Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:37

РОССИЯДА ЖАҢЫ ПРЕЗИДЕНТ ШАЙЛАНДЫ


Россияда жекшемби күнкү шайлоонун алгачкы жыйынтыктары жарыяланды. Дмитрий Медведев 70 проценттен саал ашык добуш алды. Анын эки атаандашы сотко арызданарын айтышууда. Оппозициялык айрым кыймылдар бүгүн нааразылык демонстрацияларын өткөргөнү жатышат. Еврокеңештин парламенттик ассамблеясынын байкоочулар тобу кечээки шайлоону референдумга теңештирди.

Кечээ добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын 70 проценттен ашыгы Дмитрий Медведевди колдошту, коммунисттердин жетекчиси Геннадий Зюганов - 17, ЛДПРдин лидери Владимир Жириновский - 9, ал эми демпартиянын башчысы Андрей Богданов 1 проценттей добуш алышты. Бирок шайлоонун жеңүүчүсү деп Жириновский өзүн атады, Зюганов болсо “өлкөнү бийликтер кайрадан карактап алганын” белгиледи.

КМШнын байкоочулары президенттик шайлоодон эч кандай деле олуттуу кынтык көрө алышкан жок. Ал эми Европа кеңешинин парламенттик ассамблеясынын миссия башчысы Андреас Гросс 2-марттагы шайлоону плебисцит катары мүнөздөдү. Анда өлкөнүн соңку сегиз жылдагы турмушуна шайлоочулар колдоо көрсөттү, андыктан жаңы президент көпчүлүк калктын мандатына ээ болду. “Шайлоонун жыйынтыктары элдин эркин туюнтту,бирок демократиялык көрөңгө толук ишке ашкан жок”, - деп айтты ПАСЕлик байкоочулардын башчысы.

Россиядагы шайлоо Батыш басылмаларында да сынга алынды. Британдык The Daily Telegraph Путиндин мураскору постсоветтик Россиянын тарыхындагы эң тенденциялуу шайлоодо жеңип чыкканын белгилеп, анын атаандаштарын “жолу жок” талапкерлер деп атады.

Россиянын өзүндө оппозициялык айрым кыймылдар нааразылык демонстрацияларын өткөргөнү жатышат. Кечээ түнү Санкт-Петербургда “Яблоко” партиясынын жергиликтүү лидери кармалды.

Жаңы шайланган президент 7-майда ант берип, ырасмий түрдө кызматына киришет. Дмитрий Медведев бул мөөнөттү келечектеги аткаруу бийлигинин сомолосун түзүү максатында пайдалана турганын билдирди. “Муну мен өкмөттүн болочоктогу премьер-министри Владимир Путин менен биргелешип жасаганы жатам”, - деп айтты ал.

Президент Путин өз кезегинде саясий мураскерин жеңиши менен куттуктап,акыркы сегиз жылда түптөлгөн өлкөнүн өнүгүү багыты жана саясаты улантыларына шайлоочуларды бекем ишендирди. Анын сөзүн бышыктап, Медведев өз тарапкерлери өлкөдөгү “жалпы калктын үчтөн экисин түзөрүн, демек,президент Путин сунуш кылган багытты сактап калганга толук мүмкүнчүлүк бар экенин” белгиледи.

XS
SM
MD
LG