Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:19

Сырттан кадыр-барк издеген Путин


Орусия президенти Владимир Путин Кремлде. 12-декабрь, 2013.

Орусия президенти Владимир Путин Кремлде. 12-декабрь, 2013.

Өтүп бараткан 2013-жыл президент Путин үчүн ыкыбалдуу болду. Forbes журналы Владимир Путинди дүйнөнүн эң күчтүү инсаны деп жарыялады.

Анын эл аралык майдандагы таасиринин өсүшүнө Сирияга чет элдик күчтөрдүн басып кирүүсүн токтотуудагы ролу, АКШнын коопсуздук кызматынын мурдакы кызматкери Эдвард Сноудендин Орусиядан баш паанек табуусу, Армения менен Украинанын Евробиримдик менен саясый-экономикалык жакындашуу ыкласынан баш тартканы өбөлгө түздү.

АКШ Мамкатчысы Жон Керри сентябрдагы пресс-конференцияда Сирия президенти Башар Асад бардык химиялык куралдарынан баш тартса, чет элдик интервенцияны болтура албайт деген ойдун учун чыгарды. Ошол эле күнү президент Путин дипломаттык демилгени илип алып, эски союздашын АКШнын сунушун аткаруу үчүн баарын жасоого үндөдү.

- Айрым басылмалар "Путин Керринин жаңылыштыгын пайдаланып кетти” деп түз эле жазышты. Ошону менен Путин талдоочулар баамдагандай, Жакынкы Чыгышта дагы бир коогалаңды чыгарбоого салым кошуп, согушчул Вашингтондун көлөкөсүнөн тынчтыктын кептери сыңары атып чыкты. Сирия демилгеси Орусиянын тышкы саясаты үчүн жыл ичиндеги өтө маанилүү окуя. Орусия албетте, макамга ээ болду. Ал бүгүн Жакынкы Чыгыштагы маанилүү державалардын бири, - дейт Кошмо Штаттардагы Сан Франциско университетинин профессору Андрей Цыганков.

АКШнын Улуттук коопсуздук агенттигинин мурдакы консультанты Эдвард Сноудендин июлда ара жолдон бура тартып, Орусиядан жабыт тапканы да Путинге аброй берди. Качкын Американын дүйнөнүн чар тарабында телефон сүйлөшүүлөрүн тыңшаганын ашкере кылып, Вашингтондун абийирин төккөн.

The Economist журналынын редактору Эдвард Лукастын байкашынча, Москва Сноудендин окуясын Вашингтон менен Европанын ортосуна шынаа кагуу үчүн ийгиликтүү пайдаланды:

- Мунун баары Кремлдин чырагына май тамызды, - дейт Э. Лукас. - Батыш сүйлөгөнү гана болбосо, адам укуктарын такыр ойлошпойт, Федералдык коопсуздук бюросу менен Улуттук коопсуздук агенттиги ортосундагы айрыманы көрдүңөрбү? Сыягы Кремль ушинтип, Батышка өзүңөрдү карагыла, өзүңөрдү ойлогула, деп каңкуулап жатты. Менимче, бул жосун дагы узакка созулат.

Сноуденге баш паанек берип, Вашингтондун шагын сындыруу Кремль үчүн өтө зарурат эле. Анткени адвокат Сергей Магницкийдин абакта кароосуз калып өлгөнүнө байланыштуу жыл башында АКШ анын өлүмүнө кызматтык тиешеси бар орусиялык мартабалуу чиновниктерге санкция жарыялаган. Анан көп өтпөй Орус өкмөтү жетим балдарды америкалыктардын асырап алышына тыйуу салганда, эл аралык коомчулукка Путин өч алуу үчүн балдарды курмандыкка чалды дегендей туйулган.

Сентябрда Армения Евробиримдик менен Ассоциациялык келишимге кол коюу боюнча мурдакы мерчеминен баш тартканы, ноябрда Украинанын да ушундай кадамга баруусу Орусиянын тышкы саясатта уткан упайын көбөйттү. Себеби эки өлкө тең Москванын ачыктан ачык опузасы жана кысымы астында ушундай кадамга барды.

Нью-Йорк университетинин профессору Марк Галеоттинин айтышынча, Кремль мунай жана газды Батыштын “акылдуу күч” деп аталган алдыңкы технологиясына жана демократиялык дөөлөттөрүнө каршы узак мезгил пайдалана албайт:

- Бул нерселердин баары ырааттуу иштетилип туруш керек экени талашкыс чындык. Булар “акылдуу күч” эмес. Булар Украинаны табигый түрдө Европа Биримдигиндеги экономикалык, социалдык, саясый, а түгүл моралдык артыкчылыктарга умтултчу нерсе эмес. Орусиянын мунайы жана газы дайыма корголуп турушу, кору тастыкталып турушу абзел. Мунай-газ, албетте азайуучу, колдон түшчү курал деп ойлойм.

Саясат изилдөөчү Цыганковдун оюнча, Путин 2014-жылы бардык чылбыры колуна байланган улуттук экономика жана саясый система тууралуу кам көрүшү шарт:

- Ички иштерге кайрылсак, Орусия тезирээк экономиканы өзгөртүшү зарыл. Себеби ушу тапта өсүш 1, 5 процентке барабар. Бул тышкы чакырыктарга, анын ичинде Кытайдын өсүп бараткан кубатына каршы турганга жетишсиз. Орусиянын саясый системасы да толук бойдон дымыган абалда турат. Чечүүчү маселелер көп. Өкмөт талаптагыдай иштебей жатат.

Президент Путин быйыл жыл бою эл аралык кабарларда башкы тема болгону менен, серепчилер Кремлдин кожоюнун тышкы саясаттагы тактикалык жеңиштери Москвага стратегиялык жактан узак мөөнөттүк пайда алып келерине көп деле ишене беришпейт. Алардын бири, Нью-Йорк университетинин профессору Марк Галеотти асыресе саясый лидерлер өлкө ичинде жоготкон кадыр-баркын сырттан издешет дейт:

- Саясый лидерлер өлкө ичиндеги иштерде өзүн чабал, күчсүз сезген учурда, тышкы саясатка ыктай баштайт. Азыр дал ошондой болууда деп ойлойм. Путин сыртта ийгиликке жеткендей көрүнгөнү менен, анын ички саясатка этибар бербей чанып жатканы чындык. Анда оппозиция менен кантип иштешкендин, Орусиянын үстүндө мунарыктаган узак мөөнөттүк экономикалык проблемаларды кантип жөндөөнүн стратегиясы жок.

Эгер Украинадагы соңку саясый кырдаалды эске алсак, Киев келерки жылы- Москва улам жадына салган пайдага карабай, көптөр тилеген саясый-экономикалык келишимге Евробиримдик менен кол коюшу ажап эмес.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG