Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:09

Орусияда Владимир Путин үчүнчү жолу президенттик шайлоону утту. “Ал үчүн кыйын учур эми башталат”, - дешет аналитиктер. Анткени анын үчүнчү жолку президенттиги өлкөдө нааразылык толкуну күчөгөн, элита бөлүнүп-жарылган, экономика реформага өтө муктаж болуп турган учурда башталууда.

Премьер-министр Владимир Путин жекшембиде шайлоого катышканы добушканага барганда бюллетенди кокусунан колунан түшүрүп жиберди.

Муну театралдаштырылган флеш-моб дейсизби, наарзылыкты көрсөтүүнүн оригиналдуу жолу дейсизби, айтор, шоу Путин добушун берип бүтүп, участоктон кеткенден кийин башталды. Ал жерге Украинадагы аялдардын укугун коргогон “Фемен” уюмунун кыздары келип, кийимин шыпырып салып, жылаңач көкүрөгүндө “Путин – ууру” деген жазууларды көрсөтө үкөктү оодарганга аракет кылышты. Аларды заматта полиция кармап кетти...

Орусияда үчүнчү ирет президенттик шайлоодо уткан Владимир Путин үчүн бул намыска тийген анча деле катуу сокку болбосо керек. Кантсе да ал шайлоонун биринчи айлампасында эле атаандаштарын чоң айырма менен жеңип жатпайбы!

Өзгөргөн образ

Путиндин оппоненттери менен көз карандысыз байкоочулар бул жолку шайлоо көз боёмочулуктар менен өткөнүн айтышты. Ошол эле кезде Путиндин буга чейинки президенттигинин эки жолку мөөнөтүндөгү өзгөчө ишенимдүүлүк, сөзү эки болбой тургандай үстөмдүгү жоголо баштаганы да кеңири оозго алынууда.

Орусиядагы кырдаалга көптөн бери көз салып келаткан профессор Николас Гвоздев - АКШдагы деңиз аскер флотунун коллежинде эл аралык коопсуздук боюнча адис. Анын айтымында, Путин шайлоону утканы менен мурдагыдай абройго ээ болбойт.

Манежная аянтында Путинди колдоочулардын жыйыны өттү, Москва, 4-март, 2012

Манежная аянтында Путинди колдоочулардын жыйыны өттү, Москва, 4-март, 2012

“Буга чейин баары айтып жатышкандай эле, Путин кайрадан президенттикти утту. Бирок бул мурдагы эки жолку президенттиги учурундагы урмат-сый, абройду да утту дегенди билдирбейт”, - дейт Гвоздев.

Аналитиктер Путиндин 1990-жылдардагы башаламандыктан кийин өлкөнү сактап калган күчтүү лидер катары бийликке келгенин эстеп, бүгүн ал ошондогусунан кескин айырмаланаарын, азыр алсыз фигура катары тааныла баштаганын айтышат.

Бүгүн Путин ортоңку класс анын жеңишин легитимсиз деп билип, нааразылыгын ачык билдире баштаган, саясий табити бөлүнгөн мамлекетти башкарышы керек болот. Бүгүн Путин зарыл реформалар, экономиканын, саясий системанын модернизациясы боюнча бири-биринин тилин укпай, ортосунда ажырым кеңейген элита менен иштешиши керек.

Британиядагы "The Economist" басылмасынын узактан берки кабарчысы, Орусияда соңку 10 жылдыктагы саясий режим жөнүндө бир нече китептин автору Эдвард Лукас бул жолу шайлоо өнөктүгү учурунда Путин иши кылып эле жеңиш үчүн, керек болсо, орус экономикасы көтөрө алгыс чыгымдарга тете убадаларды берип салганын белгиледи.

“Менимче, Путин бул күрөштү утту, бирок согушта жеңилип калды, - деп ишенет Лукас. - Мунун эки башка жөнү бар: Биринчиден, ал өнөктүк учурунда берген убадаларды аткарыш мүмкүн эмес. Мунайдын баасы баррелине 110 доллар болуп турган чакта ал берген убадаларын аткара албайт, демек, муну менен өзүнүн колдоочуларынын көңүлүн калтырат. Экинчиден, ал Орусияда модернизация, саясий плюрализм болушун жактаган демонстранттардын купулуна баары бир толбойт”.

Тайгак жол

Орус элитасында бүгүн (мурдагы каржы министри Алексей Кудрин сыяктуу) экономика мунай менен газдан түшкөн акчага эле байланбай, өз алдынча өнүгүшү үчүн реформага муктаж экенин, саясатта ачыктык болушун жактагандар бар.

Ошол эле маалда айтылган реформалар эң оболу айтылуу “силовиктердин”, орус жетекчилигинде Путинге жакын күч кызматтардын таасирдүү өкүлдөрүнүн кызыкчылыгына коркунуч келтирет. Айталы, тышкы иштер министринин орун басары Игорь Сечин өңдүү таасирдүү фигуралар энергетика секторунда кызыкчылыгын коргош үчүн бул өңдүү реформаларга баргысы жок.

Анын үстүнө, айтылган реформалардын ишке ашышы Путиндин айланасындагы жакын санаалаштарына коррупция, буюртма адам өлтүрүүлөр боюнча көптөгөн жагымсыз суроолордун жаралашынын шартташы толук мүмкүн.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG