүн аргасыз таштап кеткен 60 миллионго жакын эркек, аял жана бала бар. Алардын көбү Жакынкы Чыгыштагы жана Африкадагы жаңжалдардын кесепетинен ушундайга барды. Мүмкүнчүлүгү бар өлкөлөр качкындарды кабыл алуу үчүн дагы көп иштерди жасашы абзел. Бирок бул кадамдар коомду ыдыраткан чатактарды басууга багытталган дипломаттык майдандагы аракеттер менен айкалышы керек.

Көтөрүлүшчүлөрдүн ээлигиндеги Машад району Сирия армиясынын чабуулунан кийин. Алеппо шаары, 17-сентябрь 2015.
Көтөрүлүшчүлөрдүн ээлигиндеги Машад району Сирия армиясынын чабуулунан кийин. Алеппо шаары, 17-сентябрь 2015.

Барак Обама жана Владимир Путин эки жыл мурда Санкт-Петербургдагы саммит учурунда жолугушканда негизинен Сириядагы кырдаал жөнүндө сүйлөшкөн. Андан бери Москва Сирия боюнча саясатын өзгөрткөн эмес. Ал тууралуу Путин Нью-Йорк сапары алдында Си-Би-Ес (СВS) телеканалына курган маегинде белгиледи:

- Сиз туура айтасыз, биз Сириянын мыйзамдуу өкмөтүн колдойбуз. Менин терең ишенимимде, мыйзамдуу өкмөттү кыйратууга багытталган ар кандай аракеттер, сиз көрүп жаткандай, региондогу башка өлкөлөрдө же башка региондордо, айтсак, Ливиядагыдай бардык мамлекеттик мекемелер бүлүнүп кеткен кырдаалды жаратат. Биз Иракта дагы ошондой абалды көрүп жатабыз. Сирия кризисинде эффективдүү өкмөттүк түзүмдөрдү чыңдагандан жана аларга терроризмге каршы күрөшкөнгө көмөктөшүүдөн, аларды оппозициянын байистүү бөлүгү менен диалогго жана реформа өткөрүүгө шыктандыруудан башка жол жок.

Соңку окуяларга караганда, Москва менен Вашингтондун Сирия маселесинде жалпы бир көз карашка келишери күмөндүү. Орусия Сириядагы АКШ баштаган эл аралык коалицияга кошулбасын ачык эле айткан. Вашингтон Орусиянын Сириядагы аскерий базасын кеңейтип, Латакияга кошумча аскерий адистерди жөнөтүүсү, өлкөдөгү кризистин себепчиси Асадды колдоо деп баалайт. Москва өткөн аптада Сирия, Иран, Ирак менен чогуу “Ислам мамлекети” террордук тобуна каршы бирге күрөшүү үчүн Багдадда маалымат борборун да ачкан.

XS
SM
MD
LG